Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:25

Өлкө түштүгүндөгү калаба учурунда стратегиялык жайлардын коопсуздугу боюнча да тынчсыздануулар болбой койгон жок. Туруксуз кырдаалга байланыштуу ири суу сактагычтар жана ГЭСтер күчөтүлгөн кайтарууга алынды.

Түштүктөгү баш-аламандыктар учурунда өлкөдөгү ири ГЭС жана суу сактагычтардын, дегеле энергетикалык объектилердин коопсуздугу да көнүл борборунда турду. Энергетика министринин милдетин аткаруучу Осмонбек Артыкбаев тополоң күндөрү электр кубатын өткөрүүчү жана бөлүштүрүүчү жабдуулар да кол салууларга кабылганын 30-июндагы маалымат жыйынында ачыктады. Ал жергиликтүү энергетиктер оор кырдаалдарда өлкөдө электр тогун берүүнү үзгүлтүккө учуратпай, тынымсыз иштегенин эрдикке тете иш катары белгиледи:
Осмон Артыкбаев маалымат жыйынында, 30-июнь.

- Болуп жаткан окуялардын так ортосунда болуп, кыйынчылыкка карабай, өмүрлөрүн коркунучка салып, электр энергияны, газды берип турушту. Кээ бирлери аларды алмаштыра турган адистер бара албай калгандыктан төрт-беш күнгө чейин иш орундарында калып иштешти. Арасында жарадар болгондору да бар. Ошол окуяларда энергетика тармагы кириптер болгон чыгымдарды да аныктап жатабыз. Кыйроолордон келтирилген зыяндар газ боюнча 17-20 миллион сомдун тегерегинде, электр тармагы боюнча жыйырма миллиондон отуз миллион сомго чейин барат.

Буга чейин өткөөл мезгилдин Президенти Роза Отунбаева стратегиялык маанидеги объектилерди кайтарууну күчөтүү маселесин көтөргөн болчу. Мында негизинен орусиялык тараптан объектилерди жогорку деңгээлде кайтаруу иштерине аскердик жардам көрсөтүү жагы суралган. Бирок андан кийин Орусия жетекчилиги тарабынан кандай жооп болгону белгисиз бойдон калды.

Осмонбек Артыкбаевдин айтымында, учурда ГЭСтер, суу сактагычтар жана электр таратуучу тармактарды кайтаруу мамлекеттин өздүк күчтөрү аркылуу гана жүргүзүлүп жатат.
Токтогул ГЭСи

- ИИМдин ички аскерлери тарабынан кошумча күчтөр тартылып, стратегиялык объектилер катуу көзөмөлдө кайтарылып жатат. Орусиядан да атайын аскердик кеңешчилер келип, кайтарууну күчөтүү маселелери боюнча иштерди макулдаштык. Бирок азыр алардын күчү бизге кереги жок болуп турат. Өтө эле керек болгондо биз алардан кошумча жардамды дагы бир жолу сурамакпыз. Ошондуктан азырынча өзүбүздүн эле күчтөрүбүз жетиштүү экендигине ынанып турабыз.

Ошол эле учурда бир катар талдоочулар эгерде реалдуу коркунуч болуп калса Токтогул ГЭСи сыяктуу ири стратегиялык маанидеги объектилерди кайтарууга Кыргызстандын толук күчү жетпейт деп эсептешет. Маселен коопсуздук маселелери боюнча серепчи Токтогул Какчекеевдин пикиринде, кайтарууну талаптагыдай күчөтүү үчүн жогорку кесиптик деңгээлде даярдалган орусиялык аскер күчтөрүн жардамга чакыруу зарыл:

Токтогул Какчекеев "Азаттыктын" студиясында, 2009-жылдын 18-январы.
- Мына ошол ГЭСтерди кайтарыш үчүн болбоду дегенде эки бригада ички аскерлер керек. Ал жерде жалаң адам ресурсу эле эмес, аскердик казарма, байкоого алуучу жана көзөмөлдөөчү аскердик техникалык жабдуулар зарыл. Абадан сокку уруучу учактарга каршылык көрсөтүүчү заманбап зениттик система керек. Мындай кайтаруу жолго коюлбаса, Токтогул суу сактагычын жардыруу коркунучу пайда боло турган шартта башканы кой, Ташкендин үстүнөн жыйырма метрлик суу жайпап өтөт. Бул атайын адистердин изилдөөсү. Ошондуктан мындай коркунучтун алдын-алууга жөндөмдүү Орусиянын ички аскерлеринен гана колдоо сурашыбыз зарыл.


Анткен менен мындай божомолдорду айрым талдоочулар өтө эле аша чапкандык катары баалашат. Мындай көз караштагы талдоочулардын баамында, ар кандай коркунучту шылтоолоп, сырттан аскер күчүн алып кирүүгө өбөлгө түзүү аракети эгемендикке чыккынчылык кылганга барабар иш.

Марат Казакпаев
- Сырттан такыр эле аскер алып кирбеш керек, Орусияданбы же башка жактан болобу. Негизи бул ойду, бул демилгени ким айтып жаткан болсо аны чыныгы чыккынчылык деп эсептейм. Биз өзүбүздүн объектилерди өзүбүз караганга күчүбүз да, ресурсубуз да жетишет. Сырттан аскер алып келүү идеясы учурда эгемендикке каршы саясат экендигин көпчүлүк эми гана түшүнө баштады,-
деген оюн билдирди саясат талдоочу Марат Казакпаев.

Бирок айрым булактардын маалыматына караганда, өлкөнүн түштүгүндөгү окуялардан кийин Өзбекстан жетекчилиги Кыргызстандын аймагындагы суу сактагычтардын коопсуздугуна кабатыр болуп жаткандыгы белгиленген.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG