Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:56

ТИМ: Анталиядагы жардырууда кыргызстандыктар жабыркаган жок


Анталияда туристтик жайлар жайгашкан жээктер
Анталияда туристтик жайлар жайгашкан жээктер

Түркиянын Анталия шаарындагы жардырууда жабыркагандар арасында алдын ала маалыматтарга ылайык кыргызстандыктар жок. Тактоо иштери уланууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматтарга караганда жардыруу шейшемби күнү Соода-өнөр жай палатасынын автоунаа токтоочу жайында болду. Андан бир топ киши жараат алган.

Түркиянын ири шаарларында соңку кездерде улам жардыруулар болду. Алардын айрымдарына бийлик “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун жоочуларын, кээ бирлерине күрт согушкерлерин айыптап келет. (SE)

XS
SM
MD
LG