Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:06

Оштун айрым аймактарында кырдаал курч бойдон


Оштон чыгарылып бараткан жаш балдар, 17-июнь.
Оштон чыгарылып бараткан жаш балдар, 17-июнь.

Айрым укук коргоочулар Оштун Он-Адыр, Шарк, Шейит-Дөбө айылдарында абал дале чыңалган бойдон турганын айтышууда. Ошто жүргөн кабарчыбыз Жанарбек Акаев соңку кырдаал тууралуу суроолорго жооп берди.

- Оштогу кырдаал боюнча малымат бере кетсең. Укук коргоочулар айтып жаткан айылдарда абал чындап оорбу?

- Туура эле. Сиз айткан Он-Адыр өндүү бир топ айылдарда кыргыздарды барымтага алып алган учурлар болуп атат. Жакындары барымтада калган адамдардын тобу бүгун облустук администрациянын маңдайында чуу салышты. Оштун Калинин көчөсүндө да бүгүн бир топ атышуу катталганы айтылууда. Негизинен абал туруктуу эмес. Адамдар дагы эле көчөдө эркин басып жүрө алышпайт.

- Укук коргоочулар айтып атышат, кыргыз улутундагы атуулдардан турган аскер топторун көрүп чочуган өзбек улутундагылар ар кандай чагымчыл иштерге барууда деп. Сен жеринде жүрөсүң, байкооң кандай?

- Албетте. Өзбек маалелеринде кыргыз аскерлерине ишеним жок. Мен бүгүн өзбек айылдарында жашаган бир катар досторум менен телефон аркылуу сүйлөштүм. Аларда бизди дагы атышат деген бир топ чочулоолор бар экен. Ошондуктан алар өрттөлгөн машине, кыйылган дарактар менен бекинишип, эч кимди киргизбей жатышат. Кыргыздарды барымтага алуу аракеттери байкалууда.

- Коменданттык сааттын күчү кандай болуп атат?

- Кечээ коменданттык сааттын күчү болбой жатканын айткан элем. Бирок бүгүн коменданттык саат күчүнө кирди. Саат алтыдан кийин көчөгө чыккан атуулдардын колдорун кайрып алып кетип, же болбосо үйлөруно жеткирип, абдан катуу эскертүүлөрдү берип жатышат. Коменданттык саат бүгүн бир топ күчүнө кирди. Себеби борбордон бир топ аскерлер келип, күчүн жоготкон аскерлерге дем болуп бергенин айтып жатышат.

- Жаатташкан тараптарды элдештирүү боюнча кимдердин салымы көбүрөөк болуп атат. Өкмөт өкүлдөрүнүнбү, же коомдук уюмдардынбы?

- Жок. Жарандык коом өкүлдөрүн абдан эле тарс кабыл алып жатышат. Мына бүгүн “Интербилим” уюмунун өкүлдөрүн облустук администрациянын алдында топтошкон адамдар “сиздер чет өлкөгө туура эмес маалымат берип жатасыздар” деп катуу сөздөрдү айтып, кууп чыгышканына мен өзүм күбө болдум. Ал эми элдешүү маселесине келсек, албетте ар бир айыл-маалелерде кыргыз-өзбектер чогулуп кой союшуп, өздөрүнчө сүйлөшүп жатышат. Айылдан, элдин өзүнөн чыккан лидерлердин көмөгү менен гана элдешүү жүрүп жатат деп айтсак болот. Мен он чакты кичи райондордо болдум, алар өздөрү эле жарашып жатышат.

XS
SM
MD
LG