Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:02

Ош: Хизбутчуларга чабуул атайын “спектаклби”?


Кыргызстандын укук коргоо кызматтары соңку айларда өлкө түштүгүндө белгисиз куралчандар жана «Хизб ут-Тахрир» партиясынын мүчөлөрү ондоп колго түшүп жатканын жарыя кылышууда.

Атайын кызматтар кармалган адамдардын баарында эле курал-жарак жана түрдүүчө диний баракчалар, китепчелер, компакт дисктер кошо табылып жатканын айтып жатышат. Маселен чукул убакыттын ичинде эле Баткенде, Ноокатта, Кара-Сууда, андан сон Жалал-Абад облусунда да бир топ адамдар колго түшүп, алар «Хизб-ут-Тахрир» партиясынын активдүү мүчөлөрү деп айыпталды.

Мындан эки айча убакыт мурун Жалал-Абат менен Өзгөнгө белгисиз топ куралчандар кирип, алар атайын кызматтагы жоокерлер тарабынан жок кылынган эле. Акыркы убакта тынымсыз кайталанган мындай көрүнүштү Оштук укук коргоочу Равшан Гапиров бийликтин уюштурган «спектакли» деп баалап, Орусиялык базанын киришине гана себеп издөө аракети деп билдирди:

-Баары келип эле Орусиялык базаны киргизүүгө жол издөө болуп жатат. Бизде терроризм күчөп кетти деп, жанагыдай окуяларды атайылап жасап жатышат. Болбосо бизде диний кырдаал ошончолук эле күчөп кеткен жери жок да.

Укук коргоочунун пикиринде атайын кызматтар жөн гана намаз окуган же сакал койгон адамдардан чочулап, аларды негизсиз эле «Хизб-ут-Тахрир» партиясынын мүчөсү деп күнөөлөп жатышат.

Жакында эле өзүн «Хизб-ут-Тахрир» партиясынан чыктым деп жарыя кылган карасуулук Хасан Азаттыка буларды айтты:

-Биз даават айтчубуз. Башкы максатыбыз Ислам халифатын куруп, аны тикелеш эле. Бирок орган адамдарынын кысымдарына чыдабай мен бул партиядан баш тарттым. Милициялардын кеп-кенештерин угуп Хизб-ут-Тахрирге кирбей эле коюуну чечтим.

Бирок азыр айрым укук коргоочулар, жергиликтүү тургундар деле Хасан сыяктуу адамдардын мындай билдирүүсү жөн гана даярдалган нерсе деп айтып жатышат. Ош облустук басма сөз кызматынын мурдагы жетекчиси Жениш Аширбаев бул иш-чаралар эч кандай намаз окугандарга кысым эмес экенин, болгону жаштарга дин тууралуу туура маалымат берүү аракети деп айткан эле:

-Атайын кызматтар барып элге түшүндүрүү иштерин жүргүзсө кысым болуп жатат дешет экен укук коргоочулар. Азыр көпчүлүк жаштар дин тууралуу жетиштүү маалыматы жок. Атайын кызматтар жөн гана түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт. Бул алардын милдети.

Улуттук коопсуздук кызматынын сонку айлардагы «Хизбутчуларга» чабуулун Оштогу «Адилет-Сот-Чындык» укук коргоо борборунун жетекчиси орозо айт жакындаган сайын бийлик динге берилген адамдардан чочулап жатат деп жоруйт. Анын айтымында, былтыркы орозо айттагы Ноокат окуясы, 32 адамдын узак жылга камалышы али элдин эсинде:

-Эл Орозо айтты майрамдаганы чыкса, аны бийлик күнөөлөп тополон чыгарат. Бул жылы да ошондой боло турган болсо, анда элдин алдында мен өзүм чыгам. Камаса камасын. Мунун арты элдик көтөрүлүшкө алып келет.

Укук коргоочу Гапиров кыргыз бийлигине ушинтип эскертип, бийликти намаз окуган же сакал өстүргөн күнөөсүз адамдарды негизсиз куугунтуктоону токтотууга чакырды. Эскерте кетсек, былтыр 1-октябрь күнү орозо айт майрамында Ноокат бийлиги менен жергиликтүү мусулмандар тобунун ортосунда кагылышуу болуп, анын арты 32 адамдын оор жазага тартылышы менен аяктаган.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG