Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:22

Ош: ар кандай айың кептер элди чочутууда


Оштун борбордук базары
Оштун борбордук базары

Орозо бүткөндөн кийин түштүктө кайрадан улуттар аралык чатак башталат деген айың кептер Рамазан айынын акыркы күндөрү жандана баштады. Күч органдары болсо аймактагы кырдаал толук көзөмөлдө экенин билдирди.

Бийлик, муфтият жергиликтүү имамдар менен бирге ар кандай чагым салуулардын алдын алуу иштери жүргүзүлүп жатканын маалымдады.

“Орозодон кийин эмне болот?”

Орозо айынын бүтүшү түштүктөгү коогалаңдын башталышына үч ай толушуна туура келет. Айрым маалыматтар боюнча, улуттар аралык кагылышууга алып келген чатак 10-июнь күнү кечинде Ош шаарындагы мечиттердин биринде айтылган азан менен атылган салюттан кийин, “динсиздерге өлүм” деген чакырык менен башталган. Ушундан улам мусулмандар үчүн ыйык болуп эсептелген Орозо айынын бүтүшү менен кайрадан кырдаал курчушу ыктымал деген кооптуу ушак күн өткөн сайын күчөп келет.

Расмий бийлик мындай айыңдарды Кыргызстандагы кырдаалды туруксуздаштырууну көздөгөн күчтөр атайын таратып жатканын белгилеп, муфтият менен бирге ар кандай чагымчылдыктардын алдын алуу аракеттерин жүргүзүүдө.

Муфтий Чубак ажы Жалилов Орозо ичинде түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн айтат:
Муфтий Чубак ажы Жуманов

- Орозодогу окулган намаз убагында, күнүгө жүргүзүлгөн ооз ачаар мезгилинде дин ишмерлери, жергиликтүү активисттер менен чогуу мусулмандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жаттык. Аларга ар кандай чагымчыл күчтөрдүн чакырыгына алдырбагыла, андан эч кандай жакшылык болбойт деп айтып жаттык. Бизге милиция кызматкерлери, массалык маалымат каражаттары да чоң көмөк беришти. Түшүндүрүү иштеринен тышкары биз Алла-талаадан дагы “элге тынчтык, биримдик, өз ара түшүнүшүү бере көр” деп тилеп, дуба кылып жатабыз.

Чубак ажы Жалилов өлкөдөгү кырдаалды солкулдатууга аракеттенген күчтөргө каршы түшүндүрүү иштери Айттан кийин да улана берерин кошумчалады.

Июнь коогалаңынан кийин мамлекеттик бийлик, күч кызматтары өзбектер менен кыргыздарды жараштыруу максатында түрдүү аракеттерди жасады. Эки элге кадырлуу адамдар, белгилүү инсандар Фергана өрөөнүн мекендеген элдин эзелтен ынтымакта жашап келгенин белгилеп, мындан ары да тынчтыкта, ынтымакта жашоого чакырып жатышты. Айрым талдоочулардын пикиринде, мындай көргөзмө иштер чатакташкан элдин тынч жашоосун андан ары улантып кетүүсүнө өбөлгө болуп бере албайт, мындай учурда мамлекеттик бийлик тиешелүү чараларды да көрүүгө тийиш.

Ушак-айыңдар каяктан чыгууда?

Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы жетекчиси Каныбек Осмоналиевдин ою боюнча, улуттар аралык чатакты болтурбай коюуга убактылуу өкмөттүн толук мүмкүнчүлүгү бар болчу, мындан ары да ар кандай айың кептерди таркатуучуларга карата бийлик катуу чараларды көрүүгө тийиш:
Каныбек Осмоналиев

- Июнь окуяларын болтурбай койсо болот эле. Коопсуздук кызматы дагы, убактылуу өкмөт абдан пассивдүү иштеди. Ошондуктан дооматтар бар. Эми мындан ары бийлик системалуу түрдө иш алып барып, социалдык маселелерди чечиши керек. Мындан тышкары мамлекет өзүнүн конституциялык нормага туура келген чараларды иш жүзүнө ашырса болот.

Ушул тапта кырдаалды туруксуздаштырууга алып келүүчү ар кандай баракчалар, видеотасмалар ачык эле таратылып, июнь коогалаңынын тасмалары базраларда болбогон акчага сатылып жатканына, мындан айрым басма сөз каражаттары да четте калбаганына нааразылыктар көп. Ар кандай гезит беттеринде өзбек-кыргыздарга байланыштуу такталбаган маалымат, ушак-айыңдар ачык эле жазылып жатканына кабатырланган Ноокат районунун тургуну, укук коргоочу Набижан Каримбердиев бийлик мындай маалымат каражаттарына карата тиешелүү чараларды көрсө болбойбу деген суроо коет:

- Ар кандай чагымчыл темаларды коюп алып, гезиттер каалаганын жазып жатышат. Мына Ноокаттагы өзбектер бала-чакаларын Өзбекстанда жашырып келип, улан-кыздарын тоолордо кыргыздарга каршы машыктырып жатышат деп жазып чыгышты. Бул таптакыр туура эмес. Мен мыйзамды коргогон укук коргоочу катары мунун бардыгын толук жокко чыгара алам. Мына ушундай маалымат каражаттарына чара көрсө болбойбу?

Орозодон кийин түштүктө улуттар аралык араздашуу күч алат деген айың кептер менен катар бир катар чет мамлекеттик маалымат каражаттары июнь коогалаңы ар кандай радикал исламчыл күчтөр үчүн Фергана өрөөнүндө халифат орнотуу аракетин жандандыруу үчүн себеп болуп калды деп жазышууда. Андагы маалыматтар Ооганстандагы ар кандай экстремисттер өздөрүнүн күчтөрүн ооган-тажик жана ооган-өзбек чек араларына жылдырып жаткандыгын баяндайт.

Ислам таануучу Кадыр Маликов мындай болгон шартта кыргыз бийлиги өлкөнүн бүтүндүгүн, эгемендүүлүгүн сактап калууну көздөсө, исламдын баалуулугун туура пайдалана билүүсү керек деп эсептейт:
Кадыр Маликов

- Ооба, коркунуч бар. Ошондуктан, эртең Орозо айт күнү, мусулмандардын ыйык майрамында президент Роза Отунбаева элдин алдына чыгып, мусулмандарга, кыргыз, өзбек жана башка улуттарга кайрылуусу керек. Ал мамлекет башчы катарында гана эмес, аял, эне катары бардык улуттардан өлкөнүн эгемендигин, элдин тынчтыгын, үй-бүлө, бала-чаканын бейпилдигин суранышы, ошол эле учурда талап кылышы керек. Учурда мамлекеттик бийликтин алдында экономикалык кызыкчылык эмес, эң биринчи орунда коопсуздук маселеси турат. Мындай учурда ислам дин катары гана эмес, идеология катары радикал исламчыл күчтөрдүн ар кандай чагымына каршы тура алат, ошондуктан, бийлик исламды идеологиялык ресурс катары туура пайдалана билүүсү шарт.

“Орозо бүткөндөн кийин эмне болот?” - деп кооптонгон элди атайын кызматтар ушак-айыңга алдырбоого чакырды. Ал эми күч органдары өлкөнү дестабилдештирүүгө жол берилбесин, бул үчүн күч, мүмкүнчүлүк жетишерлигин айтышууда.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG