Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:46

Ысык-Ата районунун Люксенбург айылында маркум депутат Руслан Шаботоевди эскерүү иш-чарасы өттү. Ага жаш саясатчынын санаалаштары, кесиптештери, айылдаштары жана туугандары катышты.

Люксенбург айылынын борбордук бөлүгүндө 200 чамалуу эл чогулду. Алар маркум депутат Руслан Шаботоевди эскерип сөз сүйлөп, элдик ыңкылаптын беш жылдыгында аны жоктоп отурушту.

Бул күнү депутаттын туугандарынын демөөрчүлүгү менен футбол, волейбол жана шахмат боюнча мелдештер өтүп, ар түстөгү шарларга Руслан Шаботоевдин сүрөтү жабыштырылып, алар асманга учурулду.

Иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Аида Сатаркулова “кыргыздын кыраан жигиттери эч качан унутулбашы керек” дейт.

- Р. Шаботоев жаштыгына карабай революцияга чоң салым кошкон. Өкмөт үйү талкаланып кетпесин деп каракчылыкка жол бербей элдин башында турган. Мына ыңкылаптын беш жылдыгына жетпей Руслан киши колдуу болду. Ушундай каармандар, ушундай жаш жигиттер унутулуп кетпесин деп эскерүү иш-чарасын өткөрүп жатабыз. Алардын эмгеги ар дайым жүрөгүбүздө болушу зарыл.

Руслан Шаботоев 1974-жылдын 6-апрелинде төрөлгөн. 2005-2007-жылдары ишкерлерди колдоо фондун жетектеген. 2007-2008-жылы СДП депутат болуп шайланган. Ал 2005-жылы 24-мартта өз санаалаштары менен нааразылык акциясына чыгып, Ак үйдөгү талап тоноочулукка жол бербөө аракетин көргөн. Ошол күнү Ак үйдү коргогон жана элдик ыңкылапка активдүү катышкандар жаштардын башын кошуп, “Биримдик” партиясын түптөгөн.

Мындан эки жыл мурун Руслан Шаботоев “Азаттыкка” маек куруп, элдик ыңкылапты санаалаштары менен бирге түз туруп тоскондугун айтып, өлкөдө өзгөрүүлөр, өнүгүүлөр болбой жатканына токтолгон.

- Биздин элдин патриоттук сезими бар экенин мен ошондо түшүндүм. Биз Ак үйгө киргенде карысы-жашы дебей намыска туруп, бул имаратты сактап калалы деген ойго келдик. Анан комендант шайлап, баарын акырындык менен орду-ордуна келтирдик. Биз ыңкылапты түз туруп тосконбуз. Анткени кыргыз эли эми туура жолго түшөбүз, үй-бүлөлүк саясат да токтойт деп ишенишкен эле. Бирок бүгүнкү күнгө чейин мен эч бир өзгөрүүнү көргөн жокмун.

Элдик ыңкылап күнү Руслан Шаботоев өкмөт үйүндө катылган курал-жарак жана чоң суммадагы акчаны бийлик өкүлдөрүнө өткөрүп берген. Ошондой эле ал Ак үйдүн коменданты шайланып, жаштарды ынтымакка чакыргандыгын эскерүүгө катышкандар белгилеп өтүштү.

Айылдаштарынын айтымында, маркум депутат Шаботоев өзүнүн кичи мекени үчүн чоң иштерди аткарып, кайрымдуулук менен да алектенген. Айыл эли үчүн тегирмен курсам, коңшу айылдагы бейтапкананы заманбап жабдуулар менен камсыздасам деген максаттарын ишке ашыра албай калган.

“Ыңкылап күнү Русландын эмгеги чоң болгон, ал дагы көп иштерди аткара албай кетти” деген оюн чоң атасы Мелис Султаналиев билдирди:

- Руслан абдан жаш эле. Өлкөдөгү алдыңкы патриот жаштардын бири эле. Ак үйдүн кыйрап калышына жол бербей, күнү-түнү ал имаратты кайтарды. Курал жарактарды күч структураларына өткөрүп берди. Андан бери беш жыл убакыт өттү. Жаш инсанды биздин айыл гана ардактабастан, кыргыз эле барктап келишет. Ал эмгегине жараша Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланды. Өзүнүн асыл ойлорун иш жүзүнө ашыра албай кетти. Русланды эстеп кабыргабыз кайышып турган кезибиз. Уулубуздун элеси жүрөгүбүздө сактала берет.

Руслан Шаботоев 2008-жылдын 30-сентябрында дайынсыз жоголуп, туура бир жылдан кийин Аламүдүн районуна караштуу тоо кыркасынан сөөгү табылган. Бул кылмыш боюнча Зикирбаевдин тобу кармалып, учурда Биринчи май райондук сотунда териштирүү иши жүрүүдө. Бирок маркум депутат Шаботоевдин туугандары сот жараяны үстүрт жүрүүдө деп нааразы болушууда.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG