Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:37

РУСЛАН ШАБОТОЕВ: БИЙЛИК НАТЫЙЖАЛУУ ИШТЕБЕСЕ, №1 ОППОЗИЦИОНЕР БОЛОМ


Акан Иманов, Бишкек Бейдарек жоголуп жаткан ЖК депутаты Руслан Шаботоев март ыңкылабына активдүү катышкандардын бири. 24-мартта Ак үй алынганда талап-тоноодон коргоо үчүн Социал-демократтар партиясынын мүчөсү катары ал комендант болуп шайланып, жүздөй курал-жаракты жана ири өлчөмдөгү акчаны сактап азыркы бийликтин өкүлдөрүнө өткөрүп берген. Р.Шаботоев ушул жылдын март айында ыңкылап күнүн утурлай “Азаттыка” маек куруп, азыркы бийликтин ишин катуу сындаган эле.

-24-мартта элдик ыңкылаптын болгонуна үч жыл убакыт өттү. Сиздин пикирде бул үч жыл элге эмне берди?

-Биз ыңкылапты түз туруп тосконбуз. Анткени кыргыз эли эми туура жолго түшөбүз, үй-бүлөлүк саясат дагы токтойт деп ишенишкен эле. Бирок бүгүнкү күнгө чейин мен эч бир өзгөрүштү көргөн жокмун.

-Ыңкылап 24-мартта болот деп ага чейин эле белгилүү беле же андагы оппозиция үчүн да күтүүсүз болдубу?

-Ал күндөрү оппозиция өз күчүнө ишенип эле калган. Себеби Ош, Жалал-Абад шаарлары жана бир нече райондук борборлор биздин колдо эле. Бирок 24-мартта өлкөнүн тагдырын чечилет деп эч ким ойлогон эмес. Мен жөн кана тынч митинг болот деген пикирде элем. Ошондогу даярдыктын жоктугу баш аламандыктын болушунун негизги себеби болду окшойт.

-Ыңкылап болгон күн сиздин эсиңизде эмнеси менен калды?

-Биздин элдин патриоттук сезими бар экенин мен ошондо түшүндүм. Биз ак үйгө киргенде карысы-жашы дебей намыска туруп, бул имаратты сактап калалы деген ойго келдик. Анан комендант шайлап, баарын акырындык менен орду-ордуна келтирдик.

- 24-мартта сиз кайда жүрдүңүз жана андагы оппозициянын лидерлеринин кимиси кайда эле?

- Ысык-Ата районун жаштары 23-мартта чогулуп Бишкеке келебиз деп сүйлөшкөн элек. Мен 2005-жылдагы шайлоого катышкан элем, мага үгүт иштеринде колдоо көргөзгөн командам менен келип колдоп турдук. Ал күнү биз үч топ болуп миңден ашык жаштар шаарга келгенбиз. Саат эки ченде мен оппозициянын өкүлдөрү менен жолуканымда Курманбек Салиевич менен тааныштым. Кечинде коопсуздук комитетинде өткөрүлгөн чогулушта дагы бирге жүрдүк. Парламент Бакиевди президенттин милдетин аткаруучу кылып дайындаганда дагы мен жанында элем.

-Ошол күнү Aк үйдөн курал жана чоң суммадагы акча табылганы маалымдалды эле?

-Мага коопсуздук кызматкерлеринин бири келип имаратта көп курал бар экенин билдирди. Биз автоматтарды издеп таап, бир дагы курал чыкпасын деп ичине тогуз жигитти калтырып, кайтартып койдук. Таң калычтуусу ок-жабдыктын баары ачык ташталган экен, бул кандай максатта калтырылганы мага түшүнүксүз. Андан соң ошол жерде иштеген эжекебиз келип, көп суммадагы акча бар экенин айтты. Ал жерде үч миллион сом, кырк миң доллар жана отуз миң еврого жакын каражат бар экен. Акчаны эже өзү алып чыгып, биз аны коштоп барып Мэрияга өткөрдүк. Бул сумманын кийинки тагдырына кызыкканыбызда Ак үйдү калыбына келтирүү иштерине жумшалды деп айтылды. Бирок, биз аныгына чыгып изилдеген жокпуз.

-Ыңкылаптан кийин башкы прокуратура тарабынан 100дөн ашык иш козголуп, мурдагы бийлик өкүлдөрүн сот жообуна тартабыз деп келишкен эле. Бирок бүгүнкү күндө ал иштердин баары ордунда эле калып калгандай?

-Бул иштин башы жакшы болчу. Анда комиссия да түзүлгөн эле. Тилекке каршы биз ал комиссияга кирген жокпуз, эгер мүчө болгондо биз баарын ачык эле айтмакпыз. Бирок бул иштердин аягына чыкпагандыгы мен үчүн да абдан өкүнүчтүү. Бул эртенки күн үчүн да сабак болмок. Башын баштаган соң аягына чыгарыш керек эле. Революция болгону бул факт, ал күнү көпчүлүк эл баары жакшы болот деп ойлошкон. Бирок ыңкылаптын максаты ишке аштыбы же ашкан жокпу бул башка суроо. Бүгүнкү күндө бийлик канча аракет кылса дагы анын акыбети кайткан жок деп ойлойм.

Эгер ыңкылап болбосо Акаевдин үй-бүлөөлүк саясаты дагы күчөй бермек. Азыркы бийлик деле ошол жолду тандап алды окшойт. Мына “Ак-Жол” фракциясы кемчиликтин баарын оңдойбуз деп, көпчүлүк болуп парламентке келди. Көрө жатаарбыз. Эгер оңдоп кетишсе мен кош колдоп колдойм. Эгер мурдагыларга окшоп терс жолго түшүп, өз кызыкчылыктарын ойлосо анда мен биринчи оппозиционер болуп чыгам.

XS
SM
MD
LG