Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:13

Караколдо “Бир дүйнө” кинофестивалы ачылды


Фестивалдын демилгечиси “Культур-мультур” уюмунун өкүлү, “Азаттык” радиосунун Прагадагы кабарчысы Жаңыл Жусупжан

Фестивалдын демилгечиси “Культур-мультур” уюмунун өкүлү, “Азаттык” радиосунун Прагадагы кабарчысы Жаңыл Жусупжан

28-октябрда Каракол шарында “Бир дүйнө” эл аралык фестивалынын ачылышы болду. Көлдүктөр бул аралыкта Чехия, Германия, Өзбекстан, Тажикстан өңдүү мамлекеттердин 14 тасмасын акысыз көрө алат.

“Бир дүйнө - Кыргызстан-2008” деп аталган бул эл аралык кинофестиваль кыргыз жергесинде экинчи жолу өтүп атат. Биринчиси өткөн жылы Ош шаарында болуп, анда 9 кино көрсөтүлгөн. Фестивалдын координатору Динара Макенбаеванын айтуусунда, быйыл ал 14 киного көбөйгөн. Адам укугун чагылдырган кинотасмалар Каракол шаарындагы Ыбырай Туманов атындагы музыкалык окуу жайынынын залынан көрсөтүлө баштады. Бул жерден ар бир кинонун режиссеру менен фестивалдын демилгечиси катары “Культур-мультур” өкмөттүк эмес уюмунун өкүлү, “Азаттык” радиосунун Прагадагы кабарчысы Жаңыл Жусупжан тааныштырды.

Чехиядагы фильм академиясынын бакалаврдык филминен кийин тажикстандык Сафарбек Салиевдин “Нисур” деген даректүү фильми көрсөтүлдү. Көрүүчүлөр бул кинодогу Памирдеги тоолуу кыштакта жайгашкан унутулган элдин тагдыры жөнүндө көбүрөөк суроолорду берип, кызыгып атышты дагы, аягында ыраазычылыгын айтышты.

Караколдук көрүүчүлөр бул фестивалдан Кыргызстанда адам укугу менен күрөшкөн атуулдар жөнүндө кинолор тартууланса болмок деген сунуштарын да билдиришти.

- Төлөйкан Исмаилова жөнүндө дагы кино тартышса болмок деп ойлойм. Ал айым көп коргоп, 1995-жылдан бери эле белгилүү. Ушул программага кирип калса болмок дейм. Кыргызстандагы аялдардын укугун көп коргойт, - деди медициналык орто окуу жайдын студенти Чолпон Сарыбаева.

Кинофестивалга келген көрөрмандар адам укугу жөнүндө фильмдер көбүрөөк көрсөтулсө, анын укуктук агартуучулук мааниси чоң болорун белгилешти.

- Жеке гана фестиваль өткөрбөстөн, сабак катары адам укугун коргоо боюнча филмдерди элге бир айда бир болбосо дагы, бир жылда 2-3 жолудан көрсөтүп турса чоң таасир берет деп ойлойм, - деди жергиликтүү турган Эркин Исмаилов.

Фестивалды өткөрүп аткан “Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борборунун өкүлү Дияна Макенбаева Кыргызстандан адам укугу тартылган фильмдерди табуу мүмкүн эместигин ырастады:

- Кыргызстанда режиссерлордон сурап чыктык, адам укуктары боюнча тартылган даректүү тасмалар барбы деп. Көпчүлүгү айтат, бизде жок, анткени мамлекет бизге каражат бөлүп бербейт, биздин каражатыбыз жок тартканга деп.

Бул фестивалдын демөөрчүлөрү Голландиянын “Хивас” өкмөттүк эмес уюму, ЕККУ жана Чехиядагы “Культур-мультур” бейөкмөт уюму.

XS
SM
MD
LG