Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:04

З. Ырсалиев: Бишкекте элдин кооптонуусуна эч кандай негиз жок


Шаар милициясынын башчысы Бишкектеги кырдаал толук көзөмөлдө экенин айтат.
Шаар милициясынын башчысы Бишкектеги кырдаал толук көзөмөлдө экенин айтат.

Соңку күндөрдө ордо калаада элди кооптондурган ар кандай имиш кептер айтыла баштады. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Зарылбек Ырсалиев болсо мунун баары ушак-айың экенин, кооптонууга эч кандай негиз жоктугун "Азаттыктын" таңкы түз обосунда айтып берди.

- Бишкектин тургундары 22-июнда борбор калаада баш-аламандык уюштурулат экен деп кооптонууда. Мындай кооптонууга канчалык негиз бар?

- Бишкек шаарында ар кандай ушак сөздөр жүрүп атат. Мындай ушак сөздөрдүн жүргөнүнө бир жумадай болуп калды. Ош менен Жалал-Абаддагы болгон окуялардан кийин эле Бишкек шаарына ар кандай ушак сөздөр тарап, шаар жашоочуларынын тынчын кетире баштады. Элдин арасында тараган ушак сөздөрдүн бүгүнкү күндө бирөөсү дагы аныкталган жок. Бишкек шаарында мына бүгүн 22синде таңкы саат төрттө бир нерсе башталат деген, Бишкек шаары бүгүн Кудайга шүгүр тынч. Биздин оперативдүү маалыматтар боюнча, Бишкек шаарында референдум өткөнгө чейин элдин коопсуздугу толугу менен камсыз болот, эч кандай баскынчылыктарга жол берилбейт.

- Коомулукту дүрбөлөңгө түшүрүү аракети менен чагымчы адамдар кармалганы тууралуу маалымат айтылды. Алардын артында кимдер турат экен, кармалгандар тууралуу маалымат бере кетсеңиз?

- Кармалган адамдардын арасында жөн эле арак ичип алып туура эмес иш кылып койгонун моюндарына алышып, отурган да кишилер бар. Аларды биз карап көрсөк, жөнөкөй адамдарды болор-болбос тыйынга сатып алып, үндөп, тигинин дарбазасына барып плюс, же минус тамгасын коюп кой деген эле болор-болбос чагымчылар болуп атат. Артында чоң адамдар жок. Элдин арасында ушак, имиштерди тараткан жөнөкөй эле кишилер болуп атат.

- Ал эми коочулукта дүрбөлөң салуу боюнча баракчалар таратылганы да айтылды эле...

- «Дордой» базарында бир баракчаны кармадык. Ал кишини азыр психикалык экспертизадан өткөрүп атабыз, ал киши өзү оорукчан киши экен, “мен президент болом, референдум эч нерсеге жарабайт, Конституцияны өзүм жазам, кыргыз элин өзүм башкарам” деген оорукчан киши экен.

- Дагы бир маалымат айтылып атат, кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы деп жүргөн Камчы Көлбаевди жакында Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына кармап барып, кайра кое берди деген. Ушул боюнча да токтоло кетсеңиз?

-Ушундай окуя болгон. Кылмыш дүйнөсүнүн лидери Камчы Көлбаевди кармап алып келдик, анын Бишкек шаарында жашаган даректерин толугу менен билип, жанындагы жүргөн шериктештеринин баарын эсеп-чотко алып, кайсы жерде эмне кылып жүргөндөрүнүн баарын текшердик. Бүгүнкү күндө алар биздин көзөмөлдө. Күнүгө телефон чалып, кайсы жерде экенин айтышып биздин көз алдыбызда турушат. Алар “Ош, Жалал-Абад коогалаңдуу окуяларга тиешебиз жок”, - деп көрсөтмө берип атышат.

- Демек шаардын коопсуздук маселеси толук сиздердин көзөмөлдө экен, анда шаардын тургундары коркпой-үркпөй жашай берсе болот турбайбы?

-Туп-туура айтасыз, коркуп-үркө турган бир дагы себеп жок. Булардын баары ушак-айың сөздөр, элди коркутуп, тынчын алмай деген бул күчтөрдүн акыркы аракеттери болуш керек деп ойлойм.

- Рахмат маегиңизге.

XS
SM
MD
LG