Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:09

М. Турганбаев: Жалал-Абад облусунда кырдаал тынч


Жалал-Абаддагы сонку кырдаал боюнча суроолорго учурда ошол аймакта жүргөн ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев жооп берет.

- Учурда Жалал-Абадда кырдаал кандай?

- Жалал-Абад облусу боюнча кырдаал жакшы, элдин баары жумушка чыгып, 2-3 күндөн бери эч кандай терс көрүнүштөр болгон жок.

- Бизге жеткен маалымат боюнча, Сузакта чагым салууга даярдыктар көрүлүп жатыптыр. Бул боюнча териштирдиңиздерби, Сузакта абал кандай?

- Сузакта абал эң жакшы. Жолдун баары ачылды, дыйкандар талаачылык жумушун өткөрүп атат, мамлекеттик кызматкерлер өз жумушу менен алек. Эч кандай чагымчыл иштер жок, ал жөн эле провокациялык маалыматтар.

- Ушул учурга чейин жарандардан канча курал-жарак алынды?

- Жарандардан жүзгө чукул курал-жарак алынды. Ошол эле сиздер айтып өткөн Сузактан кечээки күнгө 34 куралды эл өз ыктыяры менен келип тапшырды.

- Ал эми башаламандык, чагым уюштурууга тиешеси бар кишилер кармалдыбы. Кармалса канча адам кармалды?

- Бүгүнкү күндө 4 киши кармалып отурат. Тергөө органдарында биргелешкен топ түзүлгөн, прокуратура, УКМК, милициянын кызматкерлери болуп. Ошол топ азыр ушунун үстүнөн иштеп жатат.

- Буга чейин көзгө атаар аял кармалды деген маалыматтын канчалык чындыгы бар?

- Бизде андай факты жок.

- Ал эми барымтага алынган адамдар боюнча эмне айта аласыз. Аларды бошотуу иштери кандай болуп атат?

- Жалал-Абад облусу боюнча барымтада алынган кишилер жок бүгүн күндө. Бир гана маселе болчу, азыр ал чечилип атат, бул кээ бир качкан кишилер Өзбестандын чек арасында жайгашкан жерден үйлөрүнө келе башташты 2-3 күндөн бери.

- Күбөлөрдүн айтуусу боюнча, 12-13-июнда Топурак-Бел деген жерде белгисиз адамдар ок атып, кол салуулар болгон экен. Ошол боюнча бирөө-жарым кармалдыбы?

- Бул иш боюнча кылмыш иши козголду. Бирок тергөө органдары менен бирге оперативдик бөлүмдөр да иштеп атат. Азыр анча-мынча учуктары бар, ошол жерде кылмыш кылгандардын өздүгү аныкталган. Азыр издөө жүрүп атат.

- Бүгүнкү күндө Жалал-Абад облусунда күч структраларында техникалар, курал-жарактар жетиштүүбү. Дегеле сиздерге кандай жардам керек?


- Бизде азыр техника жагынан дагы, күч жагынан дагы, кызматкерлердин саны жагынан дагы эч кандай жарджам кереги жок. Бүгүнкү күндө бардыгы жетиштүү, өздөрүнүн кызматын өтөп атышат.

- Демек кырдаал көзөмөлдө, тынч десек болот турбайбы Жалал-Абад облусу боюнча?

- Ооба, Жалал-Абад облусу боюнча тынч.

XS
SM
MD
LG