Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:48

Кыргызстандагы кырдаал: 13-июнь


Оштогу өрттөлгөн имараттар, 12-июнь.
Оштогу өрттөлгөн имараттар, 12-июнь.

Ош, Жалал-Абад аймактарында кырдаал курч бойдон. Саламаттыкты сактоо министрлиги кандуу кагылышууларда каза тапкандардын саны жүздөн ашты.

Ошто эртең менен жаатташкан тараптарды элдештирүү аракети көрүлүп, бирок жаалданган топтордун каршылыгынан улам үзгүлтүккө учурады.

7:00 Ошто коменданттык саат маалында абал туруктуу болгонун “Азаттыкка” шаар башчысынын 1-орун басары Тимур Камчыбеков маалымдады. Анын айтуусунда, ички аскерлер шаардагы абалды толугу менен көзөмөлгө алышууда. Ошондой эле түнкү саат үч-төрттөр чамасында белгисиз бирөөлөр шаар көчөлөрүн аралап, кээ бир адамдарын уюлдук телефондоруна чалып “Өзбекстандын аскердик күчтөрү келди”, “Өзбекстан тараптан согушкер кылмышкерлер кирди” деген калп маалымат таратып, чагымчыл аракеттерди жасашканы маалым болду. Мындай чагымчыл иштер Жапалак айылында да орун алып, жергиликтүү тургундар түнкү саат төрттө “Азаттыкка” телефон чалышып, маалыматты тактап берүүнү өтүнүштү

9:00 Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы 13-июлда саат 09:00гө карата Ош, Жалал-Абаддагы кагылыштарда каза тапкандардын саны сексенге чыкканын кабарлады. Алардын жетимиш экиси Ошто, сегизи Жалал-Абад облусунда көз жумушкан. Эки облус боюнча тез жардамга кайрылгандардын саны 1066. Алардын ичинен 608 адам ооруканаларга жаткырылса, 380 адамга жеринде жардам көрсөтүлгөн.

10:00 Оштун айрым кичи райондорунда жаатташкан тараптарды элдештирүү аракети көрүлдү. шаардагы Ноокат - Калинин көчөлөрүнүн кесилишинде өзбек жана кыргыз улутундагы жарандар элдешип, эки тараптан ондон өкүл катышкан жолугушууда тараптар мындан ары ынтымакта жашоого кол алышты.

Элдешүү демилгесин кыргыз-өзбек активисттери көтөргөн. Ушул эле топ шаардын Түштүк кичи районуна барып, ал жерде дагы эки тарапты элдештирүү жараяны жүрдү.

10:30 Курамына Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алиярбек Абжалиев жана "Мухаммед Умар-Ош" уюмунун башчысы Улукбек Өмүрзаков кирген бул топ андан ары Туран кичи районуна барышты. Эки тараптын өкүлдөрү бул жерде нан бөлүшүп жеп элдешти. Элдешүү учурунда өзбек улутунун өкүлдөрү бул аймакка да гуманитардык жардам жөнөтүүнү суранышты.

Элдешүү демилгесин көтөргөн топтор андан ары кыргыздар көп жашайт делген кичи райондорго бет алышты. Бирок жаалданган топтун каршылыгынан элдешүү жараяны үзгүлтүккө учурады. Бул учурда Ошто атышуулар дээрлик токтоп калганы кабарланууда.

11:30 Жалал-Абаддын "Телтору" ат майданына беш миңдей адам чогулганы кабарланды. Көчөлөрдө атышуулар болду. Шаар коменданты Кубатбек Байболов эл менен жолугушуп, сабырдуулукка чакырып, каршылашкандар тарабынан тосулган Ош-Бишкек жолу ачылганын кабарлады. Ошондой эле Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен райондорунда абал кооптуу болуп турат.

12:00 Ош шаарынын айрым жерлеринде атышуулар кайрадан уланганын “Азаттыкка” Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бөрүбай Жураев билдирди. Анын айтымында, Ош шаарынын Ош кичи районунда атышуулар болуп, айрым соода түйүндөрү өрттөлүүдө. Кагылыш учурунда ок жеп жаракат алгандар бар. Ош аймактык комендантурасы да “Азаттыкка” бул маалыматты тастыктап, тиешелүү чаралар көрүлүп атканын билдиришти. Ок атышуу болуп аткан аймакка Ош шаарынын коменданты Курсант Асанов баштаган атайын топ чыгып кетти.

13:00 Оштун кире беришиндеги Фуркат айылында атышуулар уланганы кабарланды.

14:10 Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы бүгүн саат 14:00гө карата Ош жана Жалал-Абаддагы кагылыштарда көз жумгандардын саны 84кө жеткенин, Ошто 75, Жалал-Абадда 9 адам каза тапканын кабаралады. Медициналык жардам сурап 1117 жолу кайрылуу түшүп, алардын ичинен 633 адам ооруканага жаткырылды. 402 адамга жеринде медициналык жардам көрсөтүлдү. Саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Дамира Ниязалиеванын айтымында, ушул тапта өлкө түштүгүндөгү ооруканаларга медициналык каражаттар жана азык-түлүктөр жеткирилди.

16:00 Жалал-Абад шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Максат Жээнбековдун айтымында, шаар четиндеги Кожо-Маале кыштагында ок атышуу жүрүп жатат. Бул жерде чогулгандардын саны болжол менен эки миңдей. Бул арада шаардын борбордук бөлүгүндөгү Жусуп Бакиев атындагы көчөдө да атышуулар болду. Шаардын ар кайсы жерлеринде имараттар, үйлөр өрттөнүүдө.

18:00 Ошто элдешүү аракеттери уланды. Он-Адыр кичи районунда жашаган өзбек улутундагы жарандар менен кыргыз улутундагылар жарашуу иретинде сүйлөшүүлөрүн жандандырды. Ош шаарында жүргөн “Азаттыктын” кабарчысы Жанар Акаев маалымдагандай, ушул тапта “Мухаммед Умар-Ош” коомдук уюмунун тең төрагасы Мухаммед Курбанов баштаган топ Отуз-Адыр кичи районуна сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө кетишти. Кепке келип элдешүү иш-чараларын кыргыз-өзбек активисттери уюштурушууда. Алардын айтымында, эки тарап тең чагымчылардын ортого от жагуу аракеттерине алдырбоого, андай чагымчы күчтөрдү жалпылап кармоого жана күч органдарына тапшырып берүүгө көмөктөшүүгө чакырышууда.

18:40 Кагылыштардын кесепетинен көз жумгандардын саны 97 кишиге жеткенин саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Медициналык жардам сурап кайрылгандардын саны бул сааттарга карата 1243. Алардын 727си ооруканаларга жаткырылса, 424 адамга жеринде медициналык жардам көрсөтүлгөн.

19:04
Жалал-Абадда райондук оорукана тарапта атышуулар жүрүп жатканы жөнүндө кабарлар келүүдө. Атышуулар жүрүп жатканын "Азаттыкка" Жалал-Абадга комендант болуп дайындалган Кубатбек Байболов дагы ырастады.

21:25 Cаламаттык сактоо министрлигинин штабынын расмий маалыматы боюнча саат 21.00 гө карата Ош жана Жалал-Абад облустарында тополоң окуялар учурунда жабыркагандар 1325 адам болду, анын ичинен каза тапкандар - 102 адам. 639 адам ооруканада жатат. Каза тапкандардын 19 Жалал-Абаддан. Саламаттык сактоо министрлигинин штабы Жалал-Абад боюнча маалыматка Сузак жана Ала-Бука райондорундагы каза тапкандар жана жаракат алгандардын саны кошулбаганын белгилейт. Ал жактан бышыкталган маалымат алууга мүмкүн болбоптур.

23:00
Саламаттык сактоо министрлигинин штабынын саат 23.00 гө берген маалыматы боюнча түштүк аймагында массалык тополоң окуялардан жабыркагандардын саны 1405, ооруканада жатканы 742, каза тапканы - 113.

Анын ичинде Ош областы боюнча: медициналык жардам сурап кайрылганы 1149, ооруканага жатканы- 654, каза тапкандар – 92.
Жалал-Абад областы боюнча: медициналык жардам сурап кайрылганы 256, ооруканага жатканы- 88, каза тапкандар – 21.

XS
SM
MD
LG