Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:39

С. Жээнбеков: Жаңжалды чыгаргандар кармала элек


Ош облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков. (2010-жылдын 2-майында тартылган сүрөт.)
Ош облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков. (2010-жылдын 2-майында тартылган сүрөт.)

Ош облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков аймактагы кырдаал, гуманитардык жардамдын бөлүнүшү боюнча “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна жооп берди.

- Түндө Оштун чет жакасында ок атышуу болду деген маалымат бар. Дегеле Ош облусунун тургундары үчүн түн кандай өттү?

- Ош облусунун тургундары үчүн бүгүнкү түн тынч эле өттү. Ош облусунун аймагында түндө атышуу болгон жок, андай маалымат түшкөн жок. Азыр биз райондорду кыдырып атабыз. Элди бириктирүү боюнча иш чаралар азыр катуу жүрүп атат. Буюрса күндөн-күнгө иш астыга жылып атат. Бирок ар кандай күчтөр бар. Азыркы болуп аткан эки элди кагыштыруу боюнча маселелер дагы эле болуп жатат. Бул боюнча укук коргоо органдары дагы, биз дагы иштеп атабыз.

- Чагымды уюштуруучулар, эл арасында жик салуучулардын жетекчилери кармалдыбы укук коргоо органдары тарабынан?

- Укук коргоо органдары тарабынан азыр катуу иштер жүрүп атат. Мыйзамсыз курал алып жүргөндөрдөн азыр куралдар алынып, алар кармалып атат. Түздөн-түз Ош окуясына тиешеси бар адамдар кармалып, азыр суралып атат. Бул боюнча иштер абдан катуу жүрө баштады. Буюрса жыйынтыгын бериш керек. Бирок ушуну уюштуруп, даярдап, жаңжалды чыгарган адамдар азыр кармала элек, ачык айтышым керек. Бул боюнча талапты коюп атабыз, бул боюнча да иш жүргүзүп атышат.

- Кара-Суу, Нариман жана Сталин айылдарында кырдаал оор бойдон калганы айтылган эле. Ал жакта учурда абал кандай?

- Милициянын полковниги Абыл Султановду Нариманда өлтүрүшкөндүгүнө байланыштуу бул айылда кичине чыңалуу бар. Анан туугандары, айылдаштары талап коюп атышат өлтүргөндөрдү таап берүү боюнча. Биз дагы талапты коюп атабыз. Нариман эли дагы, ошол жердеги аксакалдар да айтып атышат, издеп атабыз, таап беребиз деп. Бирок жыйынтык боло элек.

- Ошко барган гумжардам кандай бөлүнүп атат, дагы кандай зарыл жардамдар керек?

- Азыр биринчи келген гумжардамдын 90 пайызы Ош шаарына берилип атат, 10 пайызга жетпегени Ош облусуна берилип атат. Биз биринчи Ош шаарынын чет-жакасына жайгашкандарга, Ош шаарынан үй-бүлөлөрүн алып чыккан тегеректеги элге берип атабыз. Бул боюнча атайын комиссия түзүлгөн, губернатордун орунбасары баш болгон. Ага партиялардан, мамлекеттик эмес уюмдардан да өкүлдөр кирген, ошолор отуруп бөлүштүрүп атышат. Келген гумжардамдарды Ош шаарына жана Ош обусуна тең бөлүштүрүү боюнча иштеп атышат азыр. Бизде эң биринчи ун, май, картошка, жашылча маселеси кичине тартыш болду эле. Аравандан базар ачып, азыр райондорго ошол жерден ташып атышат. Баа көтөрүлүп, картошка 50 сомго, ун 1110 сомго чыгып кетти эле, азыр базар ачылгандан кийин ордуна түштү. Өкмөттөн 300 тонна ун резервден бекер бөлүнгөн. Калган маселени чечип атабыз, бааны түшүрөбүз.

- Рахмат маегиңизге, тынччылык болсун!

XS
SM
MD
LG