Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:07

1990-жылдагы жаңжалда катуу жапа чеккен Өзгөн шаары бул жолу Кудай жалгап кандуу калабадан сыртта калды. Шаарды сактап калууда жергиликтүү лидерлердин ролу чоң болгону айтылууда. Ошто жана башка аймактарда да ушинтип кандуу кагылыштын алдын алса болот беле?

Бул маселе боюнча “Азаттыктын” талкуусуна бир топ күндөрдөн бери өлкөнүн түштүк аймагын кыдырып, ынтымакка чакырган сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө кол кабыш кылгандардын катарында болгондор: техника илимдеринин кандидаты, авиатор Тимур Муратов, Ташкөмүр шаарынын мурдагы мери Маматназар Жакыпбаев жана буга чейин мамлекеттик кызматтарда иштеп жүргөн Болот Апилов катышты.

“Азаттык”: - Айтыңыздарчы, мына сиздер түштүктөгү жагдайды өз көзүңүздөр менен көрүп келиптирсиздер. Абал жакшыра баштады, улуттар аралык жарашуулар, сүйлөшүүлөр натыйжалуу болуп жатат деп айтса болобу?

Маматназар Жакыпбаев: - Биз түштүктөгү болуп жаткан окуяны угуп, канчалык коркунучтуу болсо да, жаныбызды тиштеп барууга мажбур болдук. Жалпы түштүк аймактагы болуп жаткан окуялар, ар бир мен кыргызмын деген жарандардын кабыргасын кайыштырып, жүрөгүн оорутуп турганда биз ушундай өлкөбүз үчүн коогалаңдуу күндө үйдө отура албадык. Ош, Жалал-Абад, Өзгөн аймактарындагы абалды көрүп, канчалык ачуу болсо да, эл суусаган чындыкты айталык деп келдик. Бүгүнкү күнү абал оор, анын баарын угуп жатасыздар. Биз сыяктуулар да ал жерде жүрүшөт. Оштун борборундагы согуш жеген жерибизди, элибизди көрүп жүрөгүбүз канап кабыл алдык. Эл менен эл биригип, жарашып баратат деген гана үмүт болбосо, абал турукташууда деп айталбаймын. Антип айтууга али эрте.

Тимур Муратов: - Оштогу коогалаң, бүгүн стабилдештирилди, тынчыды деп айтуудан биз алыспыз. Антсек бизди ал жердеги жабыркаган эл кечирбейт. Алардын бирден-бир өтүнүчү ушундай болду: “Силер көргөнүңөрдү көргөндөй кылып, чындыкты гана бийликке болобу, маалымат каражаттарына болобу, биздин үнүбүздү жеткиргиле” дешти.

Болот Апилов
Болот Апилов: - Элибизде: “ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат” деген сөз бар эмеспи. Бир нерсени байкадык, айрым топ-топ болуп бир кылкай өзбек туугандар жашаган жердеги кырдаал оор бойдон калууда. Анткени, ал жерлерде коогалаңдан кыйроолор болгон. Ал жердегилер өздөрүн-өздөрү бөлүп, кыргыз жеринде жашагандыгына карабай, кыргыз эли менен журтташ экендигине карабай окчун болушканы ушундай жаңжалдын чыгуусуна шарттаган мисалдардын бири экен.

Ошол эле мезгилде Ошто кыргыз-өзбек туугандар аралаш жашаган жерде эч бир кыйроо болбогон. Кыргыз айылдарында жашаган өзбек улутундагылар мурда кандай жашашса, дал ошондой эле жашап жатышыптыр. Бул деген өзбек-кыргыз толук аралашып жашаган болсо, киндик кан тамган жерин кыргыздардай эле сыйлаган болсо, кыргыздын баалуулуктарын урматтаган болсо албетте, мынчалык кан төгүлгөн окуя болбойт эле дегенге далил болот .

“Азаттык”: - Сиздер түштүктөгү улуттар аралык жаңжалдын экинчи жолу кайталанып жатышына себеп болгон күчтөрдүн таасири деп эмнелерди белгилейт элеңиздер.

Маматназар Жакыпбаев: -“Күмөн миң, күнөөлүү бир” дегендей, Кыргызстандын түштүк элин түйшөлтүп, кайра-кайра канга тайгаланган элдин какшаган үнүн жасалгалабай, чочулабай эле, ачуу болсо да чындыкты айтканга убакыт жетти. Учурдагы акыбалды, өткөн-кеткендерге салыштырып, жергиликтүү элдин пикири менен да эсептешип буларды айтар элем.

Ош коогалаңына себептүү болгон, сырткы жана тышкы факторлор, тарыхый өзөктүү жагдайлар бар. Сырткы факторлор деп, күчтүү мамлекетибиз Орусия Федерациясы эки президенти качып кеткен Кыргызстандын сырткы абалына кызыкдар экендиги байкалды. Анткени 7-апрелдеги революция деп атабыз, төңкөрүш деп атабыз ошол күндөрү 9-апрелде, революциядан эки күндөн кийин Россия Федерациясынын президенти Д. Медведев Кошмо штаттарынын Бурклинский институтунда лекция окуп, ошондо Кыргызстан боюнча суроо бергенде ал киши: “Кыргызстанда же граждандык согуш болот, же болбосо Кыргызстан түндүк-түштүк болуп, экиге бөлүнөт” деп айткан. Ал киши Россиянын атайын аналитиктеринин “көзү ачыктык” кылганы менен айтып койду болуш керек.

Мындан кандайдыр бир алдын-ала түзүлгөн сценарий боюнча атайын кызматтардын ойлоп тапкандары катары кабылдаса да болот. Экинчи бир сырткы фактор деп Кыргызстандагы абалга кызыкдар бул, кошунабыз өзбек мамлекети деп айтар элем.

Себеби жыйырма жылдан бери эмне себептен, чек ара маселеси чечилбейт. Демаркация болуп бүтпөйт. Расмий чек ара документтерди расмий Ташкент тааныбайт. Коңшулаш мамлекеттердин ортосундагы чиеленишкен, олуттуу делген маселеге чекит коюлбайт. Бул маселе майда-чүйдө эмес да. Анан 11-июнда Ташкентте ШКУнун саммиттинде Кыргызстандын маселеси каралмак эле. Ошол каралардын алдында 10-июнь түнү Оштогу провакациянын чыгышы кокусунан болгон жок.

Албетте Бакиевдерди жактагандардын кир колунун “салымы” бар деп күмөн санатпай койбойт. Андан сырткары эң негизгиси, бүгүнкү күнгө чейин көмөкчү болуп өзбек элинин лидерлеринин сепаратисттик-экстремисттик саясаттарынын таасирине бийлик тарабынан катуу сокку урулбай келгени. Эл ичинде тымызын от жаккандардын ээн эркин коюлганы улуттар арасындагы кан төгүлүүгө себеби бар деп айтса болот. Ушул жылдын 19-майынан кийин эле Кадыржан Батыровдун жергиликтүү ТВлардан айткан сөздөрү буга тикеден-тике көмөкчү болгон мисалдарга кирет.

Тимур Муратов: - Негизги себептерге деп мен дагы бир-эки себептерди кошуп кетейин. Убактылуу өкмөттүн түштүктөгү аброюнун төмөндүгүн жаап-жашырбай сөзсүз айтышыбыз керек. Бул эл ичиндеги жарашуу, сүйлөшүүдө элден уккандарыбыз. Экинчи, 7-апрелдеги революция план-программасыз, кадр маселесиндеги оюш-кыйыштар жаман ойдо жүргөндөрдүн чагымчылык жасоого шарттады. Убактылуу өкмөт муну 7-апрелден мурда ойлоп, сөзсүз эсепке алыш керек болчу. 2005-жылдагы төңкөрүш менен 2010-жылдагы революциянын айырмачылыгы, кан төгүлүү менен бийлик алмашылды.

Тимур Муратов
Бул трагедиялуу окуядан мурдагы президенттер Акаев, Бакиев , азыркы убактылуу өкмөт да жоопкерчилигинен кача албайт. Айтайын дегеним, Жамааттык коопсуздук келишими уюму болобу, же болбосо БУУнун аскерлери болобу, тынчтыкты кармап тургандарды чакыруу сунушуна эл эмнеге каршы чыкты? Эл өз тагдырын өзү чечүүнү туура көрдү. Анткени 1990-жылы Москванын билермандарынын колуна тапшырылган эл тагдыры эмне болду? Кыргыз өз жеринен качкын болгону аз келгенсип, бир үйдөң бир баласы өлсө, экинчиси дайынсыз болуп, үчүнчүсү түрмөгө түштү. Азапты көтөргөн ушунчалык болот.

Анан башка жактын күчүн чакыруу сунушу аткарылса Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн аброюна доо кетирген болот. Анткени улуттар жаңжалы дегенибиз менен кыргызбы, өзбекпи баары Кыргыз мамлекетинин атуулдары. Өзүбүздүн ички маселебизди чечүү убактылуу өкмөттүн милдетине жатат. 7-апрелдеги революциядан кийин Убактылуу өкмөт биринчи декрети менен өзүнө бүт милдетти мойнуна алган.

“Азаттык”:
- Мына, сиздер түштүктө болуп жаткан, улуттар арасындагы кандуу кагылышуунун себептерин иликтеген бир катар мисалдарды келтирдиңиздер. 1990-жылы Ошто башталган жаңжал 70 километр алыста жайгашкан Өзгөн шаарында уланып кеткени маалым. Бул жолу Өзгөн шаарынын эли ырасында тынчтыкты сактап калууга боло турган бир өзгөчөлөнгөн үлгү дейбизби, тынчтыкты каалагандыктын мисалы болушту. Ош шаарында да ушинтип жаңжалдын алдын алса болот беле?

Тимур Муратов: - Биз Бишкектен баргандан кийин эле туулган жерибиз Өзгөн районуна бой урдук. Өзгөн шаарынын жергиликтүү интеллигенция тобунун, аксакалдар баш болуп, биргелешип, тынчтыкты бузуп албоого чакырган сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү аракеттерин көрүп, аябай кубандык. Ошол жерден биз жаштарды бириктирген элдик кошун түздүк.

Өзгөн шаары деген бул транзиттик борбор да. Бишкек менен Оштун ортосундагы кан жол түн ичинде да ачык турду. Гуманитардык жардамдар, Ошко жеткирилген аскер күчтөрүн өткөрүүдө Өзгөндө эч кандай тоскоолдук болгон жок. Райондук ички иштер кызматкерлерине жардам бериш үчүн элдик кошундун күчүн көбөйттүк. Ал жерде үч жүздөн ашуун жаштар, өзбек-кыргыз жаштарынан түзүлүп, элдин коопсуздугун сактоого көмөктөшмөк болду. Айтайын дегеним, эгерде Ош шаарында күч органдары 11-июнь күнү бүт массалык түрдө тартипти сактап, Өзгөндө жасалгандай иш-аракеттерди Ошто жасаганда мынчалык оор коогалаң болбойт беле деген ойго келем.

“Азаттык”: - Ушу тапта Ош коогалаңы экинчи жолу кан төгүлүү менен кайталанып, карапайым элдин мендиргесин кетирип, алсыратып турган учур. Мындан жыйырма жыл мурда болгон Ош окуясына саясый баа берилбегенден ушундай болду деген пикирлер бар. Силер эмне дейсиздер?

Маматназар Жакыпбаев
Маматназар Жакыпбаев:
- Жылмалап, сөздү жасалма айтуунун кереги жок. Чындыкты айтууда тике жооптон качуунун кереги жок. Ушинтип маңдайга келгенде жаап-жашырып, артынан сүйлөп, элдин бүйүрүн кызыткан башкача сөздөрдү сүйлөп жүрүп, биз ушул абалга келдик. Кыргыз-өзбек илгертен бери тектеш, бир тууган болуп жашап келгенбиз.

Ата-бабаларыбыздан калган бир улуу сөз бар: “кимдин арабасына түшсөң ошонун ырын ырда” деген. Кыргыз мамлекетинде жашагандан кийин, кыргыз эли менен чогуу жашап жаткандан кийин, кыргыз мамлекетинин мыйзамдарын, кыргыздардын үрп-адат, салтын, эң негизгиси кыргыздын тилин, кыргыздын мамлекеттик атрибуттарын: гимнди, гербди, кыргыздын туусун кыргыз эли менен бирдей сүйүп, киндик каны тамган жери Кыргызстанды мекеним деп, баарын бийик тутуп, бир эле кыргыз эли эмес, бир эле өзбек эли эмес, башка дагы Кыргызстанда жашаган дунган, орус, татар жана башка улуттун өкүлдөрү болобу жашаган мамлекетин, анда жашаган элди сыйлашы керек.

Эмне үчүн жаңжал чыгып жатат? Кыргыздын коомуна, коомчулугуна, кыргыз элине толук кандуу интеграция болбой жатат. Кээ бирлер ассимляция дегенди башкача түшүнүп албасын, коомго интеграция болмоюн ушундай жаңжал боло бериши мүмкүн. Кыргыз мамлекетинде жашагандан кийин кандай улут болбосун кыргыз туугандары менен интеграция болуш керек. Мына ошондо гана жаңжал болбойт.

Тимур Муратов: - Ош - 90 окуясы айрыкча Өзгөн шаарындагы жашоочулар үчүн өтө чөн сабак. Ошондо чырдын башы Ошто башталган болчу. 1990-жылы Советтер союзу кулайын деп, өлөйүн деп, пайдубалы бузулуп турган маал эле. 1990-жылдагы Ош окуясына саясый баа берилгенде, 2010-жылдагы Ош коогалаңы мынчалык абалда болбойт эле. Ошол убактагы саясый жетекчилер милдетти моюндарына алып, саясый жоопкерчилик менен мамиле болгондо “улуттар арасындагы жаңжал” дегенге бийлик тарабынан тыюу салынмак.

Тимур Муратов
Улуттар арасындагы жаңжалды курал кылган сеператисттик жагдайларга сокку урулган болот эле. Ошондон саясый жоопкерчилик деген бул түрмөгө камоо эмес. Бул жалпы элдин, журттун, мамлекеттин коопсуздугун сактоонун кызыкчылыгы үчүн саясый жооп болуп эсептелет. Тескерисинче, саясый баа берилбей, кылмышкерлердин мойнуна коюлбай, анын ордуна карапайым элдин ичиндеги бечара кыргыздын балдары камалып кеткен. Анткени саясый баа берилбегенден улам окуяны жабыш үчүн жергиликтүү, түптүү улуттун элине кылмыш иши ачылып, бир тараптуу күнөө коюлган. Ошондон айтарым 2010-жылдагы Ош жаңжалына, деги эле түштүктөгү кандуу окуянын чыгышына, улуттар жаңжалына кылмыш иши ачылып, саясый баа берилиш керек. Мындай иштер сөзсүз саясатчылардын мойнунда болот.

Маматназар Жакыпбаев: - Улуттар арасындагы жаңжалдын кайталанып чыгышын шарттаган бир өзөктүү маселе бар. Айрыкча Советтер союзу учурундагы кулчулук психологиянын негизинен келип чыккан бир жагдай бар. Бул кыргыз эли феодалдык коомдон келип, кат тааныбаган, сабаты жок кыргыздарды октябрь революциясы биздин көзүбүздү ачып, феодалдык коомдон секирип социалдык коомго келдик, малдын артынан жүргөн кыргыздар келип, сабаттуу болду деген кулчулук-психология ушул окуянын саясатташып кетишине алып келди десе болот. Себеп, ошол эле учурда өзбек туугандар: “кыргыз туугандар сабатсыз экен, отурукташкан эмес экен, шаардын баары биздики, архитектура бизде болгон, билим-илим бизде болгон” деген.

Анан мамлекеттер аралык, коңшу менен адекваттык мамиле башынан таасирдүү болгон эмес. Өзбек мамлекетинде кыргыз улутташтарыбыз кандай жашап жатат? Ошол эле учурда Кыргызстандагы өзбек этносу кандай жашап жатат? Өзбекстандагы улутташтарыбыздын мектеби жок. Латын алфавитине өткөндөн кийин тили унутулуп баратат. Керек болсо паспортундагы кыргыз дегендин ордуна өзбек деп жазып жатат. Өзбекстан боюнча он чакты мектебинен башка эч нерсе жок. Ташкентте бир маданий борбору бар. Андан башка кыргыздар үчүн шарттар түзүлгөн эмес. Биз эмне үчүн Өзбекстанга барып, улутташтарыбыздын абалын сурабайбыз. Удургутуп күйгөн киши болбойбуз, же түшүнбөйбүзбү? Себеби ар бир мамлекеттин өз саясаты бар. Кайсыл жерде жашасаң, ошол жердин элин, суусун сыйлаш керек деген улуу тарбия бар. Алардын жашоосуна кийлигишкенибиз туура эмес.

Айтайын дегеним, Кыргызстанда өзбек туугандар кандай шартта жашап жатышат? Маданий борборлору бар, драма театрлары бар, мектептери, университеттери бар. Анан кийин ошол университеттерде эмнелерди окутуп жатат? Кыргыздын тарыхын, кыргыз мамлекетинин идеологиясын, Манастын осуятын эмес, Өзбекстандын саясаты жүргүзүлүп жатат. Мына ушулардын бардыгы келип, мамлекетти тааныбаган абалга жеткендеги жыйынтыкты көрсөтүп жатат.

Тимур Муратов, Маматназар Жакыпбаева жана "Азаттыктын" кабарчысы Жаркын Темирбаева
“Азаттык”: - 2010-жылдагы түштүк калабасы массалык маалыматтарда бир тараптуу чагылдырылды. Маалымат согушу жүрүп жатат. Кыргыз маалыматы өтө солгун болуп, бейтараптуулук сакталган жок деп жатышат. Айрыкча чет элдик басылмалардын кызыкчылыгына айланды дешүүдө.

Тимур Муратов: - Чындыгында абал аябай оор. Маселе жеңил эмес. Бүгүн массалык маалымат каражаттарынын өнүгүп турган учурунда, интернет булактарынын күчтүү тарап турган шартта жашап жатабыз. Ошондуктан сөздүн зор күчү бүгүн роль ойноп, аябай бааланып жатат. Ошто маалымат согушу жүрдү. Биздин маалымат каражаттары окуяны чагылдырууда жеңилди. Ачык эле айталы, кыргыз улутунун өкүлдөрү экинчи жолу “күнөөсүз күнөөлүү” болушту.

Дагы бир кырдаал бар. Ал Кыргызстан эгемендүү болгондон бери саясатчылардын жүргүзүп жаткан саясаты тууралуу айтар элем. Элдин тагдыры менен от менен ойногондой ойноп жаткандыктын жыйынтыгынан сабак алыш керек. Улуттук сезимдерди козгоп, саясый кызыкчылыктардын куралына айланып кетүүдөн сактаныш керек экен деген сабак жатат. Өзгөчө түштүк тарапта, кээде Бишкек шаарында да болот.

Мына депутаттык шайлоолордо кайсыл жерде компактуу жашаган кайсыл улут болсо, ошол улуттун өкүлү депутат болуп шайланып атат. Ошон үчүн улуттар арасындагы жаңжалга себеп болчу тарыхый өзөк бар. Эл саясый курал болуп калды.

Дагы айтарым, учурдагы болуп жаткан түштүктөгү окуянын чагылдырылышынын өзү улуттар арасындагы абалды курчутууга кызыктар болгон лидерлер өз билгениндей абалды калчап жатышат. Чет элдик басылмаларда улут аралык жаңжалдын бир тараптуу берилиши да ошолордун таасиринен болду. Албетте кыргыз улутундагылардын кыжырын кайнатса, өзбек улутундагылардын бүйүрүн кызытып жатат. Согушта эч качан кырсык кимди ким деп тандабайт. Улуттар аралык кагылышуу деп айтылганы менен кырсык, өлүм жалпыга келген апаат, жоготуу менен коштолот.

Ошентсе да кыргыз улуту, айрыкча Ош окуясын баштан кечирген эл, түпкүлүктүү улуттун өкүлдөрү Ата-Журтунун башына түшкөн капсалаңдуу окуяны кан жутуп, көтөрүүгө мажбур болуп жатышат. Кырсыкка чыдамкайлык менен жооп берип жатышат. Качанкага чейин чыдоого чакырып отура беребиз. Кыргыз улуту кечиримдүү болуп, өлгөн-житкенине карабай дале болсо элдешели, тынчтыкка келели деп жатышат. Көрсө кыргыз кечиримлүүлүгү менен улуу эл деп бекеринен айтылбайт экен.

"Азаттык": - Рахмат маегиңиздерге, мындан ары журтубузда тынччылык болсун!

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG