Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:00

Өзгөндүктөр тынчтыкты кантип сактап калышты?


Өзгөн шаарынын тургундары Жараткандан тынчтыкты сактап калууну суранышууда. 15-июнь
Өзгөн шаарынын тургундары Жараткандан тынчтыкты сактап калууну суранышууда. 15-июнь

Түштүктөгү коогалаң учурунда Ошко жакын турган Өзгөн шаарында абал тынч болуп, эки элдин ортосунда эч кандай араздашуу болгон жок. Аймакта тынчтык кантип сакталып калганын Өзгөн шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Илхом Абылкасымов айтып берди.

- Өткөн жумаларда түштүктө болгон тополоң окуялар учурунда Өзгөн шаарында мындай баш-аламандыкка жол берилген жок. Сиздер кандай жол менен Өзгөндө тынчтыкты сактап калдыңыздар?

- Кудайга шүгүр, Өзгөн шаарында абал тынч. Ошол тынчтыкты сакташтын бирден-бир жолу - эл менен иштөөнүн жыйынтыгы деп эсептеймин.

- Сиздер шаарды сактап калуу иштерин кантип уюштурдуңуздар, Ошто ушундай окуя болоорун алдын-ала билдиңиздерби?

- Жок. Ошто андай окуясы болоорун эч кимибиз билген эмеспиз, бизде андай ой да болгон эмес. Июндун он биринде Оштогу окуя башталгандан кийин райондун акиминин милдетин аткарып жаткан Алишер Бакишев райондогу бардык жетекчилерди топтоп, Ошто болуп жаткан окуя жөнүндө бардыгын бизге түшүндүрүп берди. Ошондон кийин укук коргоо органдарынын кызматкерлери, ошондой эле мекеме-ишканалардын жетекчилери бир ойго келдик. Кандай болсо дагы элге Оштогу окуя Өзгөндө кайталанбашы жөнүндө жакшы түшүндүрүп берип, элдин аң сезимин көтөрүү жөнүндө өзүбүзгө милдет алдык. Ошол боюнча биз адамдарга жакшы түшүндүрүп бердик. Негизи Кыргызстандын аймагында турган ар бир дарактан тарта ар бир имаратка чейин мамлекеттин байлыгы экендиги жөнүндө түшүндүрүп бердик. Экинчиси, бул турмушта Кудай жараткан адам деген заттан ыйык нерсе жок экенин адамдарга түшүндүрдүк. Бүгүн бир Кудайга шүгүр деген ниет менен Өзгөндүн элине чоң ыракмат айтыш керек, биз берген түшүнүктөрдүн бардыгын кабыл алганы үчүн.

- Чоң иш жасап сиздер дагы азаматтык кылыптырсыздар. Ошол эле учурда эл аралык маалымат чөйрөсүндө Ош, Жалал-Абаддагы коогалаңда жергиликтүү улут өкүлдөрүнө, кыргыз бийлигине карата бир тараптуу айыптоолор да жок эмес. Ушул кандуу кагылышууларга ким күнөлүү деп ойлойсуз?

- Менин жеке жообум, мамлекетти түзүүдөгү кырдаалда эң негизгиси эки улутту араздаштырып, арасына от жагып, алардын арасында тополоң чыгарып, жаңы бийликке, мамлекеттин саясатына каршы болгон күчтөрдүн ою деп ойломун. Ошол жерде эки эл тең чагымдарга берилип кетти. Бүгүнкү күндө өзбек эли болобу, кыргыз эли болобу элден деген айып койгондун кереги жок. Дүйнө коомчулугу саясий баасын берип атат, болгону биздин мамлекет бир нерсени аткарыш керек. Ошол уюштуруучулардын бардыгын кошуп, ошону аткаргандардын бардыгын таап, катуу, мыйзамдын чегинде жаза бериш керек. Жеке оюм боюнча, уюштуруучулар мамлекеттин сыртында дагы болушу мүмкүн, мамлекеттин ичинде дагы болушу мүмкүн. Кыргыз мамлекетинде башталып жаткан жаңы саясатка тоскоолдук кылуу алардын ниети болсо керек.

- Өзгөндүн тегерегиндеги өзбек туугандарга кысым болгон жокпу азыр?

- Өзгөндө Мырзаке деген айылда Ислам медресеси бар. Ошол медресенин мүдүрү ажы Абдырахман кары Мырзаке айылындагы, Кара-Кулжа районунун аймагындагы адамдарды алып келип, ошол кооптуу делген 12-15-июнь күндөрү бүтүн элди айланып чыгышты. Ушул убакыттан пайдаланып ажы Абдырахман карыга чоң ырызычылыгымды билдирем, бүтүн элди айланып чыгышты. Азыр Өзгөндүн базарларынын 80-90 пайызы иштеп жатат, элде эч кандай терс ой жок. Аң-сезим деңгээли жакшы деген адамдардын арасында андай түшүнүктүн болушу мүмкүн эмес. Бүгүн Өзгөндө мекеме-ишканаларда иштеген жарандар өздөрүнүн атуулдук парзын аткарып жатышат. Кысым же башка кара ниетти көздөгөн акциялар эл арасында жок. Кээ бир жерлерде ошондой сөз болушу мүмкүн. Өзгөн шаарына же районго андай баа беришке эч кимдин укугу жок. Ошондуктан бүгүн Өзгөн шаарында абал туруктуу.

- Рахмат маегиңизге, тынччылык болсун!

XS
SM
MD
LG