Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:58

Ош: Референдумдан кийинки кырдаал


Ош: өзбек конуштарындагы көчмө добуш берүү, 27-июнь.
Ош: өзбек конуштарындагы көчмө добуш берүү, 27-июнь.

Оштун өзгөчө абал киргизилген аймактарында референдум алдында алынган коменданттык саат кайра киргизилди. Референдумдан кийинки Оштогу кырдаал боюнча суроолорго аймактагы кабарчыбыз Алишер Токсонбаев жооп берди.

- Ошто референдумдан кийинки алгачкы түн кандай өттү?

- Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнөн билдиришкендей, түн тынч өттү. Бир дагы чатакташуу, атышуу же киши өлтүрүү сыяктуу окуялар катталган жок. Ушундай эле акыбал түштүк борборунда да өкүм сүргөнүн Ош шаардык мэриясынан маалымдашты. Кечээ кайрадан өзгөчө кырдаал жарыяланган Араван жана Кара-Суу райондорунда, Өзгөн жана Ош шаарында аскер, милиция күчтөрү мурдагыдай күчөтүлгөн режимде иштешүүдө. Бул туурасында “Азаттыкка” кабарлаган аймактык комендатура эгерде зарылчылык болсо Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун ыкчам тобу жардамдашарын айтышты.

- Референдумга чейин бир топ укук коргоочулар, ошондой эле саясатчылар да айтып атышкан, Ош менен Жалал-Абаддагы коогалаңдан эки апта өтпөй жатып референдум өткөрүү канчалык туура болот дегендей маанидеги сөздөр болгон эле. Коогалуу күндөрдөн кийинки Ошто референдум кандай өттү?

- Референдум дээрлик тынч өттү. Ош облусунда шайлоочулардын 58, 94 пайызы, Ош шаарында 51,05 пайызы добуш беришти. Алардын коопсуздугун бир жарым миңге чукул милиция кызматкерлери камсыз кылып турушту. Бул жергиликтүү шайлоо коммиссияларынын ушул саатка карата билдирүүсү, алар кошумчалагандай бул акыркы маалымат эмес. Тоолуу райондордун отчету келе элек, ага жараша көрсөткүчтөр өзгөрүп кетиши да ыктымал.

- Референдум алдында Өзбекстанга качкан айрым качкындардын дээрлик баары кайра мекенине, өз үйлөрүнө кайтканы айтылган болчу, алар добуш берүүгө кандай катышканын байкай алдыңызбы?

- Ооба, чек ара кызматынын ырасташынча Өзбекстанга качкан 76 миңдей качкын кайра мекенине кайтып келген. Кечээ биз өзбектер жашаган маалелерди аралап көрдүк. Алардын көпчүлүгү добуш берди десек болот, бир тобу убактылуу паспорт менен, айрымдары кварталдык комитеттердин күбө наамалары менен добуш беришти. Бирок алардын арасында өлгөндөрдүн кыркы чыга элек, дайынсыз жоголгондор табыла элек азыркыдай учурда референдумду артка жылдырып турса болмок дегендер да болду.

XS
SM
MD
LG