Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:43

Ош: Кандуу калабага бир ай


Оштун көчөлөрү алоолонгон оттун кучагында калды, 11-июль.

Оштун көчөлөрү алоолонгон оттун кучагында калды, 11-июль.

Мындан туптуура бир ай мурда Ошто кыргыз-өзбек улутундагы жаш жигиттердин ортосунда тутанган чатак чоң кандуу калабага айланып кеткен эле. Жергиликтүү коомчулукта учурда коопсуздук чаралары күчөтүлбөсө мындай окуя дагы кайталанышы мүмкүн деген чочулоолор да жок эмес.

Кандуу калаба үчүн кыргыз бийлиги ириде Бакиев режимин айыптаса, жергиликтүү тургундар жана бир катар коомдук-саясий ишмерлер өлкө ичиндеги сепаратисттик күчтөр эки элди атайылап кагыштырды деген пикирди карманып келатат.

Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбек Акундун баамында, Ош окуясынын тутанышына өлкөдөгү социалдык теңсиздик себепкер:
Кандуу калабада жүздөгөн адамдар жакындарын жоготуп, минтип үй-жайынан ажырап калды

- Буга чейин улуттар аралык маселе улам курчуп олтурган. Анткени элдин бир катмары жакшы турмушта жашаса, экинчи тарабы эптемей жашоону баштан кечирген. Ошентип атып аймакта социалдык теңсиздик өкүм сүргөн. Чынында өзүбүздүн жерибизде кайра бирөөлөрдүн колун карап жашаганды мен дагы туура эмес саясат деп эсептеймин. Мындан тышкары бул жерде башка күчтөр дагы роль ойноду. Кээ бир кишилер азыркы бийликтин өкүлү катары аскер формачан жүрүп, калкка бир мезгилде акча дагы, автомат дагы таратып, анан артынан айылдарды карай атып жатышты.

Ал эми өзүн Химияхан деп тааныштырган Ош шаарынын жашоочусу кылгылыкты өлкөнүн ичиндегилер кылды деп эсептейт:

- Токсонунчу жылкы Ош окуясын кылгандар канакей? Азыркысы андан беш бетер болду. Нечендеген балдардын жаны кыйылды. Бир канча кыргыздар, бир канча өзбектер өлдү. Буга ким айыптуу? Жалаң кедейлер жабыр тартышты. Кылмышты жасагандар изин суутушту. Калган күнөөсүздөр ар жерде минтип тентип жүрүшөт. Алардын тагдырына ким жооп берет?
Дайынсыз жоголгон жакындарынын сүрөтүн көтөрүп облустук бийликтин алдына чыккандар, 18-июнь

Бирок Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алишер Сабиров жогорудагыдай ойлорго кошулган жок:

- Албетте, бул чагымчылык күн мурунтан даярдалган. Менин айтаарым: бүгүн ким күнөөкөр деп сүрүштүрүүнүн кажети жок. Андан көрө трагедиялуу окуянын кайталанбасына бөгөт коюубуз абзел. Мындайда чагымчылыкка азгырылган болбойт. Эртеңки күндү ойлонгон оң. Анткени кыргыздар жана өзбектер дайыма чогуу жашаган калк, мындан кийин да ошондой турмуш күтүүгө милдеткер!

Анткен менен өлкө ичиндеги сепаратисттик агымдар эки элди атайылап кагыштырды деген пикир күч. Буга улай чукул арада коопсуздук чаралары күчөтүлбөсө, июндагы коолагаң дагы кайталанат деген чочулоолор дагы жок эмес.
Оштун бир көчөсүндөгү аскерлер, 14-июнь.

- Окуя онунчу июнда кеч башталды. А он биринде башаламандык күчөп, талап-тоноо кулачын жайды. Ошолорго мамлекеттик деңгээлде кымындай чара көрүлгөн жок. 11-12-13-июнь күндөрү Ош таптакыр кожоюунсуз калды. Ошон үчүн кандуу калабага ыңгай жараткан адамдарды, анын ичинде бир топ аткаминерлерди жана күч түзүмдөрүнүн далай жетекчилерин кызматынан четтетиш керек. Андан соң алар жоопкерчиликке дагы тартылууга тийиш! Эгерде антишпесе, азыркындай тополоңдор дагы кайталанышы толук ыктымал. Анткени менин байкашымча, шаарда гана эмес облуста куралданган армиясы бар ар түрдүү улуттун өкүлдөрү пайда болду. Эми ошолор бүгүнкү бийликке абдан таасир этип жатышат, - деди жергиликтүү коомдук жана саясий ишмер Төлөгөн Келдибаев.

Арийне Ош облусунун жана шаарынын укук коргоо органдары тургундардын чочулоосуна негиз жок экендигин айтышууда. Алардын маалыматына караганда, аймакта кырдаал дээрлик турукташып калды:

- Ош окуясынын башында тургандар жана аны уюштургандар сөзсүз жоопко тартылат. Бул багытта тергөө-иликтөө амалдарын жүргүзүп жатабыз. Анын жыйынтыгы, албетте, болот, - деген Ош аймагынын коменданты Бакыт Алымбеков элди ушак-айыңга азгырылбоого чакырып, июнь окуясы кайталанбасы үчүн алдын ала катаал чаралар көрүлүп жаткандыгын билдирди.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымдашынча, июндагы этникалык кагылышуу убагында Ош жана Жалал-Абат жергесинде 332 адам каза тапкан, мындан тышкары эки миңден ашуун киши ок жеген жана зордук-зомбулуккка кабылган. Жабыркагандардын басымдуулугу жыйырмадан кырк төрт жашка чейинкилер. Бирок айрым байкоочулар каза тапкандардын саны расмий маалыматтагыдан алда канча көп болушу мүмкүндүгүн айтышууда.

Өзгөчө кырдаал министрлиги болсо массалык башаламандык учурунда 2168 имарат, анын ичинде 1841 турак жай өрттөлүп-талкаланганын кабарлады. Жалпы материалдык чыгым азырынча 3 миллиард 265 миллион 376 миң сом деп бааланууда.

Тасмада: Оштого тополоң, 11-июнь.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG