Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:06

Оштун көчөлөрүндө күнүмдүк коопсуздук aнчейин. Көз карая электе кафе, дүкөндөр жабылып, эл үйгө шашат. Айрымдар күндүз да көчөдө жүргөндөн кооптонушат.

Ошто кайсы тарапты карасаң да заңкайып Сулайман-тоо көрүнүп турат. Ыйык тоонун батыш тарабындагы борбордук аянтта фонтан атылып, кызыл-тазыл гүл жайнайт. Шаңдуу музыка жаңырып, жарашыктуу кийинген кыздар топ-топ болуп турушат. Мектептен келаткан тестиер бала эриккенден жолдун улам бир тарабына өтүп, ары-бери баскандарды улам карайт.

Анда-мында гана күйгөн устун, таштандыдан тазаланбай, терезелери оңурайган соода борборлору, бир нече жерде жашыл-ала боёлгон танктар, базарларда эл аралап жүргөн куралчан аскерлер Ош жергесинде али бейкуттук кылдын учунда экендигин эске салат.

Оштун жаңы аянтында сейилдеп жүргөн кыздар, октябр, 2010-ж..

Шаардын ички иштер бөлүмүнүн эсебинде, Ошто июнь-июль айларында караманча токтоп калган жол кыймылы август айында 30 пайызга калыбына келсе, бүгүн бул көрсөткүч дагы өскөн. Маршруткалар Бишкектегидей жайнабаса да, Ош тургундары негизинен ушул чакан автобустар менен жүрүшөт. Бирок таксиге түшкөндөр да көп. Бир таксист кечкисин жолго чыкпай тургандыгын айтат. «Түшүп, акысын төлөбөй кетишет» деп көргөн ызасынын четин чыгарды.

Рахимов Ахматжан да (аты өзгөртүлүп берилди) такси айдап оокат кылчу, июндагы коогалаңда машинасын тарттырып жибергенден кийин бир нече ай бою тартип коргоо органдарына барып, арызын каттата алган эмес. Юридикалык жардам берет экен деп угуп, жергиликтүү укук коргоочуларга келип, арыз жазып отурган Рахом Тико машинасын атасы «Машинадан өмүр кымбат» деп, союлчандар келгенде кармата берген.

Бул карапайым жигитке арыз жазганга жардам берген укук коргоочу (атын атабоону суранды) соттон акыйкаттык табыш кыйын болуп калгандыгын айтып келип, ал тургай көчөдө эле милиция токтотуп, жөн жерден асыла берерине даттанды:

- Өз машинам менен кайтып келатсам, милиция токтотту. Менин документтерим баары бүт ордунда. Эреже бузган эмесмин. Эч кынтык жок. Эки милиция, жанында эки киши турган экен. Мага айып кагазын толтура баштады. Мен "достор, мен эч кандай эреже бузган жокмун го" деп нааразы болсом, "сен тазсың, ошондуктан, биз сага айып жазабыз» дейт.

Юрист бул окуяны күлүмсүрөп айтып жатты, бирок анын баяны мага таптакыр күлкүлүү көрүнгөн жок:

- Жарылып кете жаздадым, бирок кантип өзүмдү коргой алайм? Эч кантип. Эки маишник турат, жанында эки күбө турат. Ал балдар мени шылдыңдап күлүп атышат.

Оштун Курманжан датка көчөсү, мейманкананын алдында кадимки согуштук танк бүгүн да турат. Октябр, 2010-ж.

Одоно мыйзам бузууларга караганда, мындай келекелеп, кордогон учурлар менен күрөш алда канча татаал. Көп өлкөлөрдө ар кандай жекелөө - дискриминация менен күрөштө өз ара түшүнүүчүлүктү күч алдыруу үчүн атайын түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, окуучулар менен алмашуу өңдөнгөн ар кыл ыкмалар колдонулат. Ал эми тартип коргоочулардын өзүм билемдигин чектөөдө аларга азчылыктардын өкүлдөрүн аралаштыруу ыкмасы адам укуктары бекем корголгон өлкөлөрдө эбактан ийкемдүүлүк менен колдонулуп келет. Бирок кыргыз коомчулугу, кыргыз бийликтери буга даярбы?

Президенттин Оштогу коомдук кабылдамасы Ош акимиятынын заңгыраган имаратынын биринчи кабатында жайгашкан. Кабылдаманын баш өкүлү Абдыкаим Кангелдиев көп жылдар жарандардын укугун талашып, "Мыйзамдуулук" деген бейөкмөт уюмду жетектеп келген тажрыйбалуу укук коргоочу.

"Азаттык": Кандайча тартип коргоочулардын өзүм билемдигин чектөө мүмкүн?

А. Кангелдиев: Андай учурлар бар. Биздин түз байланыш телефонуна чалышат. Биз дароо чара көрөбүз. Мисалы, өзбектер жашаган Нариман айылынан Азимов деген бала телефон чалган. Жөө бараткан баланы МАИ кызматкерлери кармап алып, соткасын, паспортун алып коюшуптур. Биз дароо областык МАИ башкармалыгынын жетекчиси Бегалиевге чыктык. Алар эки сааттын ичинде тартип бузган кызматкерлерди таап, балага паспортун, телефонун кайтарып беришти.

"Азаттык": Менимче, бул бирин-серин көрүнүш эмес, системдүү проблемага айланган. Ошондуктан балким тартип коргоочулардын улуттук курамын бир аз тууралаш керектир, же түшүндүрүү иштерин жүргүзүш зарылдыр?

А. Кангелдиев: Жок, мен улуттук баланска алып келүү менен маселени чечүү керек дегенден алысмын. Бул туура эмес чара болуп калышы мүмкүн. Менимче, тартип коргоо кызматкерлерин тартипке чакыруу керек. Аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүш керек.

"Азаттык": Баары эле тартип коргоочулардын компетенциясына кирбеши мүмкүн. Мисалы, жүргүнчү таксиде жол акысын төлөбөй кеткен, же бул жакка келбе, тигил жерде соода кылба деп эл көрбөгөн жерде коркуткан учурлардын баарына милиция жетишпейт да?

А. Кангелдиев: Андай нерселер болуп келген, боло да бериши мүмкүн. Бирок биздин түз байланыш телефонубузга эч ким кайрылган жок. Бир да арыз түшкөн жок...

Өзбектердин маалесинде, бул кишилер абал тынчып, кылмыштуулук азайганын айтышты. Октябр, 2010-ж.

Жетекчилер улут маселесинде бардыгы жакшы, улут дегенди сөз кылбагылачы, бардык проблемалары чечилип атат деп айтышат. Алар бир чети отко май чачып албайлы деп сактанып жаткан болушу мүмкүн. Бирок ооруну жашырса өлүмгө ашкере кылат эмеспи. Анын үстүнө, калктын бир бөлүгүндө тартип коргоочуларга ишеним солгун болуп турганда, тартип коргоо деген бир олуттуу системага айланып барат.

Мурда милицияда иштеген Искендер (өз аты эмес) июнь коогалаңынан кийин жумушунан кол жууп калган. Узун бойлуу, кең далылуу бул жигиттин атасы өзбек, энеси кыргыз. Алайда энеси өтүп кеткендиктен, жаңжал башталган күнү ишке үч күн ишке чыкпай калган:

- 10-июнда энемдин тажиясы эле. Бизде, мусулмандарда, бата (куран окуттуу) деген бар. Менин башчыларым батага келишкен. Анан кайра мага ишке чыккан жоксуң дешти. Бирөөсүн 12синде өзбектер уруп кеткен экен, "сен ошолорду табасың" деди. Мен ал күндөрү иште болбосом, кантип табам десем, анда иштен кет деди.

Азыр бейөкмөт уюмдун биринде иштеген Искендердин айтымында, өзү менен иштеген 12 өзбек кесиптеши да ар түрдүү себептер менен жумушсуз калган:

- Иштөө мүмкүн болбой калды. Моралдык климат ошондой болду. Рапортто "үй-бүлөлүк шартына байланыштуу, өз ыктыярым менен кеттим" деп жазышты. Бирок аларды кетүүгө аргасыз кылышты.

Сөзгө ушул эле жерде отурган экс-депутат, таанымал коомдук ишмер аралашты. Ал да атын атагысы келген жок. «Июнга чейин маршрутка айдагандардын 70-80 пайызы өзбектер эле, аларды уруп-согуп, коркута беришип, бүгүн аз эле калды» деп сөз улаган бул киши акыйкаттык үчүн коңчулаш Жалал-Абадда абал Оштогудан кыйла мыкты экендигин белгиледи:

- Мындай учурлар көбүнчө Ошко мүнөздүү. Жалал-Абадда мындай көрүнүш жокко эсе. Анткени ал жакта тартипти бекем колго алышкан. Губернатордун көзөмөлү күчтүү, ар бир кишиден жооп сурайт. Коомдук пикирди да туура багытка салышкан. Жөн эле ар кимди камакка алышпайт. Өз билемдикке жол беришпейт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG