Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:58

Отунбаева: Азыркы бийлик мурдагылардын катасын кайталоодо


Роза Отунбаева
Роза Отунбаева

Президент Алмазбек Атамбаевдин "өлкөдө кол тийгистер жок" дегени жалаң гана оппозицияга эмес, бардыгына карата бирдей болушу керек. Мындай пикирин ушу тапта Бишкектин борбордук Ала-Тоо аянтында өтүп жаткан митингде сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева билдирди.

- Мунун баарын башыбыздан өткөргөнбүз. Азыркы бийлик буга чейинки бийликтердин кылганын кайталабайт деп ишендим эле. Саясий күрөш жүрүп жатат. Текебаевдин камалышы - бул акыйкатсыздык, эгемен Кыргызстандын бийлигине жарашпаган нерсе. Бүгүн Атамбаев кол тийгистер жок деди. Бирок ошондой принцип баарына карата тең болушу керек да. Ак үйдө канча дегендер толуп отурбайбы?

Президент Алмазбек Атамбаев 27-февралда апрель окуясында жабыркагандар жана жарандык активисттер менен жолугушкан учурда алар "мародерчулукка айыпталган айрым саясатчылар жазадан качуу аракетин көрүүдө" деп айтканы маалымдалган. Атамбаев Кыргызстанда кол тийбестик деген түшүнүк жок деген жооп кайтарган. (RK)

XS
SM
MD
LG