Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:41

Роза Отунбаева Ошто


Бүгүн Убактылуу өкмөт жетекчиси Роза Отунбаева кандуу тополоңдон жабыркаган Ошко барып, ооруканаларды кыдырып, жабыр тарткандардын ал-абалы менен таанышты, арыз-муңун укту. Шаар тургундары убактылуу өкмөттүн жетекчисине барымтада жаткан адамдарды бошотуп алуу, өзбек маалелериндеги тосмолорду алуу, өзбектердин колундагы куралдарды жыйнап алуу, гумжардамды туура бөлүштүрүү жөнүндо талаптарды коюшту.

Кабарчыбыздын айтымында, борбордук аянтка чогулган үч жүзгө жүзгө жакын адамдар Роза Отунбаевага жолугуп, барымтада жаткан адамдарды бошотуп алууга чара көрүүнү, өзбек маалилериндеги тосмолорду алып салууну талап кылышты. Ошондой эле чогулгандар милиция жана аскер күчтөрү куралдардарды жалаң гана кыргыздардан жыйнап, өзбек тарапка кире албай жатканын айтышып, өзбектердин дагы колундагы куралдарды жыйнап алуу зарыл дешти.

Ошко келип жаткан гуманитардык жардамды бөлүштүрүүдө көп кемчиликтер болуп жатат деген нааразылык да айтылды. Чынында эле Ошко тонналаган азык-түлүк жеткирилип жаткан менен көп адамдарга жардам жетпей жатат деген нааразылыктар көп болуп жаткан.

Роза Отунбаева эки күндүн ичинде өзбектерден дагы курал-жарактар жыйналып, маалелердеги тосмолор алынат деп айтты. Тосмолорду өзбектер өз ыктыяры менен алып салбаса, анда аларды күч менен ачууга толук мүмкүнчүлүк бар экенин Ош шаарынын коменданты Курсант Асанов билдирди.

- Өзбек маалелеринде кыргыз аскерлерине ишеним жок. Мен бүгүн өзбек айылдарында жашаган бир катар досторум менен телефон аркылуу сүйлөштүм. Аларда бизди дагы атышат деген бир топ чочулоолор бар экен. Ошондуктан алар өрттөлгөн машине, кыйылган дарактар менен бекинишип, эч кимди киргизбей жатышат. Кыргыздарды барымтага алуу аракеттери байкалууда,-дейт кабарчыбыз Жанарбек Акаев.

Ош областынын коменданты Өмүрбек Суваналиев маалымат каражаттарына шаардагы кыргыздар жана өзбектер барымтадагы адамдарды өз ара алмашууга киришкенин билдирди. Канча адам барымтада жатканы жөнүндө эч ким так билбейт, процесс чаржайыт жүрүүдө.

Роза Отунбаева Ошто болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:49 0:00

XS
SM
MD
LG