Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:10

Бишкек-Ош жолундагы чектөө алынды


Бишкек-Ош жолундагы Чычкан капчыгайына түшкөн кар көчкүгө байланыштуу киргизилген убактылуу чектөө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, учурда “Сосновка” өткөрмө бекетинен бардык автоунаалар өткөрүлүп жатат.

Бүгүн Чычкан капчыгайында таңга маал кар көчкү түшкөн. Маалыматка ылайык, 7 200 метр куб көлөмөгү көчкүдөн улам жол убактылуу жабылган эле. Учурда жол тазаланып бүттү.

Муну менен катар Өзгөч кырдаалдар министрлиги Жалал-Абад облусундагы Торкен-Толук жолуна көчкү түшкөнүн кабарлады. Учурда жолду тазалоо иштери башталып жатат. (BkA)

XS
SM
MD
LG