Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:58

1-апрелде Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев менен Словакиянын лидери Иван Гашпарович жолугушуп, тараптар соода-экономикалык жана гуманитардык байланыш боюнча маселелерди талкуулашты. “Азаттыктын” тегерек үстөлү да ушул темага байланыштуу болуп, ага профессор Тилектеш Ишенмкулов жана тарыхчы Турат Сырдыбаев катышты.

“Азаттык”: Өзүңүздөргө белгилүү, Словакиянын президенти Иван Гашпарович менен Кыргызстандын лидери Курманбек Бакиевдин жолугушуусу өттү. Анда экономика, маданият, гуманитардык жана башка багыттар боюнча кызматташуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүрдү. Эми биз ушул жолугушуунун мазмунуна өтөөрдөн мурда бир аз тарыхка кайрылып кетсек. Негизинен Словакия, деги эле Батыш өлкөлөрүнүн Кыргызстан менен мамилеси тарыхта кандай белгиленет?

Тилектеш Ишемкулов: Жалпысынан айтканда бул абдан туура коюлган суроо. 1990-жылдан баштап биздин социалисттик лагерь, анан мурдагы Совет мамлекетинин ар бир улуттук республикалары жадырап жайнап деп айткан кыйын, сөгүлгөн учур да. Бардыгы Батыш Европага да, Чыгыш Европага да жетти.

Чехословакия экөө биригип турган өзүнчө мамлекет болчу. Ошонун ичинен алып караганда Словакия деген кичинекей муштумдай эле республика. Эгер сөздүн түп маанисинде айтканда, кийинки учурларда биздин республикага эч кандай делегациялар келбей калды, бул бир.

Экинчиден, биздин делегациялар, мейли мамлекет башчыбы, өкмөт башчыбы эч жакка чыкпай калды. Ушунчалык боштук болуп калды. Мына ошонун ичинде "жок дегенде жоголсун" дегендей болуп Словакиянын президенти Иван Гашпарович келип атат. Бул эми сөздүн чынын айканда анчалык деле жогорку деңгээлдеги, тарыхий мааниге ээ боло турган көрүнүш эмес. Анткени кичинекей мамлекет, анын эч кандай ашып-ташыган байлыгы жок. Европа мамлекетинде, ошонун ичинде Чыгыш Европадагы ээлеп турган өзүнчө бир салмактуу орду жок.

Бирок "Кыргыз Республикасына келиптир, бизди сыйлап атыптыр" деген гана, жалпы айтканда психологиялык деңгээлдеги анча-мынча утуш болуп эсептелет. Мындан эч кандай жогорку деңгээлдеги жыйынтыкты күтүүгө болбойт.

Бирок ошого карабастан апрелдин башында Прага - мурдагы бириккен мамлекеттин борборунда Обама менен Медведевдин ортосунда стратегиялык ракеталык куралдарды кыскартуу боюнча кол коюлат. Ушул жагынан алып караганда мурдагы Чехословакиянын курамына кошулуп турган Словакиянын ролу, мааниси, ээлеген орду жогору болуп эсептелет. Мен тек гана ушул жактан эсептейм. Башка эч кандай салмактуу мааниси жок. Мен кескин айтам.

Турат Сырдыбаев:
Мен да агайга кошулуп кетет элем. Борбордук Европа элдеринен Словакия менен Кыргызстандын көп окшош жактары бар. Биринчиден, геосаясатка дуушар мамлекеттерден болуп келатабыз. Кыргызстандын алкагында көптөгөн улуу чоң державалар бул жерге көз артып турат.

Ошондой эле, агай айткандай, Словакия, Чехияда да Америка менен Орусиянын алкагы да ошол жерге келип тийишип атат. Экинчи жагы, Словакия мамлекети кичинекей болгону менен калкынын саны да кыргызстандыкындай экен.

Ал да Борбордук Европада, биз да Борбордук Азияда болуп атабыз. Канчалык алыс чек арада болгону менен, бирок тарыхый жактан көп байланыштар бар. Биз айта албайбыз Кыргызстан Словакияга барып көп жардам берди деп. Тескерисинче, словак элдери келип Кыргызстандын биринчи өндүрүшүн өнүктүрүүдө, көтөрүүдө чоң жардам көрсөткөн.

“Азаттык”: Батыш өлкөлөрүнүн ичинен эмнеге жолугушууга Словакияны тандап алды деген суроо да туулат. Анткени буга чейин эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгы абдан төмөн экени да айтылган. Ушул боюнча сиздин пикириңиз кандай?

Тилектеш Ишемкулов: Лениндин чакырыгы боюнча бизге “Интергельпо” деген келген. Ошондо чехтер, венгерлер, немистер, словактар жана поляктар келген. Ошонун ичинде, сөздүн чынын айтканда, словактардын ээлеген орду абдан жогору болгон.

Чыгыш Европанын жалпы аймагында Словакия менен Чехия чок ортосунда турат. Экөөнү азырынча айырмалаш кыйын. Анткени кечээ жакында эле ажырашып кетишти. Бир эл, бир калк, бир диний мамилеси бар, бирдей багыттары бар. Бирок ошого карабастан словактар бизге жакыныраак турат.

Ошондуктан эгерде ушул киши келип, дарбазаны ачып атса, чехтики келеби, венгрдики келеби, сөздүн чынын айтканда, алты айдан кийинби же бир жарым жылдан кийинби биз Европага терезени, эшикти ачтык, каалганы жаап койгон жокпуз.

Эгер И.Гашпаровичтин жалпы үлгүсүн колдой турган болсо, бизге да Чыгыш Европа болобу, Батыш Европа болобу, ошолордун жетекчилери келип, биз менен эки тараптуу алака мамиле түзөт го деген анча-мынча ишеним бар. Бул жагынан алып караганда, Гашпаровичтин келиши биз үчүн өтө жогорку маанидеги ролду ойнойт.

Иван деген орустардын аты да, мына ушунун өзү эле бизге, орус мамлекетине, Орусияга жакын экендигин көрсөтүп турбайбы. Эгер Орусияга жакын болсо биз андан бетер жакынбыз. Эртең менен телеканалдардан көрдүм, кыргызстандыктар ушунчалык жогорку деңгээлде тосуп алышты. Биздин милиция полковнигинен баштап, лейтенантына чейин, катардагы жоокерине чейин баары тосуп турушту, ушунчалык бүгүн күн жаркырап тийип турду. Мен ыраазы болдум. Мен ойлодум тиги киши деле ыраазы болду го деп, тосуп алганына.

“Азаттык”: “Интергельпого” токтоло кеттиңиздер. Булар ушул максатта, дал ошондой болбосо да, курулуш, экономика, медицина тармагында кызматташабыз деп атат. Ошол сыяктуу кооперативдерин киргизип, кызматташтык болушу мүмкүнбү?

Турат Сырдыбаев: “Интергельпонун” өзүн алсак, ошол учурда өз маңызы боюнча башкача, азыркы учурда болсо башкача мааниде болуп турат. Себеби ошол доордогу жаңы Совет, жаңы мамлекет орношуп жаткан кездеги “Интергельпо” деген - кооператив. Бул мамлекеттик эмес, жеке чарбасы бар.

Ошол учуруда Кыргызстандын аймагында өлкөнүн өнүгүшүнө, өндүрүштүк индустриясында эң чоң роль ойногон. Буга чейин биз Кыргызстанда жаңы европалык стандартта завод, фабрикалар жок болгон деп айтып келгенбиз. Биринчиден, бул жерди көрүп кетип, Европанын завод, фабрикаларын ушул аймакка орнотконго аракет кылышкан. Андан тышкары булар кичинекей эле кооператив болгону менен, бирок чоң салым кошуп кеткен. Тери заводун, кездеме фабрикаларын ачкан, өтүк чыгарышкан.

Андан тышкары буларда өздөрүнүн курулуш цехтери болгон, машина куруу, чакан уюшулган цехтери болгон. Кийин бул жерде алар эмерек да чыгарышкан. Курулуш цехтери аркылуу эле Кыргызстанга көптөгөн курулуштарды тургузуп кетишти. Жөнөкөй эле бир мисалды алсак, биринчи өкмөт үйүн ушул кооператив куруп берген. Азыр ал жерде Кыргызстан элинин ассамблеясы жайгашкан. Мындан тышкары ушул кооперативдин негизинде эвакуациялык Фрунзе заводу курулган.

Андан тышкары тери жана башкалардын баарын өнүктүрүп, чоң заводдорго айланып, Бишкектин ичиндеги мончону курган. Ипподромду орнотууга да чоң салым кошкон. Булар жөн эле келип кура бергенден тышкары мектеп ачкан, 77 квартира киргизишиптир өз учурунда. Дагы бир жакшы жери - 1937-жылга чейин чех тилинде сабак берип, тил үйрөтүшкөн.

“Азаттык”: Демек бул ирет кызматташуу башка багытта жүрөбү?

Турат Сырдыбаев: Азыркы кызматташуу таптакыр башка багытта.

“Азаттык”: Ушул жерден биз эки президенттин жолугушудан кийинки сөздөрүнө көңүл бурсак:

Иван Гашпарович: Биз жаңы экономикалык коомдук байланыштарды түзүп жатабыз. Кыргызстандын президенти, өкмөтү менен жолугушуп, биз ишкерчиликти ишке ашыруу, экономикалык байланыштарды бекемдөөнүн жолдорун издедик. Словакия менен келишим түзүү менен бирге сиздер бир убакта Евросоюз менен келишим түзөсүздөр. Андан тышкары бизде курулуш – машина куруу, фармацевтика, медицина тармагы боюнча кызматташуу келечеги бар. Ошондой эле биз Кыргызстандын глобалдык маселе - Ооганстан боюнча демилгесин колдойбуз. Бишкектин демилгесин ошондой эле БУУ да колдойт.

Курманбек Бакиев: Кыргыз-словак эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча мазмундуу сүйлөшүүлөр болду. Сүйлөшүүлөр ачык маанайда өттү. Дээрлик бардык маселелер боюнча бирдей көз карашта жана позицияда экенибиз тастыкалды. Ошондой эле БУУ, ЕККУ алкагында кызматташуунун жолдору талкууланды. Эми эки көз карандысыз өлкө катары жаңы мыйзамдын алкагында иш алып баруубуз керек. Кийинки өкмөттөр аралык жыйын Кыргызстанда өтөт деген жыйынтыкка келдик.

“Азаттык”: Эки президенттин кызматташуу тууралуу айткандары боюнча кандай пикирдесиздер?

Тилектеш Ишемкулов:
Туура айтып атат, кичинекей эл, кичинекей мамлекет болгон соң өз ара алака түзүү улуу мамлекеттерге караганда көбүрөк баалуу болуп эсептелет. Мына, Турат иним жерибиз, элибиз боюнча жалпы алып караганда бирдейбиз деп айтты. Кеп мында да, мен 7-мартта бир словак аял менен жолуктум, “Братиславада менин таякем жана атамдын үчүнчү инисинин аялы табылды” дейт. “Бул жакка кел. Батир, үй сатып беребиз, баары жакшы болот" дешет алар. Эч качан Кыргызстандан кетпейм, анткени бул жакта чоң атам, чоң энем жатат, атам жатат. Мына 27 өлкөдө болдум, эч качан Кыргызстандай сулуу, ушунчалык кумарлантуучу, ушунчалык татынакай, ак жүрөк элди көргөн эмесмин. Мен ушул жакта жашайм, ушул жакта көмүлөм деп айттым” дейт ал аял мага. Мен муну жалпы баянадама иретинде айтып атам.

Ал эми биздин эки ажобуздун айткан сөзү, албетте, дипломатия ушундай болот, "сен жакшы-мен жакшы, жардам берем, тиги-бу" деген. Эми Словакия канчалык бизге жардам берет - ал башка кеп. Бирок Гашпаровичтин бизге атайын келиши, ушунчалык өзүнүн колун сунуп турушу, менин байкашыма караганда бул киши алгачкылардан болуп бизге келип атат расмий сапары менен. Ушунун баары дипломатиялык деңгээлде, эл аралык мамиледе, тышкы саясатты алып караганда жогорку деңгээлде турат.

Курманбек Салиевич абдан туура айтып атат, стратегиялык деңгээлге чыктык деп. Стартегиялык деңгээл деген түпкүлүк маселе да. Жалпы айтканда, соода сатык, финансы, банк жагынан, буюм-тайым алмашуу жагынан. Бул жагынан алып караганда дарбаза кичине кеңирирээк ачылып калат го. Кудайга шүгүр биз ушуга жеткенибизге ыраазы бололу.

Турат Сырдыбаев: Мен да агайга кошулуп кетет элем. Бул жерде эки кичинекей мамлекет чоң карым-катнаш кылалбастыр. Бирок бул жерде бир нерсе бар - Кыргызстан Словакиядан туризмди алып иштетсек, өнүктүрсөк болот.

“Азаттык”: Өзүңүздөр уккандай, президенттер өз ара кызматташууга даяр экенин да белгилешти. Ушундан улам Кыргызстандын Словакия менен кызматташуусу жалпы Батыш өлкөлөрү менен байланышты жакшыртууга, жол ачууга өбөлгө боло алабы?

Тилектеш Ишемкулов: Сөзсүз ачып берет. Анткени Чехия да, Словакия да Евробиримдикке кошулган мамлекеттер. Абдан туура суроо бердиң, азыр Евробиримдик Грецияга каржылык жагынан, экономикалык жагынан кризис болуп, туткага байланган учурда кандай жардам берип атат. Ушул жагынан алып караганда, биздин Евробиримдикке чыгууга бирден-бир эшикти ачпаса да, кичинекей терезени ачууга шарт түзүлүп жатат.

Турат Сырдыбаев: Евросоюз чоң стратегияны кабыл алган. Словакия Евробиримдикке кирет да. Евросоюздун Борбордук Азия мамлекеттери менен болгон карым-катнаш кызматташтыгы деген берене 2009-2013-жылга чейин бекитилген. Ошол ишке ашканын көрө элекмин. Бирок ошого кошсо болот. Себеби Евросоюз чоң, бай уюм болот.
XS
SM
MD
LG