Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:14

Баткендин айылдарында согулган көз жоосун алган кооз килемдердин асты Америка, арты Европага чейин кеткен учурлар бар.

Үй шартында кооз килем жасоо үчүн кеминде 4 аял 15 күн тынбай иштөөсү зарыл. Бирок аялдардын мындай оор түйшүктөн тапкан пайдасы өзүн көп деле актай бербейт.

Баткендин кыздары килемсиз узатылбайт

Колдо согулган бул килемдин баасы 15-20 миң сомдун тегерегинде.
Аймакта турмушка чыгып жаткан кыз үчүн бир жүл килем (түктүү), дагы бир түксүз килеми даяр болушу керек. Ансыз кызды күйөөгө узатуу жок. Ал эми бир жылда облус боюнча болжол менен 4 миңдей кыз турмушка чыгат. Мындан бир топ жыл мурдараак ар бир үй-бүлө кызы бойго жеткенде өз үйүндө кошуна-колоңдорду ашарга айтып килем токучу. Акыркы убакта болсо килемди базардан эле алып алышмай болду.

Аймакта айрыкча Лейлектин Маргун айылында азыркы учурда килем токууну көпчүлүк жумушсуз аялдар каражат табуунун булагы катары пайдаланып, төрттөн кыз-келин чогулуп 15 күн тынбай токуган килемин 20 миң сомдун тегерегинде базарга сатышат. Бирок андан килем үчүн кеткен чыгымдан кийин ар бирине миң сомдой эле пайда калат.

Килемдин сапатын көз менен эмес, кол менен көргөн чебер

Ушул айылдын тургуну Алима эже көзү азиз болуп калганына карабай бул өнөрдөн четтей албай келет. Жок дегенде килем токуган чеберлерге топчу, түйүндөрүн, көчөттөрүн же башкача айтканда килемге түшүрүлүүчү гүлдөр - орнаменттерин эриш, аркактарын, түшүрүүгө көмөктөшүп турат.
Алима Жороева, көзү азиз чебер.

- Килемди албетте, өз колум менен токуй албай калгам. Бирок даярдашып берем. Бул улуттук колоритти чагылдырат, бул дүйнөлүк масштабдагы түс деп айтып турам. Жиптерин түрүп, эриш-аркактарын даярдашам. Анан кыз-келиндерим килемди сого беришет. Мен колум менен ар бир килемди кармап көрүп, кандай кыркым, түгү кандай тегиздигин билип, кыркымын айтып сапатына баа бере алам. Анткени мен балалыгымдан килем согуп, жат болуп калган.

Анан калса Алима эже көзү көрбөсө да кол менен ар бир килемдин сапатына баа берип, акыркы учурда чыныгы чеберчилик, чыгармачылык менен эмес, каражат табуу үчүн эптеп килем согуп жаткандар көп экенин айтат.

- Өзүмчө кандайдыр бир фантазия менен көчөттөрүн даярдап килемге салышка кызыгам. Азыр килемчилер бар аябай жакшы. Бирок компьютерден көчүрүп жасай беришет. Мурдакылардай жасалбай калды азыр. Эриштерин жоон жасап, эптеп тез бүтүрүп базарга сатыш үчүн ошондой кылышат. Чыгармачылык менен эмгектенгендер азайып кетти.



Түйшүгү көп, пайдасы аз...

Маргун айылында согулган килемдердин асты Америка, Европага чейин сатылат. Бирок бардык үйдө килем согулган бул айылдагы аялдардын көпчүлүгү тапкан каражаты үй-бүлөлүк чыгымдан ашпасын айтышат.

Айылдык мектепте чет тили боюнча мугалим болуп иштеген Каныгүл Анварова жумуштан кийин килем согуу менен алектенет. Анын айтымында, Баткенде килемсиз турмушка чыккан кыздар болбойт, килемге суроо талап көп болгону менен бирок баасы арзан:

- Чынын айта турган болсом, килем токуу азыр өзүн актабай калды. Баасы арзан болуп жатат. Килем соккондор эңкейип отуруп иштешкенден бөйрөк, бели жарактан чыгып калат. Аны дарылоо керекпи же бала-чакасын багыш керекпи? Азыр Маргун айылында ар бир үйдө килем токуйт. Биздин соккон килемдерибиз Америкага кетти. Былтыр бир түксүз килемибизди Италияга жөнөттүк. Буйрутма болгон эле...



Боёк кошулбай согулган килем.

Чынында мындай эч кимдин колдоосу жок эле өнүгүп жаткан кол өнөрчүлүктүн эң түйшүктүү ыкмасы канчалык пайда алып келип жатканына, же кандай колдоого муктаж экенине кызыккан деле киши жок. Жергиликтүү экономист Адыбек Набиев килемчилер мындай шартта чакан ишкерликтин ыкмасы менен майда артелдерге биригип, киреше-чыгашаны эсептеп, бааны да ошого жараша койо ала тургандай болушу үчүн өзүлөрү демилге менен чыгышы керек деген ойдо:

- Азыр килем токугандар көп. Кол өнөрчүлүктүн бул түрү абдан өнүгүп жатат. Бирок бул багытта эмгектенгендер биригип, жарнаманы да колго алышы керек. Ошондо баштуу болуп дагы да өнүкмөк.

Жергиликтүү тургундардын айрымдары улуулардан калган бул салттын учугун үзбөй, каражат табуу булагы катары да пайдаланып жаткан кыз-келиндердин бул иши мамлекет тарабынан, же кайсы бир уюмдар тарабынан колдоо таап, жакшы көңүл бурулса килем согуу мындан да дүркүрөп өнүкмөктүгүн белгилешүүдө. Алардын айтымында, Баткендин килемдерин жарнамалоо аркылуу чет өлкөлөргө эмес, өлкөнүн башка аймактарында сатыкка чыгаруу жагы да ушул күнгө чейин жолго салынмак тургай, эч кимдин оюна да келе элек. Чет элдиктер болсо Баткендин килемдерин көргөзмөлөрдөн гана көрүшүп, ошол жерден алып кетишет же буйрутмаларды беришет.



Кыргызстандын башка аймактарында Баткендегидей килем согулбайт. Анан калса Баткендин килемдери сапаты жагынан да кескин айырмаланат. Аймактагы айрым үйлөрдөн жүз жыл мурда согулуп, азыр да боёгу өчпөгөн, баштапкы сапатын жоготпогон килемдерди кезиктирсе болот.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG