Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:26

Кеминде суусуз калган айылдар көп


Кеминдин айрым айылдарында ичкен сууну саткан учурлар болууда. Боролдой, Бейшеке өңдүү айылдардагы кары-картаңдар алыстан суу алып келе албагандыктан сууну чакалап сатып алууга аргасыз.


Кеминдеги такыр эле суусуз калган айылдардын бири - Боролдой. Бул айыл учурунда баардык жагынан өнүп-өскөн жана райондун борбору болуп турган. Бирок азыр айыл согуштан кийинки бир кыштактын кейпине келип калды дешкен эле мен баратканымда. Чынында айылга кире бергенден баштап талкаланган үйлөр менен сарайларды көрүүгө болот. Бөтөнчө соңку эки жылда.

Айылдагы суу түтүктөрү эчак жарактан чыгып калган. Ичкен суу болсо жогорку айылдардан унаа менен ташылып келинет. Өзүн Анара деп тааныштырган келин суу көйгөйү боюнча буларды айтат:

- Боролдой айылында акыркы эки-үч жылдан бери суу тартыштыгы жаралды. Жергиликтүү тургундар жогорку айылдардан суу ташып ичишет. Маселен суунун жоктугунан мектеп окуучулары эртең мененки суукка карабай эки бөтөлкөдөн сууну мектепке көтөрүп барышат.

Маектешибиз айткандай, бул айылдагы окуучулар эртең менен сабакка баратканда милдеттүү түрдө эки бөтөлкөдөн суу алып келишет экен. Анткени мектепте суу жок. Окуучулардын өздөрүнүн жообу.

Айнура: - Биз эртең менен ар дайым мектепке суу алып келебиз. Ал сууларды кенже класстарга тамак кылганга жана пол жууганга пайдаланышат. Албетте күнүгө эки бөтөлкө суу ташыган бизге оор, бөтөнчө каникулдан бери өтө суук болуп кетти. Ата-энелер биринчи каршы болушкан.

Эмил: - Айылдын балдары арабалар менен барып суу тартып келебиз. Мектептен чыккандан кийин көбүнчө суу ташыйм. Айылдагы сууга бара албаган кары-картаңдарга суу ташып беребиз. Биздин үйдө бешөөбүз мектепте окуйбуз. Бешөөбүз эки бөтөлкөдөн дайыма он бөтөлкө ташып келебиз.

Мындан сырткары суунун тартыштыгынан улам айрымдар чакалап сатып алышып же акысын берип ташытып келишет. Өзгөчө үйүнөн чыга албаган кары-картаңдар сууну сатып ичүүгө аргасыз.

Учурунда бир катар айылдар «Таза суу» долбооруна кирип, суу түтүктөрүн оңдотуп алган. Бирок Боролдой айылы эмне себептен долбоорго кошулбай калганын Суу бөлүштүрүүчүлөрдү колдоо долбоорунун Чүй облусу боюнча тескөөчүсү Тилек Кудайбергенов мындайча белгиледи:

- Учурунда жергиликтүү бийликтин шалаакылыгы үчүн Чүйдөгү бир катар айылдар долбоорго кирбей калышкан. Анын ичинде Боролдой айылы да бар. Бирок кийинки кезекке кирүү үчүн азыр айыл өкмөтү аракет кылып жатат. Биз дагы бул айылдын абалын жакшы билебиз, киргизгенге болгон аракетти кылабыз.

Кечээ аталган маселе облустук бийликтин жыйында да талкууланган. Бирок анын жыйынтыгы кандай болоору белгисиз.

XS
SM
MD
LG