Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:00

Өпкө саламаттыгы боюнча 7 жыл иштеген Кыргыз-Фин долбоору өпкөдөн келип чыккан өлүмдү 23 пайызга төмөндөттү. Кыргызстанда тубаса шал оорусу менен туулгандардын саны да кийинки убакта өсүүдө.

Жакында Кыргызстанда 2003-жылдан бери иштеп келаткан “Кыргызстанда өпкө саламаттыгын чыңдоо” деп аталган Кыргыз-Фин долбоорунун жыйынтыгы чыкты. Статистикалык изилдөөлөргө караганда аталган долбоордун негизинде жакшы жылыштар болду.

Мисалы, 2002-жылы дем алуу органдарынын дарттарынан каза болуу ар жүз миң кишиге 94,7 пайыздан туура келсе, 2008-жылы бул көрсөткүч 23 пайызга төмөндөгөн. Эгер 2002-жылы дем алуу органдарынан келип чыккан өлүм көрсөткүчү Кыргызстандагы жалпы өлүм боюнча экинчи орунда турган болсо, 2008-жылда 3-орунга түшкөн.

Фин дарыгерлери жакында эле өпкөнүн дем алуусун жакшыртуучу жабдыктарга Кыргызстандын аймактарынан 13 дарыгерди окутту жана Финляндиядан келип түшкөн шаймандарды Каракол шаардык ооруканасына жөнөттү.

Соңку үч жылда мындай жабдыктар Улуттук госпиталга, Ош, Чүй, Нарын облустук ооруканаларына да жөнөтүлдү.

Улуттук Кардиология жана терапия институтунун профессору Нурлан Бримкуловдун айтуусунда, өпкө ооруларын дарылоо боюнча Кыргыз-Фин долбоору 2010-жылда токтомок эле. Бирок каралган каражаттан бир аз артып калганына байланыштуу аталган долбоор ишин 2010- жылдын май айына чейин улантмакчы:

- Мына ошол акчадан балдардын өпкө дарттарын кантип дарылоо боюнча колдонмолорду, протоколдук жыйнактарды бүт врачтарга жете турган кылып чыгарганы жатабыз. Эми бул долбоор ишин токтотту. Бирок фин дарыгерлеринин максаттарына караганда, Кыргызстанда Орто Азия мамлекеттери үчүн өпкө саламаттыгы боюнча тренинг-борбор ачылышы мүмкүн.

Кош бойлуулардын өлүмүнүн себептерин караган комиссиянын жыйынтыгы боюнча өлүмгө алып келген кейиштүү окуяларга кош бойлуулардын төрөгөнчө дарыгерлерге көрүнбөй жүрө берүүсү башкы себеп болсо, кош бойлуулардын саламаттыгынын начардыгынын башкы себеби жакшы тамактанбагандыгы, андан аз кандуулуктун келип чыгышы, ал эми аз кандуулуктун болсо өлүмгө учураган аялдардагы башкы себеп болгону комиссиянын жыйынтыгында белгиленди.

Саламаттык сактоо министри Марат Мамбетов мына ушул маселеге жана медициналык адистердин жетишпей жаткандыгына жана ага карата көрүлчү чараларга токтолду:

- Өткөн жылдагы 97 эненин өлүмүнөн кийин акушер-гинекологдордун арасында өзгөчө кош бойлууга операция жасоого баруудан чочулоо пайда болду. Дарыгерликти таштап, башка кесипке кетүүнү каалагандар да болуп жатат. Ансыз да дарыгерлер жетишпей жаткан учурда бул жагдай бизди кабатырлантууда. Ооруканалардын дарыгерлер менен камсыз болушу Бишкекте эле50 пайызга аткарылууда. Аймактарда 40тан 28 пайызга түштү.

Анан аз кандуулук аялдар менен балдар арасында жогору. Мисалы, аялдардын 50 пайызы аз кандуулук менен ооруйт. Саламаттыгы жакшы адамдын канындагы гемоглобини 120 болушу керек болсо, төрөгөнү келип жаткандардын гемоглобини 50-54 болуп жатат.

Жашырбай эле коелу, айрыкча айылдардагы аялдар чай-нан менен эле отурушат. Мисалы, түштүк тараптагы төрөттөн каза тапкан бир келиндин салмагы 40 килограммга жетпеген болуп чыккан. Келин сарыкка кабылгандан да арыктап кеткен.

"Азаттык": Мындай оор абалдан кантип чыгабыз?

- Албетте акча-маянаны жогорулатуу керек. Дарыгерлерибиздин айлыгы уяларлыктай төмөн. Бийик тоолуу аймактардагы дарыгерлерге дагы кошумча акча кароо керек. Үчүнчүдөн, элдин медициналык сабатын жогорулатуу зарыл. Биз бул маселелердин үстүндө иштеп жатабыз.

Церебралдык шал оорусу, мээ-муундарга таасир этет

Церебралдык шал оорусунун үч түрү болот: спастикалык, атетоиддик жана атаксиялык. Спастикалык түрү булчуң эттерин чыңап, муундагы кыймыл жөндөмдүүлүктүн деңгээлин төмөндөтөт. Шал оорусунун бул түрү эң кеңири таркалган. Мында дененин ар кайсы бөлүктөрү жабыркашы мүмкүн.

Атетоиддик түрү менен ооругандардын булчуң тонусу ийилчээк болот. Алардын сөзүн түшүнүү кыйын, ошондой эле угуу сезими жагынан да кыйынчылыктарга кездешет.

Ал эми атаксиялык церебралдык шал оорусу менен ооругандар тең салмактуулукту сактай алышпайт. Ал бүт денени жабыркатат. Андыктан булар жакшы баса да алышпайт.

Ортопедия жана травматология Улуттук борборунунун балдар ортопедия бөлүмүнүн башчысы Шамил Дүйшөнбаевдин айтуусунда, акыркы учурда бул ооруга дуушар болгон балдардын саны өскөнү байкалат:

- Балдардын шал, тырышма оорусу акыркы убакта көп болуп атат. Негизи бала деген тогуз айлык болуп төрөлүш керек да, ал эми бул церебралдык шал оорусу менен балдар 6-7 айлык болуп убагына жетпей, салмагы 1 жарымдан 2 жарым килограммга чейин болуп төрөлөт. Бала төрөлүп түшкөндө ыйлап, кыйкырып түшүш керек, мындай балдар болсо көгөрүп түшүшөт. Дем жетишпей, каракуш мээси кичине кысылып калгандыктан бул дарт пайда болот.

Церебралдык шал оорусу айрым учурларда эрте балалыкка чейин билинбейт. Ортопед-дарыгер бала чоңойгон сайын байкалуучу белгилерине токтолот:

- Мындай балдардын буттары титиреп, тырышып, муундары начар иштеп, кеч басышат.

Шал оорусунун себептери ар тараптуу жана татаал болот. Аларды негизинен дарыгерлер оор жана эрте келген төрөттөн, наристенин мээсине кан куюлуусу, мээнин туура эмес өнүгүшүнөн улам келип чыгаарын белгилешет.

Бишкек шаардык №3 төрөт үйүнүнүн башкы дарыгери Бурул Досалиева мындай дарт менен наристелердин төрөлүп жатканынын дагы бир себеби кош бойлуулуктун эрте мезгилинде жуккан инфекциялар дейт:

- Мунун эң негизгиси инфекциядан болот. Мурдараак диагнозун билип, аны дарылаш үчүн бизде атайын генетикалык борбор бар, баланын канынын айланышын УЗИ, Доплерлер менен көрөбүз. Инфекциялардын бардыгынын аял, болочоктогу бала үчүн зыяны абдан чоң. Ошон үчүн келиндерден сурана кетет элем, балалуу болом деп өзүн даярдай баштагандан баштап сөзсүз дарыгердин көзөмөлүнө келип, текшерилип туруп, анан кош бойлуу болсо мындай оорулар азыраак болот эле.

Церебралдык шал оорусу менен ооруган балдардын уйкусу начарлап, сүйлөө кебинде маселелер болушу мүмкүн, айрымдарында эпилепсиясы да болушу ыктымал. Көргөн нерселерди жакшы өздөштүрө албай жана жөндөмдүүлүгү начар болгондугунун негизинде алар ар нерсеге жай үйрөнүшөт. Шамил Дүйшөнбаев бул оорунун дарылоо ыкмаларына мындайча токтолот:

- Тырышып келген балдарды операция түрүндө тарамыштарын узартып, же сөөктөрүн түздөп, гипс салабыз. Анан бутка кийген протезин заводдон дайындатып беребиз. Андан кийин курортология институтунда дарыланышат. Ошондой эле дайыма невропотологдордун жана биздин көзөмөлүбүздө болушат.

Адистердин айтымында, церебралдык шал ооруну толугу менен дарылоого болбойт. Эгерде бала эрте жашынан жакшы шарттарда багылса, ата-энелери дарыгерлерге учурунда кайрылса бул дарт менен төрөлгөн балдар эрте басып, өзү тамактанып, мектепке барганга шарт түзүлөт дейт Шамил Дүйшөнбаев:

- Толук 100 пайыз таза балдардай басып кеткенден кичине алысыраак болобуз. Бирок убагында кайрылып, дайыма дарыланып тургандар өзү басып, кыймылдап, өзү тамак ичип, ал эмес мектепте, жогорку окуу жайларда окуп жүрүшөт.

Ал эми Бишкек шаардык перинаталдык борборунун башкы дарыгери Мира Султанова мындай коркунучтуу дартты алдын алууда болочоктогу энелерди жаштайынан даярдоо зарыл дейт:

- Эгерде болочоктогу эненин ден соолугу начар болсо, албетте, бала да оорулуу болуп төрөлүшүн шарттайт. Мунун алдын алуу үчүн кыз төрөлгөндө эле, анын өсүшүнө, эне болушуна жакшы шарттар түзүлүүсү керек. Бул байламтаны бузбоого аракеттениши зарыл. Биз дарыгерлер дени сак бала төрөлүшүнө көп аракеттерди жасайбыз. Бирок ар бир айым өз ден-соолугу чың болушуна өзү жоопкерчиликтүү экенин унутпашы керек.
XS
SM
MD
LG