Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:58

“Кыргыз эл биримдиги” деп аталган коомдук уюм 12-июнь күнү оң канат, сол канат жана ичкилик урууларынын өкүлдөрүнүн катышуусунда уруулардын курултайын өткөрүшөөрүн жарыялашты.

Уюмдун лидерлери билдиргендей, курултайда жаңы бийликке бир катар сунуштар берилип, талаптар коюлат.

“Уруулар курултайына макулсуңбу, Убактылуу өкмөт?”


“Кыргыз эл биримдиги” коомдук уюму 12-июнда өтчү иш-чарасын “Улуттук улуу курултай” деп атады. Бул курултайга оң канат, сол канат, ичкилик урууларынан тышкары мигранттар, элчиликтин өкүлдөрү, эл аралык уюмдар жана башка улуттун өкүлдөрү катышат.

Алмамбет Матубраимов
Аталган иш-чаранын уюштуруучуларынын бири, коомдук ишмер Алмамбет Матубраимовдун айтымында, курултайда азыркы саясий оор абалдан чыгуунун жолдору талкууга алынат:

- Улуу курултайга ар бир канаттан үч жүздөн киши кошулат. Жаштарга жүз орун берилет. Эл аралык ассамблеянын эки жүз өкүлү катышат. Он тогуз элчини жана Убактылуу өкмөттү чакырабыз. Кыйынчылыкта жөлөк болуп, кемчиликтерди ачык айтып, бир пикирге келишебиз деп ойлойм.

Матубраимовдун айтымында, 1150 өкүл катышкан курултайда кыргыз тарыхы, баш мыйзам долбоору сыяктуу жети маселе талкууланып, Убактылуу өкмөткө кайрылуулар кабыл алынат. "Эң негизги маселе - Баш мыйзамдын жаңы долбоорунда улуттук кызыкчылык камтылбай калганын дал ошол курултайда көтөрүп чыгабыз" дейт “Кыргыз Эл Биримдиги” уюмунун мүчөсү Дастан Сарыгулов:

-Бул баш мыйзам кыргыз элине жазылдыбы же башка элге жазылдыбы - окуп алып айтуу кыйын. Кыргызстан элинин жетимиш пайызын кыргыз эли түзгөн соң, кыргыздын кулк мүнөзүнө, тарыхына төп келген Баш мыйзам гана кыргыздын муктаждыгына жооп берет.

От менен ойногондор кимдер?

Улут кызыкчылыгы деген ураанды көтөргөн бул уюм 19-май күнү сол канаттын курултайын өткөрдү. Алдыда оң канат менен ичкилик урууларынын курултайын өткөрүүгө камынышууда. Жаш саясат таануучу Чыңгыз Амантур уулу, белгилүү бир саясий кызыкчылыкты көздөп курултайга жамынган саясий топтун элди уруу-урууга бөлүп жатышы абдан опурталдуу көрүнүш деп баалайт.

-Булар ар бир урууну өзүнчө эл катары карап жатышат. Бул абдан опурталдуу нерсе, түздөн-түз бөлүнүп жарылууга алып барат. Мурда аймактык бөлүнүп жарылуу бар болчу, түндүк-түштүк деген. Жердешчилик оорусу бар болчу, район-район болуп. Ага кошумча эми уруу-уруу деп бөлүнсөк, үч кабат бөлүнүү пайда болот. Бул деген от менен ойногонго барабар.


Бирок “Кыргыз Эл Биримдиги” уюму сын-пикирлер менен макул эмес. "Кандай гана сындар айтылбасын, улуттук кызыкчылыкты көздөгөн мүдөөбүздөн кайра тартпайбыз", дейт Дастан Сарыгулов. Ал эми коомдук ишмер Алмамбет Матубраимов "керек болсо, бийликтин үч бутагын да дал ушул Улуттук улуу курултай көзөмөлдөп турушу керек деген сунушту киригизип жатабыз" дейт.

Кайра эле курулай кыйкырыкпы?

Деген менен Убактылуу өкмөттүн айрым өкүлдөрү уруучулдукту күчөткөн бул курултай калың элдин катмарынан колдоо таппайт деген пикирде. Конституциялык кеңешменин мүчөсү Эркин Алымбеков:
Эркин Алымбеков


- Элдин атынан деп 200-300 кишини топтоп алып кыйкырган дүжүр курултайлардын баарын көрдүк. “Кыргыз Эл Биримдиги” уюму курултайда көтөргөн маселесин парламентте көтөрсүн, эгерде 55 пайызды утуп, 65 орунду алса, парламентте кыйкырсын. Кээ бирлеринин артында кимдин кулагы көрүнүп, кимдин куйругу чыгып, стабилдүүлүктү бузуп, Баш мыйзамды кабыл алдырбай, тополоңдун арты менен Бакиевди алып келип отургузалы деген максаты болсо аны кыргыз эли колдобойт.

Ошентип Убактылуу өкмөт өкүлдөрү, өзгөчө жаңы баш мыйзамдын авторлору уруучулука бөлүнүп иш-чара өткөрүп жүргөн күчтөрдү андан көрө парламенттик шайлоого аттанып, болгон суроо-талаптарын парламент трибунасында көтөрүп чыгууга үндөп жатышат.

Дастан Сарыгулов
Элди, чын эле саясатчылар бөлөбү?


Соңку убакта ансыз да түндүк-түштүк, жердешчилик маселеси курчуп турган чакта, эми элди ачык эле уруу-урууга бөлүп, өз ара курултайларды өткөрүү аракети өлкөнүн биримдигине доо кетирет деген кооптонуулар көп айтылууда. Мындай кырдаалда белгилүү коомдук ишмерлер элди биримдикке чакыруунун ордуна, өздөрү демилге көтөрүп, урууларды сүрүштүрүп башташы, ич ара бөлүнүүгө карапайым эл эмес, саясатчылар түрткү болоорун далилдеп койду дешет серепчилер. Буга чейин түндүк-түштүк, жердешчилик, уруучулука бөлүнүү тенденциясы азыркындай ачык түрдө эмес, тымызын жүрүп келчү.

Апрель ыңкылабынан кийин, айрым интернет сайттар Убактылуу өкмөттө отургандардын кимиси түндүктөн, кимиси түштүктөн деген иликтөө жүргүзүп, жыйынтыгы жарыяланды.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG