Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:21

Украин олигархы Фирташ Венада кармалды


Дмитрий Фирташ
Дмитрий Фирташ

Украиналык ишкер Дмитрий Фирташ АКШга экстрадиция кылууга уруксат берген Вена сотунун чечими чыгар замат Европа Биримдигине мүчө мамлекеттин өтүнүчү менен кармалды. Австрия прокуратурасынын маалыматы боюнча, Фирташ Испаниянын талабы менен колго түштү. Испанияда ал кылмыштуу топко мүчө жана арам акчаны адалдоого аралашкан деп айыпталууда. Ал эми Кошмо Штаттар аны паракорлук боюнча айыптаган. Фирташ өзү аны четке кагып келатат.

Эки жыл мурун Австрия соту Фирташты АКШга экстрадициялоодон баш тарткан. Бирок 21-февралдагы чечими менен аны өзгөрттү. Эми аны АКШга экстрадициялоону же Испанияга берүүнү Австриянын юстиция министри Вольфганг Брандштеттер чечери айтылууда.

51 жаштагы Дмитрий Фирташ Украинанын мурдагы президенти Виктор Януковичтин убагында газ соодасына ортомчулук кылып байыган. (AiT)

XS
SM
MD
LG