Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:15

Ө. Абдуллаева: Түштүктөгү мектептерде коопсуздук чараларын иштеп жатабыз


Өктөмкан Абдуллаева, Кыргызстандын вице-премьер-министри.
Өктөмкан Абдуллаева, Кыргызстандын вице-премьер-министри.

Кыргызстандын вице-премьер-министри Өктөмкан Абдуллаева калаба болгон аймактардагы мектептердин абалы, жаңы окуу жылына даярдыктар боюнча кеп салып берди.

- Эки аптадан кийин жаңы окуу жылы башталат. Эл арасында болсо түштүктө балдар шайлоодон кийин мектепке барат деген сөздөр тарап жаткан экен. Балдар адаттагыдай эле 1-сентябрдан баштап мектепке барышабы?

- Ушул боюнча биз азыр эл аралык уюмдар менен программа жүргүзүп атабыз «Мектепке кош келиңиздер!» деп. Эң биринчиден, ата-энелер мектептердеги коопсуздук жөнүндө сөз кылып атат. Ошон үчүн биз ар бир мектепте, өзгөчө Ошто, Кара-Сууда, Жалал-Абадда коопсуздук боюнча иштерди жүргүзүп, ар бир мектепте төрттөн коопсуздук кызматтарын түзүү боюнча жергиликтүү бийлик, коомчулук менен иштеп жатабыз. Азыр жогорку окуу жайларынан практикага келген балдардын тизмесин түзүп атабыз.

- Ошондо ар бир ата-эне кооптонбой, балдарын мектепке өз убагында жетелеп барууга мүмкүнчүлүк болобу?

- Болот деп ойлоп атабыз. Бардык эле ата-энелер мектепте коопсуздук шартын түзүп берсеңер биз сөзсүз баланы мектепке алып барабыз деп атат. Азыр эл аралык уюмдар менен реабилитациалык аянттарды ачпадык беле, ошол жерде көрсөттү, балдарын мектепке даярдоо боюнча эки улут тең балдарын жакшынакай эле алып барып атышты. Ошон үчүн мен ойлойм, ар бир эле ата-эне балдарыбыз мектепке барсын деп эле ойлоп атат.

- Акыркы окуяларга байланыштуу мектепке тартылбай калган балдардын саны өсүп кетүү коркунучу жокпу. Анткени буга таасир этүүчү жагдайлар бар да, мисалы үй-жайынан ажырагандар көп өз үйүндө жашабай, туугандарынын үйүндө жашаган, анан кантип балдарын мектепке даярдашат?

- Аларды мисалы Бишкек шаарына, же башка райондорго бөлүштүрүп атабыз, министрлик тарабынан ушундай иштер жүргүзүлүп атат. Убактылуу жашап аткан жердеги мектептерге документсиз тизме менен алуу боюнча иштер да жүрүп атат.

- Сиз өлкө түштүгүндө мектептердин абалы менен таанышып жүрөт экенсиз, мектептер жаңы окуу жылына даярбы?

- Мектептер бардыгы даяр, ремонттор бүтүп атат, Толстой атындагы мектепке жылууланган чатырлар алып келинген, эмерек менен камсыз болгон.

- Рахмат.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG