Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:38

Ош облусунун райондорунда карышкырлар жана чөөлөр кескин түрдө көбөйгөнү байкалууда. Жергиликтүү калк өкмөт чечкиндүү чара көрбөсө, жырткычтар төрт түлүк малды кырып салат деп кыжаалат. Тиешелүү тармак жетекчилери менен мергенчилер болсо курал-жарак жана унаа тартыш деп алакан жайып отурушат.

Акыркы мезгилде нөшөрлөп жааган жамгырдан улам күн суук тартып, азыксыз калган карышкырлар тоолорду этектей желип-жорто баштады. Ач жырткычтар короодо жуушаган төрт түлүк малга күтүүсүздөн дүрбөлөң салып, шаштыны кетирип турган чагы.

Ноокат районуна караштуу Жар-Коргон айылынын тургуну Эргеш Мамытов жердештеринин көйгөйүн мындайча бөлүштү:

- Тоолуу аймакта карышкылар көбөйүп, азыр 30-40 жылкыны жеп кетти мен жашаган Жар-Коргон кыштоосунан.

Эргеш Мамытовдун кебине караганда, жаркоргондуктар райондук бийликке бир нече ирет жардам сурап кайрылышкан, тилекке каршы, аким түгүл бери жактагы чоңдор да алардын акыбалын сурап койгонго жарай элек.

Таасылкан Абдылдаева Алай районунун атактуу Кара-Киндик кыштоосун мекендеп, күйөөсү экөө үч жылдан бери кезектешип мал кайтарат:

- Карышкырлар биз менен аралашып эле жайлоодо жүрүшөт. Уй, жылкы түнөп калса жарып жеп кетишет. Мылтык, тарсылдак менен кичине айбат кылып турабыз. Кооптонбой, эшикти жаап, мылтык атып өзүбүздү коргоп турабыз.

Таасылкан Абдылдаева сөз ортосунда алыскы аймактарда мылтыкка ок-дары тартыштыгын, болгон күндө да кымбаттыгын өзгөчө белгиледи.

Кара-Кулжа районундагы Алай-Куу өрөөнүн байырлаган Жармамат Орозбаев көп жылдар бою элдин малын багып тиричилик кылат. Тажрыйбалуу чабандын айтуусунда, соңку күндөрдө карышкырлардын катарын чөөлөр толуктап, натыйжада кырылган жаныбарлардын саны көбөйүүдө:

- Азырынча жайлоого түшө элекпиз, бирок азыр бул жерде карышкыр аралап, малдарды жеп атат. Чөөлөр азыр элди жүдөткөн маалы. Ушул маалга чейин бир мергенчи келгенин көрбөдүк. Элдин суранычы, бийлик жактан ок-дары берилип, мергенчилер ушуларды атып берсе дейбиз.

Малчы Жармамат Орозбаев өкмөт жергиликтүү мергенчилерди туруктуу каржылабаса, маселе жыл бою кендирди кесээрин эскертти.

Мамлекеттик аңчылык департаментинин Баткен жана Ош облустары боюнча өкүлчүлүгүнөн кабарлашкандай, аймактын булуң-бурчунда былтыркы жылдын акырына карата 63 карышкыр, 87 чөө жок кылынган. А быйыл акыбал андан да чатагыраак. Мисалы, 1-майга чейин эле эки облуста 67 карышкыр, 89 чөө атылып олтурат. Ал эми көзгө илинбей кутулган жырткычтар мындан да алдаганча көп болушу ыктымал.

Аталган өкүлчүлүктүн башчысы Өктөмжан Сабыров айткандай, тоолорду жана айыл-кыштактарды жойлогон карышкырлардын жана чөөлөрдүн так эсеби жок. Ошентсе да, ушул жылдын биринчи токсондугунда Баткен жана Ош облустарында 400 чакты жылкы, уй-топоз, кой-эчки жырткычтардын жемине айланып, жергиликтүү калктын чөнтөгүнө орду толгус зыян келтирди:

- Ар бир райондо бирден бригада бар, бирок алар жергиликтүү болуп кээ бир жерлерди жакшы билбегендиктен проблемалар чыгып калып атат. Айыл өкмөттөрдөн ат менен камсыз кылып, ысык тамак, жатакана уюштуруп берсе, жергиликтүү мергенчилерден кошсо тыянак чыкмак. Техника, курал жагынан камсыздаганга мүмкүнчүлүгүбүз жок.

Мындан тышкары мамлекеттик аңчылык департаментинин өкүлү Өктөмжан Сабыров карамагында иштеген аңчылар эки облусту тейлөөгө үлгүрбөй жаткандыгын, кошумча күчтөргө жана каражаттарга муктаждыгын моюндады.

Бирок жергиликтүү адистер бийлик өкүлдөрүнүн айткандарын шылтоо катары эсептешүүдө. Алардын пикиринде, өкмөттөн үмүт этпей, акимдин, губернатордун фондусунан жана жергиликтүү бюджеттен акча ажыратып болсо да жырткычтарды жок кылып, элдин малын, ал аркылуу экономикасын сактап калууга мүмкүнчүлүк бар.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG