Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:37

6-августта кыргыз элинин 1916-жылдагы Улуттук боштондук күрөшүнүн курмандыктарын Эскерүү күнү болуп, акыркы жылдарда белгиленип келатат. Эскерүү күнүнө арналып Улуттук китепканада “Азаттык деген асыл сөз” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү ачылды.

1916-жылдагы жалпы элдик көтөрүлүш дүйнө тарыхынын эң эле кайгылуу барактарынан. Анын кайгылуу жактары жана анда 170 миңдей адамдын курман болушу кыргыз элинин жана жалпы эле Борбордук Азия элдеринин тарыхындагы эстен кеткис кандуу окуя болуп саналат.

Улуттук китепканада бул күнгө арналган жыйында алгач Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбек Акун сөз сүйлөдү:

- Үркүн бул кыргыз элинин өзүнүн укугу үчүн болгон чоң жүрүшү. Кыргыз эли көтөрүмдүү, көп унчукпайт. Анан жедеп, жетер жерине жеткенде, көтөрүлүп чыгат. Бул окуя да ошондой болгон. Орус падышалыгы калыстык кылган эмес, жерлерди тартып алып, балдарды армияга ала баштаган. Үркүн темасын мамлекеттик деңгээлге көтөргөнгө бардыгыбыз аракет кылышыбыз керек.

Совет бийлигинин мезгилинде Үркүн тууралуу чыгармалар үстүртөдөн жазылып келген болсо, Кыргызстан эгемендик алгандан тарта бул темада илимий изилдөөлөр, публицистикалар, көркөм чыгармалар ачыкталып жазыла баштады.

Жазуучу Бакыт Максүтов Үркүн тууралуу изилдөөлөрдүн негизинде, эл арасынан жыйнаган маалыматтар боюнча “Улуу көтөрүлүш” жана “Кызыл кыргын, кандуу кармаш” аттуу китептерди жазып чыгарды.

Бакыт Максүтовдун бул эмгектерди жазып чыгаруудагы максаты – жаштар, келечек муун ата-баба тарыхын биле жүрсө деген ниетте болду:

- Көп жаштарыбыз Үркүн тууралуу билбейт. Ошондуктан кийинки жаштарыбыз билип, түшүнүп, жаман максаттагы окуяларга каршы турса экен, мекенчилдик сезимдери козголуп калса экен деген ниетте жаздым.

Орусиялык падышалык саясат боюнча дыйканчылык иштетип жашаганга жарактуу жерлердин баары тартылып алынган соң, кыргыздардын кыйла бөлүгү тоо тарапка толугу менен сүрүлө баштайт. Кыргыздардын жайкын жерлери келгин орустарга кесилип берилип, ал аз келгенсип 19 жаштан 45 жашка чейинки кыргыздын эр азаматтары “Орусия падышалыгынын кара жумушуна алынсын” деген буйрук чыкканда эзүүчүлөрдүн бул саясатына каршы кыргыз эл көтөрүлүп чыккан.

Коомдук саясий ишмер, "Үй куруучулар" партиясынын төрагасы Бейшенбек Абдразаковдун пикиринде, Кыргызстандагы эгемен жылдардан берки жер басып алуулардын түпкү себеби, чордону - 1916-жылкы Үркүндө жатат:

- Мына биз 1989-жылы Бишкекте жашаган кыргыз жаштары чогулуп ойлондук, эмнеге биз өз эл-жерибизде үй-жайсыз, башка улуттагылардын эшигинде батирлеп жашап жүрөбүз деп. Анан изилдеп көрсөк, аягы барып Үркүнгө такалды. 1916-жылы кыргыздын көбү кырылып калган экен. Ошондон улам Бишкекте кыргыз жок болуп калган. Мына 1989-жылы Бишкекте 12 пайыз гана кыргыз болгон. Бүгүн үй куруучулар келип отуруп, кыргыздар Бишкекте араң 60 пайызга жетип отурабыз.

Үркүн темасына арналып жазылган “Мисмилдирик” романынын автору, жазуучу Арслан Капай уулу сүйлөп, кыргыз элинин акыйкаттыкты, адилеттикти туу туткан эр мүнөзүн, күрөшчүлдүгүн белгиледи:

- Мен Англияда Борбордук Азия элдеринин кулк-мүнөзү жөнүндө жазылган китепти окуп калдым. Анда кыргыздардын күрөшчүл, төңкөрүшчүл мүнөзү тууралуу айтылат. Дүйнөлүк айрым изилдөөчүлөрдүн пикиринде, 1917-жылдагы Октябрь революциясынын жеңишинде, анын алдында болуп өткөн 1916-жылдагы Үркүн окуясынын таасири чоң.

“Ак шумкар” партиясынын координатору Өмөн Бексултанов, “Алыкул” фондунун директору Памирбек Казыбаев Үркүн окуясына, ата-баба арбагына ушул кезге чейин бийлик тарабынан жакшы көңүл бурулбай келатканын, кыргыз өкмөтү тарабынан бул тарыхый окуяга арналган бир да эстелик коюла электигин белгилешти.

Чыгып сүйлөгөндөрдүн пикиринде 2011-жылы Үркүн окуясынын 95 жылдыгына карата Кыргызстандын алты аймагына эстеликтер тургузулуп, бул окуяга арналган мамлекеттик бир топ иш-чаралар өткөрүлүүгө тийиш.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG