Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:47

3-мартта белгисиз бирөөлөр өмүрүнө кол салып, денесинин 21 жерине бычак уруп, эки колун тең чыканактан өйдө сындырып кетишкен журналист Сыргак Абдылдаевге кечээ операция жасалды. Операцияны ишке ашырган Бишкектеги травмотология жана ортопедия борборунун жетекчиси, профессор Сабыр Жумабеков “Азаттыктын” таңкы түз ободогу суроолоруна жооп берди.

- Сабыр мырза,Сыргак Абдылдаевге жасалган операция кандай аяктады, ал азыр өзүн кандай сезүүдө?

- Кечээ күнү Сыргак Абдалдаевге оң колунун чыканак муунуна операция жасалды. Операция жакшы өттү. Операциядан кийинки биринчи күндө ал өзүн жакшы сезип, акыл-эсинде. Мындан тышкары экинчи колуна дагы бир топ убакыттан кийин операция жасалат. Буту дагы сынган, сөөктөрү ордунда. Негизинен дагы 2-3 жума ооруканада болот.

- Калган операциялар качан болушу ыктымал?

- Сол жак колунуку бир айга жетпей болот.

- Ушул операцияларга буга чейин кан көп керек болот деп айтылып атты эле, мындан ташкары сиздердин ооруканадагы каражаттар жетиштүүбү?

- Көп жаракат алгандан кийин албетте кан дагы көп кетип калган. Ошол канды калыбына келтириш үчүн бүгүнкү күнгө чейин биз даярдап, биз кан куюп, кандын препараттарын дагы куюп калыбына келтирдик. Бүгүнкү күнү кандын курамы калыбына келип, операция жасаганга толук шарт түзүлдү, ошондуктан биз операция жасадык. Мындай операция биз үчүн күнүгө болуп аткан көрүнүш. Бул жерде эч кандай уникалдуу операция деп айтышка болбойт, кадимки эле өзүбүздүн жасап аткан жумушубуз. Кудай кааласа бир топ күндөн кийин Сыргак элдин катарына кошулуп, жашаганга, иштегенге толук мүмкүнчүлүк алат.

- Сиздин буга чейинки дагы бир топ уникалдуу операцияларыңыз ийгиликтүү болгонун билебиз. Бул жаатта кандай жакшы жаңылыктарыңыз бар?

- Көп эле ар кандай сейрек кездешүүчү, ортопедия тармагындагы татаал операциялар жасалып атат. Сырт жактарга, көп мамлекеттерге барып өзүбүз жасаган ишибизди көрсөтүп, дүйнөлүк стандартка, дүйнөлүк деңгээлге жетиштик десем жаңылбайм. Өзгөчө муундарды алмаштыруу боюнча, бүгүнкү күндө бизде өзгөчө, кашка жилик мууну, тизе мууну, жамбаш, чыканак мууну, кол муундарын жана мындан тышкары сөөктүн рак оорусу менен ооруганда муун, сөөктү да толук алмаштырып, оорулууга муундарды салганга толук мүмкүнчүлүк алдык. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын жарандары ушундай оор, татаал, жогорку деңгээлдеги операцияларды алганга толук мүмкүңчүлүк алышты.

- Бул операциялар кыргызстандык жарандар үчүн кымбатка турса керек?

- Мен бир нерсе айтып коеюн, жакынкы жылдын башында президенттин атайын программасы менен, президенттин түздөн-түз жардамы менен 120 муун сатып алынды, бул 300 миң сомдун тегерегиндеги чыгым, бүгүнкү күндө биз 70 муунду бекер салып берип атабыз. Мындай көрүнүш эч качан болгон эмес. Бул оорулар 10-15 жылдап ушул күндү күтүшкөн. Эч мүмкүнчүлүгү, эч нерсеси жок адамдарга салып берип атабыз. Мындай көрүнүш Казакстанда да, Өзбекстанда да жок, алар коммерциялык жолго коюлган. Биздин Кыргызстанда эл азыр толук мүмкүнчүлүк алышты. Бул программа жылдан-жылга уланып кете берет. Бизге чоң операцияларга муктаж адамдар кайрылса болот.

- Маегиңизге рахмат!
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG