Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:17

Акыркы кездерде өлкөдө жасалма акча менен кармалгандар көбөйдү. Өзгөчө эң жогорку номиналдагы 5000 сомдуктардын жасалмалары көбүрөөк кездешүүдө. Адистер шылуундардын торуна түшүп калбоо үчүн жасалма банкнотту чыныгы акчадан айырмалоону жакшылап билип алуу керектигин айтышат.

Арсен аттуу жигит соода-сатык менен алектенет. Жарым жылча мурда Арсен кимдир бирөө жасалма элүү сомдук менен соода кылып кеткенин байкабай калган:

- Түндө бир адам келип, менден бир топ суммага соода кылып кетти. Ал кеткенден кийин акчаларды дагы бир жолу санап көрөйүн деп атсам эле чыныгы акчага окшобогон элүү сомдук жүрүптүр. Жарыкка жакшылап карасам боектору күңүрт, кагазы да жука экен. Ал акчанын жасалма экенин билдим да, ары жакка алып койдум. Андан кийин өзүнөн-өзү жоголуп кетти, эмне болгонун билбейм.

Арсен өңдүү жасалма акча колуна тийип калгандар турмушта көп эле кездешет. Көбүнчө шылуундар акча чыныгы эмес экендиги билинип калбашы үчүн, аны караңгыда өткөрүп жиберүүгө тырышат. Кылмышкерлер көбүнесе 50, 100 сомдуктарды жана 100 АКШ долларын жасашат.

Кыргызстан улуттук валюта - сомду жүгүртүүгө киргизгенден бир жыл өтүп-өтпөй эле анын жасалмалары пайда болгон. Ички иштер башкармалыгынын өкүлү Кубат Карасартовдун айтымында, ушул тапта заманбап технологиялардын жардамы менен акчаны оңой-олтоң эле жасаса болот:

- Технология мыкты өнүгүп атпайбы. Андыктан өзгөчө улуттук валютабызды жасоо кыйын деле эмес. Ал эми жасалма банкнот жасоо оор кылмыштардын катарына кирет. Мындай кылмышкер үчтөн жыйырма жылга чейин эркинен ажыратылат. Көбүнчө 100 АКШ долларынын жасалмалары көп кездешет. Бирок жасалма сомдор деле бир топ.

Кубат мырзанын айтымында, жасалма акча колго тийген кезде, адам сөзсүз түрдө ички иштер бөлүмүнө кайрылусу зарыл. Анткени акчаны жасагандар гана эмес, аны калк арасына тараткандар да мыйзам алдында жооп берүүгө тийиш.

Дегени менен көптөр мындай учурда жөн гана акчаны үйгө коюп коюшат же тытып салышат. Кийинки биздин маектеш Азамат да жасалма акча колуна тийгенде, аны каякка алып барам деп башын ооруткан деле эмес:

- Бир жолу маршруткада баратып, айдоочуга жүз сом суна калсам эле, ал “мунуң жасалма” экен деп кайра кайрып берди. Көрсө чын эле чыныгы акча эмес экен. Негизи мындай учурда банкнотту милицияга же банкка алып барып бериш керек экенин билем. Бирок мен антип убактымды кетирүүнү каалаган жокмун. Анан калса милиция “качан, кайдан алдың” деп жөн коюшмак эмес да. Ошон үчүн үйгө алып бардым да, сувенир катары коюп койдум.

Акыркы кездерде жакында эле жүгүртүүгө кирген 5000 сомдуктардын жасалмалары бир нече жолу кармалган. Банк кызматкерлери банкноттун чыныгы же жасалмасын аныктоо үчүн анын коргоо элементтерин билип алуу зарыл дешет.

Улуттук банктын эксперттик бөлүмүнүн кызматкери Эмил Курманалиев буларды айтат:

- Шектүү банкнотту аныктан айырмалоо үчүн аларды бири-бири менен салыштырып көрүү гана жетиштүү. Бирок аны менен эле чектелбестен, акчанын коргоо элементтерин текшерип көрүү зарыл. Ал үчүн банкноттогу сүрөттүн жана жазуулардын одуракайлыгын, жарыкка салып кароодо көзөнөкчө түрүндөгү коргоо тилкелеринин болушун байкоо керек. Ошондой эле, акчанын арткы бетинде алтын түстүү цифралык номинал жана "Кыргыз банкы" деген жазуусу көрсөтүлгөн. Банкноттун төмөнкү бурчунда акчаны өйдө-ылдый кыймылдатып көрүүдө оюу же болбосо номиналдын цифрасы болот.

Биздин маектештин айтымында, 5000 сомдук банкнотто мурда кездешпеген жаңы коргоо элементи бар. Ал - Сүймөнкул Чокморовдун сүрөтүнүн сол тарабында жайгашкан “5000” деген сан. Акчаны кыймылдатканда, бул сандын өңү күңүрт жашылдан көк түскө өзгөрөт. Эмил мыразынын айтымында, жогоруда сөз болгон коргоо элементтерин мыктылап билип алган адам жасалма акчаны оңой-олтоң аныктай алат.
XS
SM
MD
LG