Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:26

Нарындагы Жетим-Тоо кенинин тегерегиндеги маселе боюнча “Азаттыктын” суроолоруна Акыйкатчы Турсунбек Акун жооп берди.

- Нарын районундагы Жетим-Тоодогу темир кенинин айланасындагы маселе боюнча сиз билдирүү тараттыңыз эле. Бирок кечээ Жети-Өгүз районунун акиминин орунбасары Акылбек Жаныбеков сиздин айткандарыңыз чындыкка жатпайт деп билдирди. Ушуну кандай чечмелеп бересиз?

- Кечээ Акылбек Жаныбеков жана Мамкаттоонун башчысы менен жолугуп, талкуу уюштурдук талашып-тартышып. Ошол боюнча алар дагы мага доомат коюшту, 34 миң гектар деп айтканым боюнча. Ал журналисттерден кеткенби, же менден кетип калганбы бир аз жаңылыштык бар, ал жер 30 гектар. Бул техникалык жаңылыштыктар. Башка айткан сөздөрүмдүн баардыгы туура. Менде толугу менен документтер бар. Эгерде Тоң районунун жеринен талашып атса, Кытайга берип койсо, же Ак-Суу районуна берип койсо бизде доомат жок болчу. Нарын облусу ижарага берген жерди убактылуу колдонууга деп берип атпайбы. Ошон үчүн биз силер ага кандай акыңар бар, Нарын облусу менен сүйлөшпөйсүңөрбү десек, алар туура көрүштү, ооба сүйлөшүш керек болчу деп. Ошон муну сөзсүз түрдө жокко чыгарышынар керек, башка жок жол деген чечимге келдик.

- Турсунбек мырза, мына сиз жеринде барып көрүп келдим дебедиңизби, Жетим-Тоодо эмне болуп атыптыр?

- Ал жерде жапжаңы акыркы үлгүдөгү техникалар турат, мен тоодон, кырдан алыстан көрдүм. Губернатор Субаналиев жанына барып көрдү. Алар ошол жерден 4 чакырым бери Нарын районунун аймагындагы корукка кирип, жол салып атпайбы. Алардын Жетим-Тоодогу кенди басышына Жети-Өгүз районунун чечими чоң көмөкчү болуп атпайбы.

- Ал жерде кытайлар чалгындоо иштерин жүргүзүп атабы, же кенди иштете баштаптырбы?

- Чалгындоо иштерин жүргүзүп, жол салып, казып, алар бул жерден кете турган ою жок. Эң негизгиси Нарын облусунун жетекчилиги, эли менен жолугушсак, эл ат менен барып техникасын талкалайбыз деп атышат. Араң токтоттук, Жети-Өгүздүн акимин, башкаларын жек көрүп атышат, эмне үчүн биздин жерди бергенге акысы бар деп. Ал эми нарын облусунун жетекчилиги менен сүйлөшсөк, алар биздин жерди өзүбүз гана бере алабыз, Жети-Өгүз районуна убактылуу бергенбиз, булардын кандай акысы бар берип койгонго деп айтып атышат. Андан тышкары жер 25 гана жылга берилген, 25 жыл өттү, демек автоматтык түрдө бул жер кайра Нарын облусуна өтүш керек. Облус губернатору Субаналиев менен бирдикте бул маселени өкмөттүн кеңешмесине коюп атабыз.

- Коомчулукта мунун артында Акүйдөгү таасирдүү адамдар тургандай деген сөздөр айтылууда. Ушул боюнча иликтеп көрдүңүздөрбү?

- Мен маалымат жыйынында айткандай президенттин, премьердин, ЖК төрагасынын буга эч кандай тиешеси жок. Андай болгондо губернатор айтат эле, ал деле кыйын жигит. Бирок Акүйдө кандайдыр бир чиновниктер бар көрүнөт. Анткени биз алган маалыматка караганда, кытайлар Жетим-Тоодо туруп биздин Экология кызматынын башчысы Дамир деген жигитти бирөө менен сүйлөштүрүптүр телефон менен. Бир кыргыз бала “мен өкмөттөнмүн, тийбегиле” деп чыгыптыр. Анан аты-жөнүн сурашса телефонду коюп коюптур. Демек буга кызыкдар болгон бирөөлөр бар да, өкмөттөнбү, башка жактанбы. Бул боюнча тактап атабыз.

- Бул боюнча премьер-министрге кайрылдым дедиңиз, бир жыйынтык чыкчудайбы?

- Премьер-министрдин жардамчысы аркылуу расмий кат берип атабыз. Андан тышкары президенттин катчылыгына, администрацияга атайын кат жолдом атабыз. Премьер-министр болсо бул маселе боюнча маалыматы бар экенин жардамчысы айтты.

- Маегиңизге рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG