Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:26

Кыргызстанда интернетти колдонгондордун саны өсүүдө. Бишкекте алар элүү миңдин тегерегинде. Бирок аймактарда дүйнөлүк желе ойдогудай жайыла элек.

Бишкектик Асел Турдубекованын үйүндө да, ишинде да компьютери бар. Анын иши интернет менен байланышта болгондуктан, ага убактысынын көбүн жумшайт.

- Күнүнө он сааттай интернетте отурам. Эртеден кечке ар кыл сайттарга баш багып турам. Анын үстүнө жумушум да дүйнөлүк желе менен байланыштуу. Мындан тышкары музыка угам, жаңылыктарды окуйм.

Ошентип, Асел дүйнөлүк желе аркылуу каалаган маалыматты алып, достору менен он-лайн сүлөшүп, айтор интернетсиз жашоосун дээрлик элестете албай калган.

“Маалыматтык колдоо” уюму жүргүзгөн изилдөө боюнча, Кыргызстан интернетти колдонгондордун саны боюнча КМШ мамлекеттери арасында алдынкы орундардын бирин ээлейт. Бир гана Бишкекте дүйнөлүк желени колдонгондордун саны элүү миңдин тегерегинде.

Бишкектеги интернет-клубдарынын бириндеги менеджер Чынгыз буларды айтат:

- Биздин клубга күнүнө жүзгө жакын кардар келет. Көбүнчөсү жаштар. Алар таанышуу сайттарында, чаттарда отурушат. Ар кыл оюндарды ойногондор да бир топ. Куусаң да кетпей түнү бою интернетте отургандар да бар. Студенттер, мектеп окуучулары окууга керектүү ар кыл маалымат тапканы келишет.

Өлкөнүн булуң-бурчтарын интернеттештирүү максатында кыргыз өкмөтү атайын токтом кабыл алган. Ал боюнча, 2020-жылга чейин Кыргызстандын баардык шаар, айыл-кыштактары интернет менен камсыз болушу керек. Дегени менен серепчилердин айтымында, ушул тапта Кыргызстанда Бишкек, Ош, Каракол өңдүү чоң шаарларда гана интернет мыкты өнүккөн. Башка район борборлоруна, айыл-кыштактарга интернет түйүнү жакшы жеткен эмес.

Мисалы Баткендик журналист Жылдыз Шайдуллаева интернет пайдалануу үчүн эл аралык уюмдун колдоосу менен ачылган жалгыз интернет борборуна барат. Эгерде ал жай жабык болуп калса, анда пландаган иши бүтпөй калат:

- Баткенде интернет жетишсиз. Массалык маалымат каражаттарын колдоо уюму аркылуу түзүлгөн бир гана борбор бар. Кээде интернет үчүн алыс жактарга барууга туура келет. Айрыкча студенттерге дүйнөлүк желе өтө керек эмеспи, алар болсо шарттардын жогунан абдан кыйналышат.

Аймактарда дүйнөлүк желенин ойдогудай жайылбай жатышынын себебин Кыргызстандагы интернет технологиялар тармагында иш алып барган компаниялардын биринин өкүлү Алена Понамарева мындайча түшүндүрдү:

- Мунун башкы себеби чыгымдардын өтө эле жогору болушу. Интернетти жеткирүү үчүн атайын зымдарды тарттырып, жабдууларды орнотуу керек, бул өтө кымбат. Элетке интернет түйүнүнүн жетпей жатышынын себеби ушунда.

Kyrgyztoday.kg интернет телеканалынын баш редактору Мирлан Дүйшөнбаев айыл-кыштактарда интернетти жайылтуу мезгилдин талабы экенин айтып, бул маселе оңунан чечилээрине күмөн санабайт:

- 2020-жылга чейин айылдар интернет менен камсыз болооруна мен толук ишенем. Бул албетте чоң каражатты талап кылат. Бирок ошол каражатты таап, бул маселени ишке ашырууга техникалык жаткан да мүмкүнчүлүк бар. Элеттеги жарандар болсо материалдык жактан балким азырынча даяр эместир бирок моралдык жактан даяр деп эсептейм. Анткени глобалдаштыруу доорунда маалыматтан артта калбай, билимди өркүндөтүүгө интернет керек экенин көптөр түшүнүп калышты.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG