Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:06

Беслан окуясында аман калган Маликтин тагдыры


Малик Калчекеев быйыл Орусиянын Ростов-на-Дону шаарындагы милициялык жогорку окуу жайынын юридикалык факультетине өттү.
Малик Калчекеев быйыл Орусиянын Ростов-на-Дону шаарындагы милициялык жогорку окуу жайынын юридикалык факультетине өттү.

Бесландагы мектепти террорчулар басып алганда, барымтада калгандардын арасында кыргызстандык Малик Калчакеев да бар эле.

Мындан беш жыл мурда Түндүк Осетиянын Беслан шарындагы №1-мектепти террорчулар тобу басып алып, 1200 адам барымтага алынган эле. Мына ошол капсалаңда 330 киши, анын ичинде 186 окуучу набыт болгон. Барымтага алынган мектептин 7-классынын окуучусу, кыргыз баласы Малик Калчакеев абалы начарлагандарга жардам да көрсөткөн.

2004-жылдын 1-сентябрындагы Бесландагы окуяны Маликтин чоң атасы Мурат Калчакеев мындайча эскерди:

- Маликтин чуркаганын телевизордон көрдүк да. Таанып калдык. Дароо телефон чалсак, атасы Марат: “Малик аман. Бирок өлгөндөр көп” деди. Маликтин өзүнүн айтканына караганда, террорчулар ичинде камап отурганда эки-үч жолу дааратканага чыгып, майкасын суулап келип, сулап жаткан адамдарга сордуруптур. Ошондо байкап калган тигилер “сен кайра-кайра чыга бересиңби?!” – деп, мылтыктын кундагы менен бир коюптур. Анан биринчи жардыруу болгондо эле, өзү абдан чыйрак жигит, элге кошулуп эптеп качып чыгыптыр.

Чоң атасы Мурат Калчакеевдин айтымында, азыр 17 жаштагы Маликтин саламаттыгы жакшы жана ал быйыл Орусиянын Ростов-на-Дону шаарындагы милициялык жогорку окуу жайынын юридикалык факультетине өттү. Маликтин ата-энеси Марат жана Флюра Калчакеевдер Бесланга Каракол шаарынан жумушсуздуктан улам көчүп барышкан. Маликтин балалыгы да Караколдо өткөн.

Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү жазуучу Мелис Абакиров далайларды мүшкүлгө салган Беслан окуясы боюнча “Азаттыкка” жеке пикирин билдирди. Анын оюнда, Бесланда набыт болгон 330 кишинин көпчүлүгү Орусия коопсуздук кызматынын терең ойлонбой иш жасагандыгынан улам каза болуп кетти:

- Руслан Абышевдер барып элди акырындан куткара баштабады беле. Террорчулар чыгып кетүүгө макул эле болмок. Аларга мындай шарт коюш керек болчу: Силер Осетиядан чыгып кеткиле, силерге эч кандай коркунуч жок деп баягы Будденовкадагыдай кылып, Басаевдей кылып кое берсе буларды – алар шартка макул болмок деп ойлойм. Жанагынча курмандык болбойт эле. Репортажды Москвадан көрүп турбадыкпы. Ошондо чабуул коюуну да көрсөтпөдүбү. Чабуул террорчулардан болгон жок. Октор сырттан келип жатты. Демек бул Орусиянын коопсуздук кызматынын офицерлеринин буйругу менен болгон да. Ошону жабыш үчүн, мисалы Орусиянын саясаты, саясат деген дайыма жылмалоону талап кылат – анан алар баарын террорчуларга шылтап коюшту. Анткени бул иштин башын террорчулар баштаган.

Мындан беш жыл мурда болуп өткөн Бесландагы кайгылуу окуя өзгөчө энелерди кайгыга салды. Белгилүү акын Бактыгүл Чотурова бул азалуу окуядан улам төмөнкү ыр саптарын чыгарган:

- Кыргызда макал бар эмеспи: Бала ооруса, эненин эмчеги зыркырайт деген. Ошол Бесландагы окуя канча эненин эмчегин зыркыратты.

Ооруса бала билеги,
Ооруйт дейт бала жүрөгү.
Баланы сүйгөн энедей,
Сүйө албайт эч ким бирөөнү.

Бесландагы окуя жер шарынын эч бир жеринде кайталанбаса экен деп тилек кылам.

Беслан окуясынын күбөсү Малик Калчакеевдин чоң атасы Мурат Калчакеев небересин Беслан окуясынан бери көрө элек. Андыктан “неберем эмки жылы келет” деген сүйүнүчүн билдирди:

- 14-август - Малик неберемдин туулган күнү. Ошондо байланышып сүйлөштүк. Телефондон такай эле сүйлөшүп турабыз. “Мен абдан аракеттенем Кыргызстанга кеткенге. Ата-энем эле кармап жатпайбы. Мага койсо Кыргызстанга азыр учуп жетмекмин” - дейт телефондон. Караколдо чоңойгон да. Беслан деген оюнда түгүл, түшүндө да жок эле. Буйруса эмки жылы келет.

Тасмада: Беслан трагедиясы эскерилди

Бесландагы №1 мектепте болгон торрордук кол салууга 5 жыл толду. Бесланда мектеп окуучулары менен алардын ата-энелери террорчулар тарабынан барымтага алынганда 344 киши набыт болуп, 500дөн ашууну жараат алган.

Беслан трагедиясы эскерилди
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:57 0:00

XS
SM
MD
LG