Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:48

Кыргызстанды чейрек кылым башкарган Т. Усубалиев 90 жашта


21-октябрда Кыргыз илимдер академиясында белгилүү коомдук-саясий ишмер Турдакун Усубалиевге “Ардактуу академик” наамын ыйгаруу аземи болду. Турдакун Усубалиев СССРдин курамындагы Кыргызстанды 25 жылдай жетектеп турган.

Турдакун Усубалиевдин 90 жылдык мааракесиинин урматында “Ардактуу академик” наамын ыйгаруу салтанаты Турдакун Усубалиев тууралуу кинотасма менен ачылды.

Жыйынды Кыргыз улуттук илимдер академиясынын президенти Шарипа Жоробекова ачты:

- 1961-70-жылдарда Фрунзеде Кыргыз илимдер академиясынын курулушунун материалдык-техникалык базасынын чыңдалышына Турдакун Усубалиев өзү көзөмөл салып турган. Айрыкча ал Кыргызстанда илимий прогресстин өнүгүшүнө, өзгөчө кадр маселесине көңүл бурган.

Андан кийин Кыргыз Республикасынын Баатыры Турдакун Усубалиевге “Кыргыз илимдер академиясынын ардактуу академиги” сыйлыгынын диплому тапшырылып, сөз ыйгарылды. Турдакун Усубалиев – эгер кыргыз эли, асыресе илимдер академиясы көп улуттуу совет эли менен бирдиктүү алакада болбосо, ийгиликтерге жетпейт болчу деди:

- Эгерде илимдер академиясынын Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык жана маданий жактан өнүктүрүүгө, кыргыз элинин турмуш деңгээлин жогорулатууга башка элдер менен, өзгөчө орус эли менен достук биримдүүлүгүн чыңдоого өзүнүн илимий изилдөөлөрү менен түздөн-түз катышпаган болсо, анда кыргыз советтик мезгилде зор ийгиликтерге жетишпейт болчу.

Кыргызстанды 25 жылдай убакыт башкарып, Турдакун Усубалиев Кыргызстан эгемендик алгандан кийин да Жогорку Кеңештин депутаты катары ишмердигин улантып, ондогон китептерди жазып чыгарды. Ал кишинин ишмердигине карата коом ичинде ар кандай пикирлер бар.

Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер Жаныбек Турсунов Турдакун Усубалиевдин кыргыз курулуш жайларынын курулуштарына сиңирген эмгегин белгиледи:

- Турдакун Усубалиевдин демилгеси менен Кыргызстанда ал башкарып турган учурда Тарых музейинин, Фрунзенин музейинин, "Манас" аэропортунун, Кардиологиялык институттун, Онкологиялык институттун, дагы башка чоң-чоң ири жайлардын курулуштары жүрдү. Ошондон бул киши “Кыргызстандын архитектору” аталып калды.

Ал эми белгилүү жазуучу, Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер Мелис Абакиров:

- Менин калемгер катары айтайын деген пикирим, бул киши бүткүл каны-жаны менен советтик идеологиянын кулу болгон да. Мен Турдакун Усубалиев менен сүйлөшүп да көргөн эмесмин. Бир чети биз тууган да болуп кетебиз. Бир урууданбыз. Анан бул кишинин бир жакпаган жери – өзүнүн чоң атасы Калыгулга биринчилерден болуп – эскичил, анан диний көз караштагы буржуазиялык-улутчул деген жарлыкты койгону болду. Атүгүл кечээ жакында дагы бир чоң атасы Манап бийдин эстелигинин ачылышына катышып алып, анда президентибиз “Манап бий элибизди бириктирүүдө, коргоодо эмгек сиңирген” деп сөз сүйлөп атса, жакында бир интервью бериптир: "Манап бий тарыхый документтерде айтылбайт, мындай факт жок" деп. Минтип айтканы – жанагы коммунисттик идеологиянын кулу да. Президент анын чоң атасын көтөрүп атса, анын ушинтип айтып жатканы – мени чынында иренжитти.

Тарых илимдеринин кандидаты, профессор Дөөлөтбек Сапаралиевдин пикиринде, албетте советтик идеология тарабынан кыргыз тили, тарыхы, дагы башка улуттук кызыкчылыктары басмырланып келди. Бирок бул үчүн Турдакун Усубалиевди күнөөлөөгө болбойт:

- Ал мезгилде биз бир мамлекеттин, СССРдин ичинде болчубуз да. Анан ал мезгилдеги маселелердин баары Москвадагы төбөлдөрдүн басымы аркасында чечилип турчу чынын айтканда. Албетте биз мунун баарын “Турдакун Усубалиевдин кетирген кемчилиги” деп айтканыбыз аша чапкандык болот.

Турдакун Усубалиев Кыргыз ССРинин Борбордук комитетинин биринчи катчысы болуп турган учурда илим боюнча Токтогул мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Жанчар Калманов Москвада СССРдин көмүр өнөр жай министринин орунбасарынын жардамчысы болуп иштеп турган. Анын пикири боюнча, ал мезгилде кыргыз тилинин четтетилиши – КППСтин саясий бюросунун чечими болгон:

- “Кыргыз тилине көңүл бурбаган” деген пикирлердин себеби – аны өз убагында Раззаков кабыл алган да, “кыргыз тилин четтетиш керек” деген Хрущевдун кысымы менен. Ал саясий чечим Москвадан болгон. Аргасыз Раззаков аны кабыл алган. Аны анан бул киши кайра калыбына келтире алган жок албетте.

Ал эми жазуучу Кален Сыдыкованын пикиринде, кыргыз элинин Эне-Сай (Енисей) тарыхы атайын бурмаланган:

- Бул жерде борбордон болгон атайын көрсөтмө турат. Анкени бизди ошол Енисей кыргыздары менен түбү бир деп айтылчу болсо, анда ошол “Алтайдан баштап Кытайдын жери” деп айтылып чыкмак. Кытайдын да өзүнүн идеологиясы турган да. Ошондуктан бул айтылбаган стратегия болгон. Ушинтип калп бүтүм чыккан. Муну Усубалиевдин жана академиянын алдындагы Тарых институтунун колдоп турганы, ошол мезгилдин чоң күнөөсү, туура эмес жагы болгон.

Кыргызстандын Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан менен чектешкен жерлериндеги айрым жерлердин берилип кетиши да Жанчар Калмановдун айтымында, СССР деген чоң системанын саясаты болгон. Кыргызстандын жери болгон Совет-Абаддын жана Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өтүп кетиши боюнча Жанчар Калманов буларды айтты:

- Жерлердин берилип кеткенинин себеби, мен тиги Москвада иштеп турганда Токтогул ГЭСинин ачылышы болуп калды. Ошого Өзбекстандын биринчи катчысы Рашидов келмек болчу. Анан ал киши убадасын берип, келбей койгон. Эсимде бар, ошондо Турдакун Усубалиев Москвага келип, абдан капаланган, “Рашидов сөз берип келбей койду, бир топ чече турган маселелер бар эле” деп. Өзбектер чечилчү маселелерди чечпей, Кыргызстанга берчү акчаны да толук бербей коюшкан. Рашидов БКнын секретары, саясий бююронун мүчөсү да болчу, ал эми бул киши тек гана БКнын секретары болчу. Ошон үчүн бул кишини тоотпостук да болгон эле.

Жазуучу жана тарых изилдөөчү Кален Сыдыкованын ою боюнча, Кыргызстанга караган аймактардын коңшу мамлекеттерге өтүп кетишине да ал учурдагы социалисттик түзүлүш, коммунисттик идеология себеп болгон:

- Эми ал учурда СССР бир бүтүн мамлекет болуп, аймактар бөлүнгөн эмес да. Анан “баары бир жер” деп, борборлоштурулган саясаттын кесепетинен, Өзбекстанга же болбосо Тажикстанга өтүп кеткени чындык. Бирок тилекке каршы биз ошол жерлерди кайтып алалган жокпуз.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG