Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:50

Эл эртеңине тынчсызданууда


“Эл үнү” берүүсүнө телефон чалган угармандар Кыргызстанга өлүм жазасын киргизүүгө каршылыктарын айтышып, кадр саясаты туура эмес жүргүзүлүп жатканын билдиришти.

“Эл үнү”программасына кайрылган угармандар Кыргызстанга өлүм жазасын кайрадан киргизүүгө каршы экендиктерин, Президент Курманбек Бакиев кадр саясатын начар жүргүзүп жатканын, электр жана жылуулукка тарифтердин көтөрүлүшү элдин жашоо шартына терс таасирин тийгизерин айтышууда.
11-ноябрда Жогорку Кеңештин “Ак жол” фракциясы “Өлүм жазасынан баш тартуу боюнча эл аралык пакттын экинчи факультативдик протоколуна кошулуу жөнүндө” мыйзам долбоорун карап, фракциянын көпчүлүк мүчөлөрү Кыргызстанга өлүм жазасын кайра кайтарууну жактаган.

Коммунисттер фракциясы дагы Кыргызстанда өлүм жазасын калыбына келтирүү жөнүндө мыйзам долбоорун даярдап жаткандыгы мурда маалымдалган. Мындай аракет Коопсуздук кеңешинин сентябрдагы аппарат жыйынында ошол кездеги катчы Адахан Мадумаров менен Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Мурат Суталиновдун өлүм жазасын калыбына келтирүүнү жактаарын билдиришкенден кийин башталган. Ал эми Кыргызстандын акыйкатчысы жана жергиликтүү укук коргоочулар мындай демилгени кескин сындап чыгышкан болчу.

“Бата” руханий изилдөө борборунун директору Кадыр Кошалиев дагы Кыргызстанга өлүм жазасынын киргизилишине каршы.


- Өлүм жазасын Кыргызстанда кайра калыбына келтирүү демилгеси көтөрүлүп жатканына мен караманча-каршымын. Деги эле өлүм жазасын киргизүүнүн ордуна билим берүү, тарбиялоо системасын оңдоо керек, деңгээлин көтөрүү керек. Адамды жазалоо менен эмес, тарбиялоо жолу аркылуу адамдык касиетин, адамдык улуу затын кайрадан калыбына келтирүүгө ар тараптуу колдоо көрсөтүү зарыл. Ошондо улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов агайыбыздын “Канткенде адам уулу – адам болот?”- деген тбөлүкүтүү суроосуна жооп берген болот элек.

"Эл үнүнө" кайрылган Бишкектин тургуну Гүлайым Кожалиева 54 жаштагы жолдошу Данил Саданбеков 30-октябрда кечки саат алтылар чамасында ак түстөгү “Фольсваген-пассат” жеке автоунаасы менен жүргүнчүлөрдү ташып, такси кылам деп чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголгонун билдирди. Анын айтымында, башына каран күн түшүп турганда Улуттук телерадиокомпаниясына жолдошун издөөгө кулактандыруу бергени барып, көңүлү “үч көчкөн журттай” калган.

-Жолдошум дайынсыз жоголгондон кийин издөөгө кулактандыруу берүү үчүн УТРКга барганбыз. Милиция тосуп эч кимиси менен жолуктурбай же чакырып бербей убара кылды. “Кайдасың” программасына арыз жазгыла дегенинен ага арыз жазсак, ал бир жумадан кийин жообун берет экен. Анан коммерциялык каналдан кулактандыруу берилет дегенинен барсак, ал жерде бир минутасына 3480 сом экен. “Эгер мен суткасына төрт беш жолу берсек кандай болот? Десем, беш жолу берсеңиз ар бирине 348 сомдон төлөйсүз”, дешти. Мен ар бир суткада 17 миң сом төлөп издөөгө реклама бергенге деле мүмкүнчүлүгүм жок. Эмне кылаарды билбейбиз. УТРК элдик телевидение дегенинен үмүт артып бардык эле. Карапайым элдин арыз-муңуна, кайгысына жардам берүүнүн ордуна тескерисинче акча төлөгүлө деп айлабызды кетирди.

Ал эми Улуттук телерадиокомпаниясынан ар кандай кулактандыруу жана жарнаамалар коммерциялык негизде экендигин билдиришти.

“Азаттыктын” угарманы, “Коррупцияга каршы” кыймылдын жетекчиси Назарбек Нышанов болсо кадр саясаты начар жүргүзүлүп жатканын айтып, жогорку бийлик секисинде отургандар элдин, мамлекеттин келечегин ойлобой эле жеке керт баштарынын камын жеп калды деген пикирде.

-Туура бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок”,- деген накыл кеп бар кыргызда. Азыркы өлкө башчысы ушул накыл кепти эсинен чыгарып, айланасына жакын туугандарын, балдарын топтоп, жогорку кызматтарды берип жатканы жакшы жышаана эмес. Мурдагы экс-президент Аскар Акаев дагы бала-бакырасын, балдыздарын парламентке депутат кылам деп элдин каарына калып, аягында өлкөдөн куулуп тынды. Азыркы бийлик ушуну эстеринен чыгарышпасы керек эле. Азыр кыргыздын мыкты уул-кыздары чет өлкөлөргө же бизнес чөйрөсүнө кетип, кыргыз бийлиги мыкты адисттер, мыкты кадрлардан аксап турат. Биздин өнүкпөй жатканыбыз дагы профессионал кадрлардын жоктугунан улам болуп жатат. Бийлик өтө эле коррупциялашып кетти. Анан дагы Кыргызстанда жаңыдан телчигип келаткан демократия муунтулуп, авторитардык система тоталитардык режимге өттү. Мунун арты жакшылык менен бүтпөйт деген ойдомун.

“Эл үнү” программасына кайрылгандардын көпчүлүгү электр кубатына жана жылуулукка тарифтердин кымбатташы элдин турмуш шартына терс таасир тийгизерин да айтышууда. “Азаттыктын” угарманы Өндүрүш Токтоназаров электрге жана жылуулукка тарифтердин кескин жогорулашына каршы парламенттин СДП фракциясынын чечимин толук колдой тургандыгын айтты.

Электр кубатына баанын жогорулашына Талас облусунун тургундары дагы тынчсызданууларын билдиришип, анын кесепетинен күндөлүк турмушка керектүү нерселердин бардыгы кымбаттай тургандыктарын белгилешүүдө.

Электрге жана жылуулука бааны көтөрүү демилгечиси премьер-министр Данияр Үсөнов атуулдарга өкмөт тарабынан каржылык жардам көрсөтүлүп, тарифтердин кымбатташы менен элдин жашоосуна оорчулук келбейт деп эсептейт.

Ошентип өкмөт келерки жылы электрге жана жылуулукка бааны көтөрүп, тамтыгы чыгып, эскирген электр тармагын заманбап жабдыктар менен жабдып, үзгүлтүксүз электр энергиясын беребиз деп турган чакта, Жогорку Кеңештин Коммунисттер фракциясынан депутат Анаш Сейитказиев 29-декабрда “Түндүкэлектр” “Чыгышэлектр”, ”Жалал-Абадэлектр”, “Ошэлектр” ишканалары сатыкка коюлуп конкурс жарыяланарын айтты.

Мүлк министрлигинин статс-катчысы Сүйөркул Бакиров болсо өнүктүрүү коруна кайсы ишканалардын акцияларды берүү боюнча өкмөт чечим кабыл ала электигин билдирди.

XS
SM
MD
LG