Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:23

Ыңкылап күнү жараат алгандарга кандай жардам берилүүдө?


Дамира Ниязалиева, Саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу.

Дамира Ниязалиева, Саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу.

Саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Дамира Ниязалиева 7-апрелдеги кандуу кагылышта жараат алгандарга кандай жардам көрсөтүлүп жатканы тууралуу суроолорго жооп берди.

- Апрель ыңкылабында жабыр таркандарга өкмөт тарабынан берилчү каржылык жардам берилип жатабы? Берилсе кандай жолдор менен жардам көрсөтүлүүдө?

- Жардам берүү боюнча өзүнчө эрежелер бар. Ошол эрежелерин азыр жасап атабыз. Прокуратуранын токтомунун негизинде, анан соттук эксперттин жыйынтыгын алабыз, жараты кандай экенин, оор жарадарбы, же ортобу дегендей. Ошонун негизинде акча берилет Каржы министрлигинен.

- Бул жагынан бюрократтык бут тосуулар, ар кандай документтерди толтуруу процедурасы көбөйүп кетпейби?

- Биз эң жеңилдетилген жол менен жасап атабыз. Бирок мунун өзүнүн дагы эрежелерин колдонбосо болбойт. Анткени азыркы убакта бизде оор жарадарлар аз калды. Көбүнчөсү орто жана жеңилдер. Бирок өкмөттүн жобосу боюнча жеңилдерге берилбейт да, ортолорго жана оорлорго берилет. Азыр көбүнчөсү дарыланып жаткандыктан алар дарыланып бүткөнгө чейин алардын жараты жеңилден орто болуп кетиши мүмкүн, же болбосо кудай сактасын, өтө оор болуп кетиши мүмкүн. Ошон үчүн азыркы учурда биз ооруканадан чыгып аткандарына, азыр бейтапканада жаткандарга биринчи кезекте оорлоруна берип атабыз. Анткени сиздер билгендей, бизге абдан көп, 1600дөн ашык кишилер кайрылган жардам берүү боюнча. Ошонун баарын экспертизадан өткөрүш керек.

- Айрымдары токмок жеп жаракат алып, анан камайт деп коркуп үйлөрүндө жатып алгандар болгон экен. Бирок алардын арасында да мээси чайкалып, буту-колу сынгандары бар экен. Ушуларга кандай чара көрүлөт?

- Бизге келип кайрылып атышат. 7синде эле эмес, 8-9-10да келгендер да болду. Биздин саламаттыкты сактоо тармагында иштеген адистер экспертизадан өткөрүп беребиз. Бирок жардам бериш керек, же бербеш керек деген акыркы сөздү укук коргоо органдары чечет.

- Дамира айым, буга чейин саламатыкты сактоо министрлигинде энелердин өлүмү, кант оорусу менен ооруган адамдарга жардам көрсөтүү, ошондой эле министрдин орун басары тууралуу проблемалар козголду эле. Ошолор унутта калып калган жокпу?

- Албетте ал маселелер унутта калбайт. Мен депутат болуп иштеп жүргөн кезимде ушул маселелерди өзүм көтөргөм. Ошон үчүн азыркы убакта ошондой көйгөйлөрдү чечүү үчүн алдыбызда боло турган беш жылдыкка саламаттыкты сактоо тармагынын өнүгүүсүн реформалоо боюнча стартегиясын жазганы атабыз. Ошол стартегияда ал маселелердин баарын камтыйбыз.

- Айлык маяналары көтөрүү маселеси да каралганбы?

- Албетте каралыш керек. Негизи бул деле айтылып келген. Бирок ушул убакка чейин маянаны 15 пайызга көтөрүү жөнүндө сөз болгон. Мен оюмду комиссияга айтып, аны да талкуулайбыз, мен ойлойм 15 пайыз өтө аз. Негизи маяна туура болуш үчүн саламаттыкты сактоо тармагында иштеген адистерге, эң эле аз дегенде 40-50 пайызга көтөрүлүш керек деп ойлойм.

- Ал эми Медициналык академияда студенттер акча менен окуп калды деген маалыматтар бар. Бул маселелер кандай чечилчүдөй?

- Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт да. Айтылып аткан болсо мүмкүн бул чындыр. Бул маселени мен изилдей элекмин азыркы убакта. Анткени өзүңүз билгендей, келип иштеп атканыма 10 күндүн эле тегереги болду. Бирок сиз туура айтасыз, бул маселени да карап жакшы багытка салыш керек. Анткени эгерде студент билим албай эле акча менен окуусун бүтүрсө андан кандай адис чыгаары чоң суроону пайда кылат.

- Маегиңизге рахмат.
XS
SM
MD
LG