Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:14

Июнь калабасын иликтөөчү эл аралык комиссия ишин баштады


Оштогу коогалуу күндөр, 11-июнь.
Оштогу коогалуу күндөр, 11-июнь.

Комиссия Кыргызстандын түштүгүндөгү коогалаңдын себептерин талдайт жана мындай окуялардын алдын алуу боюнча сунуштарды иштеп чыгат.

Комиссия өкүлдөрү 18-октябрда Бишкекте маалымат жыйын өткөрүп, алдыдагы иш-аракеттери тууралуу кеңири айтып беришти.

Иш үч багытта жүрөт

Бул комиссия негизи август айында эле түзүлүп ишке кирмек эле. Анын төрагасы, ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясынын Борбор Азия боюнча өкүлү Киммо Кильюнендин маалымдашынча, жаңы комиссия түзүү иштеринде эл аралык уюмдар тарабынан азыраак кыйынчылыктар болду, ошондуктан эми гана ишин баштаганы турат.

Аталган комиссия алгачкы жыйынын 14-15-октябрда Хельсинкиде өткөрүп, алдыдагы ишин кеңири талкуулады. Ага ылайык, комиссия окуяларды кылмыш иши катары иликтебейт. Иш үч багытта жүрмөкчү
Оштогу коогалуу күндөр, 13-июнь.

Алгач түштүктөгү окуялар боюнча болгон фактыларды чогултат, коогалаңдын себебин талдайт жана мындай окуялардын алдын алуу боюнча сунуштарды иштеп чыгат. Иликтөө так адилет болушу үчүн комиссиянын курамына кыргызстандык жарандар кошулбайт.

Иликтөө иштерине Анна Матвеева жетекчилик кылат. Анын айтымында, июнь окуяларынын кийин өлкөдөн кетип калган жарандар бар, маалымат-фактыларды чогултууга өлкөдөн кетип калган атуулдар да тартылмакчы:

- Биз түштүктө да, түндүктө да иштейбиз. Кыргызстанданы сырткары башка өлкөлөрдөн да маалымат чогултканы жатабыз.

А. Матвееванын маалымдашынча, иликтөөнүн жыйынтыгын коомчулукка жарыялардан мурун, баяндама алгач өлкө президентине жана өкмөткө тапшырылат. Мындай чечим кыргыз бийлиги менен макулдашылгандан кийин кабыл алынды.

"Июнь коогасы - эл аралык деңгээлдеги трагедия"

Буга чейин түштүктөгү окуялар боюнча эл аралык Хьюман Райтс Уотч уюму атайын баяндама жарыялаган. Кыргыз коомчулугунда бул баяндама бир жактуу болуп калды деген сындар да айтылган. Маселен анда Сузактагы Санпа пахта заводунун жанындагы кандуу окуя таптакыр камтылган эмес.

Комиссиянын төрагасы Киммо Кильюнен “Азаттыкка” буга чейин жарыяланган эл аралык баяндамалар кыска болуп калганын, өздөрү кеңири иликтөө жүргүзүүнү пландаштырып жатканын айтты. Ал Ош, Жалал-Абаддагы калабаны Кыргызстандын эле эмес, эл аралык деңгээлдеги трагедия катары мүнөздөдү.
Киммо Кильюнен, комиссия төрагасы, ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясынын Борбор Азия боюнча өкүлү.

- Июнда эмне болгонун түшүнүү үчүн баардык аспектилерди иликтегенге аракет кылабыз. Окуялар тууралуу ачык айтуу маанилүү. Биз бул проблемаларды Хьюман Райтс Уотчко караганда тереңирээк иликтейбиз деп үмүттөнөм. Аларда материалдар аз жана баяндамасы кыска. Бизде материалдар көп болот.

К. Кильюнен кыргыз коомчулугунда эл аралык уюмдардын баяндамаларына жана иликтөөлөрүнө ишенбөөчүлүк бар экенин танбайт жана муну кадимки көрүнүш деп эсептейт:

- Ар бир эле мамлекет, Европада, мисалы Финляндияда көп адамдар "чет өлкөлүктөр биздин коомду түшүнбөйт", деп ойлошот. Тынчсызданышат, ошол эле учурда сындашат. Бул Кыргызстан үчүн эле эмес, баардык эле мамлекеттерге мүнөздүү көрүнүш. Эл биздин максатыбыз аларга жардам гана берүү экенин түшүнөт го деген үмүтүбүз чоң.

Июнь коогалаңын иликтеген көз карандысыз эл аралык комиссия өз баяндамасын 2011-жылдын февраль айына чейин бүтүрүп жарыялоону пландаштырууда. Алар буга чейин коогалаңды иликтөө боюнча түзүлгөн Улуттук комиссия менен тыгыз биргелешип иштешмекчи. Улуттук комиссия да азырынча өз ишин толугу менен аяктай элек.

XS
SM
MD
LG