Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:50

Калаба себептери калыс иликтендиби?


Оштогу коогалуу күндөр: милиция жана аскерлер шаардын көчөлөрүндө күзөттө, 21-июнь.
Оштогу коогалуу күндөр: милиция жана аскерлер шаардын көчөлөрүндө күзөттө, 21-июнь.

Ош, Жалал-Абаддагы июнь коогасын иликтеген Улуттук комиссия ишинин аягына чыгып калды.

Комиссия өкүлдөрү иштин жыйынтыгы белгиленген мөөнөттө - декабрь айында чыгаарын айтууда.

Эки комиссиянын иши эриш-аркак, жыйынтыгычы?..

Июнь калабасын иликтеген Улуттук комиссиянын өкүлдөрүнүн бир бөлүгү Ош, Жалал-Абадда он күнчө иштеп жаңы эле келди. Комиссиянын мүчөсү Орозбек Молдалиевдин “Азаттыкка” маалымдашынча, калган мүчөлөр ушул тапта чогулган факты-маалыматтарды анализдеп жатышат:

- Келген материалдардын баарын толуктап карап туруп, бир топ өкмөттүк эмес уюмдарга, тергөө, укук коргоо органдарына жазган суроо-талаптарыбыздын акыркы жыйынтыктарын алабыз дагы, декабрда, белгиленген мөөнөттө бүтүргөнгө аракет кылабыз. Буюрса бүтүп калабыз.

Жыпар Жекшеев июнь окуясында жабыркагандар менен жолугушууда, Оштун Кызыл-Кыштак айылы, 2010-жылдын 5-августу.
Октябрдын ортосунда июнь окуяларын иликтөөчү Эл аралык комиссия да ишке кирген болчу. Алар ишинин жыйынтыгы менен февраль айында тааныштырууну убада кылышкан, ошондой эле Улуттук комиссия менен чогуу-чаран иштешерин айтышкан.

Улуттук комиссиянын төрага орун басары Жыпар Жекшеев азыр көз карандысыз комиссия мүчөлөрү менен байма-бай жолугушуу болуп жатканын маалымдады:

- Президенттин да өтүнүчү ушундай болчу. Алар менен чогуу иштешип, аларга жардамдашып, керек болсо бизде болгон маалыматтардын баарын беребиз дедик. Силерде болгон маалыматты бизге бергиле деп айттык. Алар менен акыркы жолу “ушинтип кол кармашып, туура, калыс жыйынтык чыгаралы”, - деген максатта жолукканбыз.

Жыйынтыктын калыс болооруна шек саноолор жок эмес

Антсе да Улуттук комиссиянын ишинин жыйынтыгы калыс болоорунан шек санагандар да жок эмес. Алардын бири укук коргоочу Сардар Багышбеков. Анын айтымында, комиссиянын айрым мүчөлөрү шайлоо менен алек болуп туруп алышты. Анан калса, бул комиссиядан кесиптештери Азиза Абдирасулова менен Нурбек Токтакуновдор чыгып кетишти:

- Бул комиссия Ош окуясы боюнча толук, объективдүү маалымат бере албайт деп ойлойм. Анткени комиссия түзүлгөндөн баштап анын көп эле мүчөлөрү комиссиянын иштерин аткарбай саясий иштер менен жүрүштү. Алардын арасында шайлоого катышкандар да болду. Менимче азыр комиссия деле эмес, азыркы өкмөттүн өзү деле адилеттүү чечим чыгарганга моралдык даярдыгы жок.

Айрым укук коргоочулар июнь калабасына байланыштуу Бириккен улуттар уюмунун мандатынын алдындагы эл аралык комиссия түзүлүшүн, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун атайын комиссиясынын келишин айтып чыгышкан. Укук коргоочу С. Багышбеков бирок бул иштер аткарылбаганын, азыркы эл аралык көз карандысыз комиссиянын мандаты түшүнүксүз экенин айтып, бирок алар менен иштешип жатканын кошумчалады:

- Азыркы эл аралык көз карандысыз комиссияга деле өзүбүздүн маалыматыбызды берип жатабыз. Эми алар кандай иштерин, кандай чечим чыгарарын көрөбүз. Анткени бир тараптан башка, экинчи тараптан таптакыр башка маалымат берилип жатат. Бул учурда салмакташтырылган объективдүү чечим чыгаруу негизи кыйын, бирок мүмкүнчүлүк бар.

Улуттук комиссиянын мүчөсү Орозбек Молдалиев тыянак чыга электе эле анын адилеттүүлүгүнөн күмөн санап жаткандарды айыптап, комиссия өз көздөгөн максаттарына жетет деген ишенимде:
Орозбек Молдалиев

- Кээ бирөөлөрү Улуттук комиссия менен укук коргоо органдарынын иштерин алмаштырып алып туура эмес түшүнүп аткандары да бар, атайлап “булар туура эмес жыйынтык чыгарат” деп аткандар да бар. Албетте коомдогу баардык уюмдардын көңүлүнө жаккан жыйынтыкты эч убакта эч бир комиссия чыгарып бербейт. Бирок комиссиянын алдына коюлган максаттары бар. Ал сот эмес, эч кимди жазага тартып өкүм чыгарбайт. Өзүнүн саясий баасын берет.

Ар кайсы улуттан 30га жакын мүчөсү бар Улуттук комиссия негизи ишин 15-сентябрга чейин жыйынтыктамак эле. Бирок кандуу окуя, андагы чагымчыл күчтөрдүн аракеттери көп убакыт талап кылды. Комиссия түзүлгөндө эле максаты этникалык кагылышууга алып келген окуянын себебин иликтеп, ага баа берүү жана мындай окуялардын кайталанбашы үчүн кандай чаралар керектигин аныктоо экенин билдирген.

Ал арада июнь окуялары боюнча айыпталып кармалгандарга сот өкүмдөрү чыга баштады. Расмий маалымат боюнча, Ошто жалпысынан 143 адамдын үстүнөн 80 кылмыш иши козголгон. Алардын баары сотко жетип, теңинен көбүнө өкүм чыкты. Учурда 30 иш боюнча соттук териштирүү уланууда. Жалал-Абатта 113 кишинин үстүнөн 27 кылмыш иши ачылган, аларды 12си боюнча сот өкүмүн угузду. Жазалардын катаңдыгы өз кезегинде айыпталуучулардын, айрым жергиликтүү жана эл аралык уюмдардын сынына кабылууда.

XS
SM
MD
LG