Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:38

Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчиси, президенттин бир тууган иниси Жаныш Бакиев “Арстан” аттуу өзгөчө аскердик бөлүк түздү. “Арстандын” негизги максаты - өлкөнүн жогорку жетекчилерин аскердик коргоого алуу болмокчу.

Президент Курманбек Бакиев сунуштап аткан баш мыйзамдын жаңы редакциясында эки миңдей кызматкери бар Улуттук гвардия жоюлуп, анын милдеттери президенттин иниси башкарган Мамлекеттик күзөт кызматына жүктөлүүдө.

Эми Жаныш Бакиев жетектеген ошол күзөт кызматы “Арстан” аттуу элиталык бөлүк түзүп, аскерлерин Улуттук гвардиянын “Пантера” аттуу мурдагы өзгөчө аскер бөлүгүнүн машыгуу базасында даярдамакчы. “Сый-урматым сага – Кыргызстан!” (Честь имею – Кыргызстан!) журналы жазганга караганда, “Арстан” ошондой эле башкы командачынын кеңири тапшырмаларын да аткармакчы.

Ошентип президенттен башка эч кимге баш ийбеген Мамлекеттик күзөт кызматы өзүнчө эле ири куралдуу күчкө айланып барат.
Т.Акеров

Саясат талдоочу Табылды Акеровдун айтымында, негизи өзгөчө аскердик бөлүктөрү Улуттук коопсуздук кызматы, Коргоо министрлиги, Ички иштер министрлиги сыяктуу күч органдарынын алдында түзүлүшү керек эле. Ал эми Кыргызстанда президенттин иниси башкарган Мамлекеттик күзөт кызматынын күчтөндүрүлүп атканы, бийликтин 2005-жылдагыдай окуя болуп кетишинен чочулагандыктан улам болууда:

- Абал өтө курчуп кетсе генералдар өтө чечүүчү ролдорду ойноп калат. Бүт командачылык генералдарды гана угуп калат. Эгер генералдар “аскерлерди элге же бирөөлөргө каршы чыгарбагыла” деп өз-ара сүйлөшүп алышса, андай курчуп кеткен жагдайларда ак үй коргоосуз калышы мүмкүн. Ошондуктан атайын күчтөрдү бардыгын бир адамдын, ишенимдүү адамдын колуна топтоп аткан болуулары мүмкүн.

Жогорку Кеңештин депутаты, “Ак жол” фракциясынын мүчөсү Бейшенбек Абдрасаковдун пикиринде, 2005-жылы 24-мартта Ички иштер министрлиги менен мамлекеттик маанилүү жайларды кайтарып келген Улуттук гвардия өзүнүн алсыздыгын көрсөткөн. Андыктан Мамлекеттик күзөт кызматынын чыңалып атканы, анда атайын аскердик бөлүктүн пайда болуусу туура көрүнүш:
Б.Абдрасаков

- Ар бир мамлекет өзүн сакташ үчүн күчтүү болушу керек. Жалгыз эле Ички иштер кызматын, Улуттук коопсуздук кызматын, Улуттук гвардияны эмес, бул жагын да карашы керек. Чет өлкөнү мындай коюп, өзүбүздөгү мисалдарга эле келелик. Мына, 2005-жылдын 24-мартында эмнелер гана болуп кетти... Ал дагы биздин Улуттук гвардиянын, Ички иштер министрлигинин жана коопсуздуктун начарлыгынан болду. Ошолордун бардыгы биздин ошондогу мамлекетибизди сактай албай калды. Ошол себептүү күзөт кызматын күчөтсөк туура эле болот болушу керек.

Президенттин Катчылыгынын кызматкерлери болсо “Арстан” аттуу жогорудагыдай элиталык аскердик бөлүктүн пайда болушу тууралуу маалыматтары жоктугун, күзөт кызматы аларга такыр маалымат бербеген өзгөчө орган экенин айтууда.

Белгилүү саясий серепчи Орозбек Молдалиевдин айтымында, Борбор Азияда эң эле жан сакчылары көп, абдан катуу кайтарылган президент – бул Өзбекстандын президенти Ислам Каримов. Бирок кийинки кездери Кыргызстандын президенти да коопсуздугуна көп көңүл бөлүп атканы байкалууда.

Ошондой эле талдоочунун пикиринде, соңку кездери өлкөдө биринчи ишти жазап алып, андан кийин гана аны мыйзамга тууралап коюу көрүнүшү пайда болду. “Арстан” аскер бөлүгү да ошого окшойт:
О.Молдалиев

- Негизи бардык демократиялык мамлекеттерде коргонуу жана коопсуздук тармагын парламент көзөмөлдөйт. Бюджет ж.б. аркылуу аларды тескеп, “ушунча акча короткондун кереги барбы, дегеле жаңы нерселердин зарылчылыгы канча” деп аныкташат. Бул өзүнчө эле илим. Ар ким эле өзүнчө аныктап, түзө берсе анда ушундай мыйзам ченемдүү суроолор пайда болот. Элге да түшүнүксүз болуп калат. Эми мындай аскердик бөлүктөрдүн түзүлүшүн парламент деле бекитип бермек. Бирок аны кичине мыйзамдуу жолго салымыш болуп коюшса болмок.

Буга чейин айрым оппозиция өкүлдөрү Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчисинин кол алдында аракеттеги 700 чамалуу адамы бар экенин, Улуттук гвардия кошулганда 3000 чамалуу кишини башкарып каларын айтып келишкен. Бирок аталган жашыруун кызматтын чынында канча куралдуу кишиси бар экени, бюджети канча экени белгисиз.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG