Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:45

Кыргызстанда сөз эркиндиги жылдан-жылга коркунучтуу абалга капталууда. Журналисттердин көзүн тазалоо, уруп-сабап кетүү, коркутуп-үркүтүүлөр арбып баратат.

«Азаттыктын» кезектеги «бетме-бет» талкуусу сөз эркиндигинин учурдагы абалына арналат. Ага «Журналист» коомдук бирикмесинин координатору Мери Бекешова, «Агым» гезитинин мурдагы редактору Керим Айдаров, Улуттук телеканалдын кабарчысы Бурулай Пусурманкулова катышат.

- Улуттук басма сөз майрамы тушунда Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы жайында кеп кылуунун оңуту келип турат. Мына бул жерде эки кыздын ортосунда Керим мырза отурат, сөздү сизден баштайлы. Сөз эркиндигинин абалы кандай?

Керим Айдаров: - Мурдагыга караганда сөз эркиндиги кыйла аксап калды. Сын айтуу токтолуп баратат. Бизде басылмалардын саны жукарып, нускасы азайып, элге сиңимдүү боло албай жатат. Орус тилиндеги гезиттерден «Вечерка», кыргыз тилиндегилерден «Супер Инфонун» нускасы көп. Бирок бул гезит шоу багытындагы басылма. Саясий теманы козгогон гезиттер ашып барса 10 миң, болбосо 2 – 3 миң нуска менен чыгып жатышат. Сындоо, эркин жазуу кыйла азайып калды. Канча журналисттер токмок жеди, бир-экөө өлүп кетти, туурабы? Бул өкүнүчтүү.

- Кепти Бурулайга берейин. Сөз эркиндигинин Кыргызстандагы абалы тууралуу сиздин пикириңиз кандай? Чын эле мышык ыйларлыкпы?

Бурулай Пусурманкулова: - Жок, мен антип ойлобойм. Чет элдик эксперттердин пикирине да кошулбайм. Менин билишимче, бизде миңдей басма сөз каражаты бар. Алардын чыгышына эч ким тоскоолдук деле кылышкан жок. Баары эркин эле чыгып жатат. Нускасынын аз болушу, гезитти уюштуруу – менежмент жагынан аксап жатышынан болуп жаткан нерсе деп ойлойм. Менин журналистикада иштегениме 5 жылдай болуп калды. Мени цензуралаганды, чектөөнү жолуктура элекмин. Ар бир журналисттин өзүндө ички цензура болуш керек.

- Анда кепти Мериге берсек. Сөз эркиндигинин абалы кандай?

Мери Бекешова: - Сөз эркиндиги Кыргызстанда өтөле начар абалда. Сөз эркиндиги деп оюн-зоок маалыматтарды, көңүл ачуучу маалыматтарды айтпайбыз. Сөз эркиндиги экономикалык-саясий коррупциянын бетин ачкан, бийликтин жасаган-эткендерин сындай алган, факт негизинде аларды ашкерелөө сөз эркиндигинин белгилеринин бири. Ошондой мүмкүнчүлүк сөз эркиндигин көрсөтөт. Азыр бизде сөз эркиндиги ооздукталып баратат. Мындан бир жарым жыл мурун «Де Факто» гезити жакшы чыгып келаткан. Аны бардык жагынан тосмолоп отурушуп жабылууга мажбур кылышты. «Айат Пресс» жакшы чыгып келаттты эле. Анын да тагдыры башкача чечилип калды. Мыкты аналитикалык гезиттер азыр жокко эсе болуп калды. Майда-чүйдө саясий оюн-зоокко ыктаган басылмалар көбөйүп кетти окшойт. Ичинде толтура катасы менен чыгып аткан гезиттер көп.

- Керим мырза, бул жерде журналисттик кесиптин коопсуздугу, ички цензура жөнүндө кеп болду. Камтама кеп-сөздөрдүн айтылышына себеп барбы?

Керим Айдаров: - Чынында эле азыр биртоп журналисттердин абалы оор. Себеби жок бир журналистти токмоктоп же өлтүрүп кетишпейт. Антсе да анын себеп-жөнүн терең иликтеп чыгыш керек. Ансыз бир жактуу маалымат чыгып калат. Дагы, биз, журналисттер, маалыматты фактыга таянып берсек жакшы болмок. Журналисттин күнөөсү фактыга таянбай, бир адамга улам-улам асыла беришинде. Азыр журналисттер фактыны тактоого көбүрөөк көңүл буруп калышты. Анткен менен журналисттердин куугунтукка кабылышы алардын укуктук билиминин өксүктүгүнө же учурдагы абал башка нукка бурулуп баратканына байланыштуу болушу мүмкүн.

- Мери айым, биздеги көптөгөн журналисттер чет өлкөдө башпаанек алып жүрүшөт. Журналисттерге кысым токтолгон жок. Мына кечээ жакында эле Ошто журналист Кубаныч Жолдошевди катуу токмоктоп кетишти. Сөз эркиндигинин кысмакка алынышы Кыргызстанда көнүмүшкө айланып бараткан жокпу?

Мери Бекешова: - Кысмакка алуу көнүмүшкө айланып баратат. Курч, эркин жазган журналисттерди ушинтип теске салып коебуз деген тенденция күчөп бараткандай. Кубанычбек Жолдошевди уруп, экинчи жазбагын деп коркутуп анан эртеси эле бул кокустук деп айтыштын артында кандай кызыкчылык бар? Журналисттерди уруп-токмоктоп кетүүнү иликтеп келгенде эле «эмнеликтен кокустукту көтөрө чаап сөз эркиндигине байланыштыра бересиңер», деп бизге кине койгондор болот. Эмне, саясий темада жазган журналисттерди уруп кетишет да спорт, шоу-бизнес жөнүндө жазгандарга тийишпейт? Бул дагы бир нерсени билдирет болуш керек.

- Бурулай, Улуттук телерадиокорпорациянын журналисти Кайрат Биримкуловдун таяк жеп, чет өлкөдөн башпаанек сурап кетүүгө мажбур болгонун жакшы билесиз. Мындай фактылар көп, аны сиз деле билесиз, буга чек коюлабы?

Бурулай Пусурманкулова: - Буга качан чек коюларын эч ким айта албайт болуш керек. Журналисттер укуктарын жакшы билип, милдеттерин так аткарып, анан укуктарын коргоого аракет кылышы керек. Бул жерде саясий курч материалдарды жазган журналисттерди сабап кетишет, деп жатышпайбы. Менин билишимче, жөн жүргөн журналисттерди көчөдө баратканда уруп-тоноп кеткен учурлар көп эле болот. Алар болгону кайрылышпайт. Уялышат.

- Керим мырза, сиз жана журналисттер кесиптик максат-милдеттерин жакшы түшүнүшү керек деп айтып кеттиңиз. Мыйзам эреже-тартибин түшүнбөгөндөн журналисттер ушундай азаптарга кабылып жатат, деген ойду айттыңыз. Бийлик бир колдо топтолгон биздегидей чакта антип айтышка болобу?

Керим Айдаров: - Ар бир адам өзүнө жоопкер болушу керек. Анан бир шылтоону таап аны бирөөгө үйүп салбаш керек. Биз кандай мамлекет болсок да ар бир адам өнүгүп турушу керек. Журналист маалыматты тактап жазууга милдеткер. Анан биз сабаттуу жазышыбыз керек. Мына Мери айым айткандай, көп гезиттерде жөнөкөй эле сүйлөмдөрдө толтура ката. Биз жоопкерчиликти анчейин байкабай жатабыз. Бийлик бир адамга берилген деп күнөөнүн баарын ага үйө бербешибиз керек. Ар бир адам жасаган ишине, кылган милдетине жараша жообун алат. Журналисттердин бүгүн кысмакка алынып жатканын бир эле жакка буруп салганыбыз туура эмес деп ойлойм. Окуянын себеби бар. Журналисттер өз шартыбызды оңдоого өзүбүз киришүүбүз зарыл. Журналист турмуштагы болгон бардык нерсени чагылдырат. Өзүбүзгө өзүбүз күйүшүбүз керек.

- Мери айым, бул жерде журналисттик сөздүн жоопкерчилиги жөнүндө кеп болуп жатат. Бирок эмнеликтен журналист өзүнүн сөзү үчүн өмүрү, ден соолугу менен жооп бериши керек? Бул тенденция көбөйүп бараткан жокпу?

Мери Бекешова: - Быйыл 7 ирет журналистке кол салуу фактылары катталды. Мына быйыл жазда Сыргак Абдылдаевди аябай катуу сабап кетишти. Алмаз Ташиев таяктан оңоло албай курман болду. Кубанычбек Жолдошев өз кесибинин айынан жапа чегип олтурат. Мындай ачык фактылар быйыл аябай көп болуп баратат. Журналисттик кесип өзү кооптуу иш, бүт дүйнөдө ошондой. Журналист элдин кызыкчылыгына каршы болуп жаткан нерселерди, элдин баамынын сыртында калып бараткан проблемаларды казып чыгат. Журналисттин иши аркылуу эл көп нерселерди билет.

- Бурулайдын пикирин угалы. Журналисттик сөздүн жоопкерчилиги кандай болушу керек?

Бурулай Пусурманкулова: - Менимче деле ошондой, элге маалымат жеткирип берип турушу керек. Анын эмгеги ошону менен бааланат.

- Анда ушуну менен талкуубузду жыйынтыктасак. Урматтуу кесиптештер, майрамыңыздар кут болсун! Сиздерге ийгилик!
XS
SM
MD
LG