Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:33

Раатбек Санатбаевдин элесине арналган эл аралык мелдеш жыйынтыкталды


Жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылууда
Жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылууда

Бишкекте бүгүн грек-рим күрөшү боюнча Азиянын эки жолку чемпиону, маркум Раатбек Санатбаевди эскерүүгө арналган эл аралык мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды. Анда Борбор Азиянын жүздөн ашуун балбаны күч сынашты.

Азиянын эки жолку чемпиону, дүйнө биринчилигинин коло байге ээси, кыргыз спортуна эмгек сиңирген чебер Раатбек Санатбаевди эскерүүгө арналган эл аралык мелдеш экинчи ирет өткөрүлүп жатса дагы ага 5 өлкөдөн балбандар келишти.

60 кг. салмакта жаштар арасында Азия чемпиону, казакстандык Элдар Кайратов жеңиштин бийик сересине көтөрүлдү. Экинчи орунду кыргызстандык Азиз Бейшалиев ээледи.

Ал эми 74 кг. салмакта Өзбекстандын көп жолку чемпиону Азиз Мурадов килем үстүндө күрөшкө чыгып, баардык аттандаштарын жеңип, баш байгенин ээси болду. Ал финалда кыргызстандык балбан Үсөн Жээналиевди утуп алды.

96 кг. салмакта баш байге үчүн бел кур боюнча дүйнө чемпиондору, кыргызстандык Азат Эркинбаев менен Курал Ордобаев күч сынашып, натыйжада Азат женип, алтын медаль тагынды.

"Раатбек Санатбаев агабыз бардык балбандарга үлгү эле, анын жеңиштерин биз улантабыз”, - деп эскерет Азат Эркинбаев.

Байгелүү орундарга жеткен балбандардын баары акчалай жана баалуу сыйлыктар менен сыйланды.

Белгилүү балбан Раатбек 1969- жылы 7-майда Жалал-Абат шаарында туулган. Бабалары «Каман алп» аталып, балбандыгы менен даңазаланган. Раатбек Бишкектеги олимпиадалык резерв окуу жайынан, кыргыз дене тарбия институтунан жана Кыргыз-Славян университетинен билим алган.

Спорт менен 20 жылдан ашуун убакыт машыгып, Кыргызстанды дүйнөгө, Азияга тааныткан. Грек-рим күрөшү боюнча Азиянын эки жолку чемпиону болуп, Азия оюндарында эки ирет күмүш байге уткан. Ошондой эле Азия чемпионатында төрт жолу байгелүү орундарга жеткен. Кыргызстандын көп жолку чемпиону аталып, 7 жолу жылдын мыкты балбаны катары сыйланган.

Дүйнө чемпионатында коло байгелүү болуп, Атланта жана Сидней олимпиадаларында өлкөнүн намысын коргогон. 12 ирет эл аралык Гран-при мелдештеринде жеңишке жетишкен. Спорттогу ийгиликтери «Даңк» медалы, Улуттук олимпиада комитетинин ордени менен бааланган.

Раатбек Санатбаев Казакстандын «Кайсар» медалы менен дагы сыйланган. Чоң спорттон кеткенден бери өлкөнүн олимпиадалык даярдоо борборунун директорунун орун басары болуу менен бирге ишкерчилик кылып, Орто-Сай базарында дүкөн ачып, Асанбай кичи районуна бараткан жол жээгинде ресторан куруп, курулуш иштери менен дагы алектенген.

Маркум Раатбек Санатбаевдин эки уулу: Бексултан жана Даулет дагы учурда грек-рим күрөшү менен машыгып жатышат.

Өлкөнүн олимпиадалык даярдоо борборунун директору Касымкул Оболбеков маркум Раатбек Санатбаев кыргызстандык балбандарга үлгү болуп келгенин айтып, "аны эскерүү эл аралык мелдеши ар жыл сайын өткөрүлүп турат. Жаш балбандар сындан өттү. Лондон олимпиадасына талапкер болчу жаш балбандар бар экенин аныкталды", - дейт.

Эл аралык экинчи мелдешке 5 өлкөнүн жүздөн ашуун балбаны катышты.

  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG