Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:54

Дүйнөлүк мелдеште кыргызстандык балбандар 9 медаль утту


Батыш Африканын Того өлкөсүндө өткөн бел кур күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбандар 4 алтын, 3 күмүш жана 2 коло медаль утуп, жалпы командалык эсепте экинчи орунду ээледи.

Африканын Того өлкөсүнүн Ломе шаарында өткөн бел кур күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында 43 мамлекеттин балбандары күч сынашты. Каражаттын тартыштыгына, жолдун алыстыгына байланыштуу Кыргызстандан дүйнөлүк таймашууга тандалган 11 балбан катышып, ийгилик менен келишти.

Дүйнө чемпионатынын күмүш байге ээси жалалабаттык Нурбек Акановдун айтымында Африкадагы күндүн ысыгына байланыштуу күрөш кум үстүндө өткөрүлдү.

-Кум үстүндө күрөшү кыйын экен. Мындайга көнбөгөндүк кылдык. Атаандаштар дагы күчтүү балбандар болду. Айрыкча соңку жылдары биздин түштүк аймактын балбандары өздөрүн көрсөтүп, бул күрөш боюнча таанылууга, мөрөй алууга чоң мүмкүнчүлүк түзүлуп турат. Айылдагы күрөшкө шыктуу балдарга шарт түзүп берүү зарыл.

Кыргызстандык балбандар дүйнөгө таанылып, жалпы командалык эсепте Орусиядан кийинки экинчи орунду ээледи.Үчүнчү орунду украиналыктар алышты.

Бел кур менен күрөшү эки ыкмада - классикалык жана эркин ыкмада өткөрүлүп жүрөт. Айырмасы классикалык ыкмада бут менен чалууга болбойт. Эркин ыкмасында бут менен чалып, жыгууга да уруксат берилген.

Африкадагы бел кур күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында эркин ыкмада 81кг салмакта кыргызстандык Асылбек Бөдөшев бардык атаандаштарын жеңип, дүйнө чемпиону аталып, алтын медаль тагынды.

Ошондой эле эркин ыкмадагы таймашуулардын оор салмагында баш байгени уткан 39 жаштагы Ниязбек Курманкуловдун жеңишинин урматына кыргыз туусу обого көтөрүлүп, кыргыз гимни жаңырды.

Бел кур күрөшүнүн эркин ыкмасында кыргызстандык Нурбек Аканов менен Яна Панова финалга чейин жетип, дүйнө чемпионатынын күмүш байгесин олжолоп келишти.

Ошондой эле нарындык устат Бакытбек Чороевдин шакирти Элзат Сарыгул кызы Африкадан дүйнө чемпионатынын коло медалын тагынып келди.

Баш байгенин ээси Куралбек Ордобаевдин баамында, айылда таланттуу балбандар арбын, аларга машыгууга шарт түзүп берүү зарыл.

Ошондой эле Того өлкөсүндөгү бел кур күрөшүнүн дүйнө чемпионатынын классикалык ыкмасында 90 кг. салмакта кыргызстандык Курал Ордобаев былтыркы чемпиондук наамын сактап, дүйнөнүн эки жолку чемпиону аталды. Кыргызстандын намысын Азия, дүйнө чемпионаттарында грек-рим күрөшүнөн коргоп, мөрөй алып жүргөн Азат Эркинбаев 100 кг салмакта күрөшүп, дүйнө чемпиону аталып, алтын медаль тагынып, жеңиштин бийик сересине көтөрүлдү.

Ал эми 73 кг салмакта кыргызстандык Темирлан Салават уулу Африкада өткөн дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынып келди. Ошондой эле бишкектик Виктор Косарев коло байгелүү болду.

Өлкөнүн Бел кур күрөш федерациясынын президенти Валерий Фуфачевдун айтымында Африканын Того мамлекетиндеги бел кур күрөш дүйнөнүн жетинчи чемпионатында Кыргызстан командалык эсепте экинчи орунду ээледи.

-Кыргызстан мамлекети жалпы командалык эсепте Орусиядан кийинки экинчи орунду ээлеп, дүйнөгө даңаза болуп келди. Африкада күн ысык болуп, дүйнө чемпионатынын таймашуулары кум үстүндө өткөрүлгөндүктөн айрым балбандар көнбөгөндүк кылышты. Бул бел кур күрөшү келечекте Эл аралык күрөш федерациясынын демилгеси менен олимпиадалык оюндардын программасына да кирип калышы мүмкүн.

Эмдиги жылы бел кур боюнча дүйнө чемпионаты Өзбекстандын борбору Ташкентте өткөрүлмөк болду.

Бул бел кур күрөшү менен дүйнө элдеринин көбү машыккандыктан, айрыкча Азия калкына жайылганы эске алынып 2010-жылы Кытайдын Гуанжоу шаарында өтө турган 16-Азия оюндарынын тизмесине киргизилгени турат.

  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG