Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:20

Евгений Ваккер коло медаль жеңди


Евгений Ваккер
Евгений Ваккер

Кыргызстандык велоспортчу Азия биринчилигинин веложарыш мелдешинде 42 км. аралыкты 51 мин. 41 секундада басып өтүп, үчүнчү орунга татыды

Андан алдынкы тепкичке казакстандык Александр Винокуров менен Андрей Мизуров татыды. Бул мелдештин фовариттеринин бири аталып келген Доха Азия оюндарынын алтын медаль ээси, кытайлык Сонг Баочингдин төртүнчү орунга татыгандыгы баардыгы үчүн күтүүсүздүктү жаратты. Бул жеке веложарыш мелдешине жыйырма үч өлкөдөн отуз алты спортчу катышып чемпиондук наам үчүн мөөрөй талашты.

Ушул эле Азия чемпионатынын велотрек мелдешинде Ваккер алтынчы орунга татыктуу болду. Ал бул мелдештин коло медаль ээси аталган тайвандык спортчуга үч секунда убакытка жеңилип калган. Бул 4 чакырым аралыкта чемпиондук наамга кытайлык Ли Вей татыса, күмүш медалды өзбекстандык Владимир Туйчиев утуп алган.

«Ваккердин коло медалы – эң жакшы көрсөткүч. Келерки жылы өтө турган Азия чемпионатында бул медаль алтынга айланыш үчүн эмгектенүү гана керек. Бизди бир айдан кийин дүйнө чемпионаты күтөт, биз жакшылап даярдануубуз зарыл”, - деди машыктыруучусу Эркен Акрамов.

Каныбек Сагынбаевдин Грозныйдагы ийгилиги

Бильярдчы Каныбек Сагынбаев эл аралык турнирде күмүш медаль жеңип алды. Чеченстандын Грозный шаарында өткөн Ахмед Кадыровдун элесине арналган турнирге Орусия, Украина, Грузия, Литва, Армения жана Кыргызстандан он алты спортчу катышты. Натыйжада Белорус спортчусу Евгений Курта чемпиондук наамга татып 450 миң рубль менен сыйланса, экинчи орунга жеткен Каныбек Сагынбаев 225 миң рубль акчалай байгенин ээси болду. Ал эми коло медалдын ээсине 115 миң рубль ыйгарылды.

Кыргызстандык теннисчи “Чоң шлем” мелдешинде күч сынашат

Чоң тенис боюнча Кыргызстандын алдынкы спортчусу Ксения Палкина АКШнын Нью-Йорк шаарында өткөнү турган US-Open турнирине катышат. Машыктыруучусу Марина Палкинанын айтымында, мелдешке дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнөн 128 теннисчи катышат. Ксения Палкина буга чейин Бахарада жана Астанада өткөн эл аралык турнирлерге катышты. Эми ал АКШдагы турнирден кийин Кытайда, Жапонияда, Орусияда жана Өзбекстанда өткөн турнирлерге катышып өлкө намысын коргойт. Жыл башында Ксения дүйнөлүк рейтингде 199-орунда турган болсо, учурда ал тизмектин 171-орунунун ээлеп турат.

Көк-Бөрү
Көк-Бөрү боюнча КР президенттин кубогуна Кыргызстандын улакчылары менен катар Алтайдын, Өзбекстандын жана Тажикстандын ат оюнчуларынын катышышы күтүлүүдө. Мелдеште Бишкектин “Бөрүлү”, Нарындын “Дордой” жана башка областтардан түзүлгөн курама топтордун катышышы күтүлүүдө. Негизинен мелдеш беш күнгө созулуп, “Ак-Кула” ат майданында таймаштар өткөнү турат.
“Көк-Бөрү” федерациясынын өкүлү Табылды Асыгалиев мелдешке 10 команданын катышышы күтүлүүдө дейт:

- Бул турнирге Кыргызстандын баардык областтарынан командалар катышат. Ошондой эле Орусиянын Алтай республикасынан жана Өзбекстан, Тажикстандан спортчулары келишет. Бүгүн Алтайдын спортчулары келди. Эми 25-августтан тарта башка аймактагы курамалар келип, чүчү кулак кармап, 10 команда таймашка чыгышат.

Спорт жаңылыктарынан бир шиңгил анонс:

  • 25-30-августта Кожомкул атындагы спорт сарайында уландар арасында баскетбол боюнча Эл аралык турнир болот. Мелдешке Орусия, Казакстан жана Кыргызстандын спортчулары катышат.
  • 26-30-августта Теннис Академиясынын кортунда Бишкек шаарынын мэринин кубогуна арналган мелдеш өтөт.
  • 29-31-августа республикалык шахмат клубунда, шахмат боюнча өлкө биринчилиги болот.
  • 31-августа Эгемендик күнүнө арналган спорттук иш-чаралар өтөт. Шаардын борбордук бөлүгүндө стол тенниси, армреслинг, шахмат боюнча биринчиликтер өтсө, “Ак-Кула” ат майданында ат оюндары боюнча мелдештер болот.

XS
SM
MD
LG