Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:00

Кыргыз спорту эгемен жылдары телчиге алдыбы?


Былтыр Бейжиндеги Олимп оюндарында кыргыз туусу эки ирээт желбиреген
Былтыр Бейжиндеги Олимп оюндарында кыргыз туусу эки ирээт желбиреген

Кыргызстандын он сегиз жылдык эгемен тарыхында спорт тармагында ири ийгиликтер да, кемчиликтер да болду.

Кыргызстан эгемендүүлүкө ээ болгондон берки спорттогу эң чоң ийгилиги 2008-жылы өткөн Бээжин Олимпиадасына таандык. Анда грек-рим күрөшүнүн балбандары Канат Бегалиев алтын, Руслан Түмөнбаев коло медаль жеңип кыргыз спортун бир нече тепкичке көтөрүүгө жетишкен. Бул оюндарга катышкан 205 өлкөнүн ичинен Кыргызстан 67 орунга татыктуу болду.

“Бээжин оюндарындагы ийгилигим менен келечек муунга жол ачтым”,- дейт чемпион Бегалиев.

- Олимпиадада күмүш медалдын ээси болгонумдун себеби көбүрөөк эмгектенсем керек. Мага медаль тапшырылып, өлкө желеги желбирегенде ак эмгегим акталды деген ой келди. Экинчиден бул жетишкендигим менен жаш спортчуларга ийгиликке карай жол ачып бердим окшойт.


Кыргыз спортчуларынын Олимпиада оюндарындагы ийгиликтери 1980-жылы өткөн Москва олимпиадасына таандык. Анда Каныбек Осмоналиев, Татьяна Колпокова, Александр Мелентьев, Сатымкул Жуманазаров, Александр Блинов эң алдынкы көрсөткүчкө жетип бирлери чемпион аталышса, экинчилери күмүш жана коло медалдарга ээ болушкан. Ал ортодо 20 жылдык тыныгуудан кийин 2000-жылы Сидней Олимпиадасында дзюдочу Айдын Смагулов коло медаль жеңсе, боксчу Алмаз Раимкулов төртүнчү орунга ээ болгон.

Кыргызстан эгемендүүлүкө ээ болгон 18 жыл ичинде өлкө спортчулары дүйнөлүк деңгээлдеги ири мелдештерге катышууга жетишти. Алсак Азия оюндарында, Азия биринчиликтеринде Кыргызстандын ийгилиги ортоңку деңгээлде бааланып турду. Ал эми дүйнө чемпионаттарында спортчулардын жетишкендиктери саналуу гана. Спорттун башка түрлөрүн айтпасак дагы өлкөдө эң жакшы өнүккөн күрөш спортунун чеберлери дүйнө чемпиону наамына 18 жылдан бери жете албай келишет.

Союз кезинде ар бир мектепте орун алган спорт ийримдери дээрлик унутулуп калган. Бирок кээ бир жерлерде спорт менен машыккан жаштар бар, андай мисаалдар азыр өлкөдө саналуу гана. Ал эми талкаланып, каралбай же курулушу аяктабай калган спорт залдардын саны канча экени белгисиз.

Азыркы маалда элет жергесинде спорт борборлордун жоктугу дени сак жаштардын өсүп чыгышына жолтоо болууда. Мүмкүн ошондуктан спорт агенттиги тарабынан буга чейин кабыл алынган “Улут саламаттыгы” программасы, дене тарбия жана спортту өнүктүрүү боюнча консепциясы өз максаттарына жетпей калгандыр. Бүгүнкү өспүрүмдөр эртеңки күнү өлкө намысын коргошот. Бирок спорт имараттарынын абалы жакшырбаса келечекте мыкты спортчулардын чыгышы күмөн иш.


Эгемендүүлүк жылдары жаш спортчуларды өстүрүүгө көңүл бурулбай калгандыгы машыктыруучу Бообек Кадыркуловду түйшөлтүп келет:

- Негизинен биз жаш өспүрүм балдарды тарбиялашыбыз керек. Кийинки учурларда айыл жергесинде, райондордо спорт мектептеринин саны азайып кетти. Азыр Бишкек, Ош жана Кант шаарларында гана спорт борборлор сакталып, азыр акырындан жанданып, иштеп баштады. Ошондуктан биз спортту көтөрүүнү айыл жергесинен башташыбыз керек. Совет доорунда бүт республиканы кыдырып жаш балдарды спорт интернатына кабыл алчубуз. Мына ушул маселе азыр арткы орунга калып калды.


Кыргызстан эгемендүүлүкө ээ болгон жылдары волейбол, баскетбол, гандбол, кышкы спорт түрлөрүндө өнүгүү деле байкалбайт. Теннис, шахмат, ок атуу, футбол, сууда сүзүү түрлөрүнөн ийгиликтер бирин-экин жаралганы менен чоң жетишкендиктер жокко эсе.

Эгемендүүлүк жылдарында эл аралык деңгээлдеги ийгиликтер күрөш, оор атлетика, бокс жана велеспортунан гана байкалып жаткансыйт. Ошол эле маалда улуттук оюндар жаатында “Көк бөрү” спорту өнүгүү жолуна түшкөнсүйт.

Учурда спорт тармагын каржылоо маселеси 2005-жылга салыштырмалуу үч эсеге өскөн. Ошол эле маалда 170 спортчу 1000-25000 сомго чейин стипендия алышууда.

Акыркы жылдардагы ийгиликтер кыргыз спортун жаңы бийиктике чыгарды, дейт дене тарбия жана спорт боюнча агенттиктин жетекчисинин орун басары Алмаз Касенов "Азаттыкка":

- 18 жылдан бери бир нече олимпиадага катышты. Биздин жигиттерибиз бир дагы алтын медаль алган эмес эле. Өткөн жылы эки жигитибиз тең Бээжинден медаль жеңип келишти. Андан сырткары дүйнөнүн, Азиянын биринчиликтеринде дагы биздин спортчулар медалсыз кайтышкан жок. Бул ийгиликтерибиз менен биз дүйнөлүк спортто өзүбүздүн деңгээлибизди сактап калдык.
XS
SM
MD
LG