Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:10

Кыргыз спортчусу Түштүк Кореяны багындырды


Кыргыз спортчулары 1993-жылдан бери таэквондо менен машыгып келишет.
Кыргыз спортчулары 1993-жылдан бери таэквондо менен машыгып келишет.

Түштүк Кореянын Инцон шаарында өткөн таэквандо боюнча бешинчи ачык чемпионатка 60 мамлекеттен 200дөн ашык спортчулар катышты.

Түштүк Кореянын ачык чемпионатында Кыргызстандын намысын коргогон Дмитрий Ли атаандаштарынын баарын жеңип, чемпион наамынын ээси болду.

- Мен 15 жаштамын, алты жылдан бери таэквандо менен машыгып келем. Бул мелдеште Сирия, Корея, Мексика өлкөлөрүнөн келген беш атаандашымды жеңип, чемпион болдум. Бул таймаштар оңой болгон жок. Келечекте Олимпиада чемпиону болсом деген максатым бар.

Бул чемпионатка бир нече жылдан бери катышып келе жаткан кыргыз спортчулары биринчи жолу алтын медалдын ээси болушту. Буга чейин 2007-жылы кыргыз таэквондочусу Элдияр Касманбетов коло медаль жеңүүгө жетишкен. Ошондой эле спорттун бул түрүнүн чебери Расул Абдураим Бээжин олимпиадасына жолдомо алып, дүйнөлүк деңгээлде Кыргызстандын намысын коргогон.

Кыргызстан курамасынын машыктыруучусу Ли Сын Гю өлкөнүн жаш спортчуларына чоң ишеним артып келет.

- Мен бул мелдешке төрт спортчу менен бардым. Алардын үчөө алгачкы таймаштарда эле жеңилип калышты. Бирок Дмитрий Ли эч артка чегинбей баардык атаандаштарын ута алды. Бул ачык чемпионаттагы ийгилик алдыда боло турган мелдештерге даярдык десем болот. Келээрки жылы Сингапурда жаштар арасында Олимпиада оюну болот, биз эмгектенип дагы ийгиликтерге жетсек деп турабыз, - дейт машыктыруучу Ли Сые Гю

Таэквандо WTF ассоциациясы Кыргызстанда өз ишмердүүлүгүн 1993-жылдан бери жүргүзүп келет. Учурда мыкты машыктыруучулар, калыстар жана таэквандо адистери бул спортту өркүндөтүү максатында эмгектенишүүдө. Алардын көпчүлүгү Түштүк Кореяга барып тажрыйба алмашып турушат.

Таэквандо ассоциациясынын жетекчилиги Кыргызстанда бул спорт өнүгүү жолунда деп эсептейт.

- Бул турнирдеги ийгилик биздин курама команда үчүн жакшы көрсөткүч. Алсак Казакстан, Орусия сыяктуу курамалар үчүн дагы бул мелдеште байгелүү орунга жетүү кыйын болду. Кореянын ачык чемпионатындагы бул медалыбыз, Казакстандын үч алтынына барабар десек болот. Себеби, биз Чүй жана Бишкек шаарында гана иштеп, 2 жарым миң баланы машыктырып жатабыз. Ал эми Казакстанда таэквандо спорту менен 13 областан 100 миңден ашык спортчулар машыгат. Демек спортчуларды тандоо дагы оңой. Негизинен таэквандо филосифиясы жаштарга мыкты тарбия берүүгө жөндөмдүү, - дейт таэквандо WTF федерациясынын башчысы Канат Деркинбаев.

Кыргызстандын таэквандочулары жакынкы аралыкта бир нече ири мелдештерге катышат. Ал эми күз айларында алар Данияда өтө турган дүйнө чемпионатында өлкө намысын коргошмокчу.
XS
SM
MD
LG