Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:18

Неру Кубогунда Кыргызстан үчүнчү орунга татыды


Кыргызстан курамасы 2007-жылы Неру Кубогунда үчүнчү орунга татыган
Кыргызстан курамасы 2007-жылы Неру Кубогунда үчүнчү орунга татыган

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Индияда өткөн эл аралык мелдеште үчүнчу орунга жетүү менен бирге акчалай байгенин дагы ээси болду.

Чечүүчү оюнда өлкө оюнчулары Шри-Ланканын футболчуларын 4:1 эсебинде жеңип, упайлардын эсебинде беш команданын ичинен үчүнчү орунга татыды. Бул оюнга чейин кыргыз спортчулары Сирияга 2:0, Индияга 2:1 эсебинде жеңилип, Ливан командасы менен 1:1 эсебинде тең чыккан.

Натыйжада Неру турниринин чемпиону болуп Сирия командасын жеңип алган Индия курамасы аталды. Былтыркы жылы дагы Кыргызстан футболчулары бул мелдеште үчүнчү орунга ээ болушкан.

Азамат Байматов Еврокубокто ойнойт

Кыргызстандык футболчу Азамат Байматов еврокубокто оюн көрсөттү. Акыркы жарым жылдан бери “Винтспилс” командасында ойноп жүргөн Байматов чемпиондор лигасынын УЕФА Кубогунда коргоочу катары швейцариянын “Цюрих ” клубуна каршы беттешке чыкты. Бирок оюн 2:1 эсебинде аяктап, латвиялыктар жеңилүүгө учурады.

Азыркы маалда клуб Европа лигасынын группа ичиндеги мелдешине даярданууда. 19-жаштагы Азамат Байматовдун Винтспилстин негизги курамында пайда болушуна жетекчилигинин алмашкандыгы себеп. Жаңы дайындалган машыктыруучу Нунцио Дзаветтьери жаш футболчуларга мүмкүндүк берип аларды негизги курамга кошкон. Ал Азаматка чоң үмүт арткандыктан аны курама команда менен Индияда өткөн Неру кубагына жибербей койгон.

Евгений Ваккер Memorial Davide Fardelli мелдешине катышты

Италиянын Бергаммо шаарында өткөн турнирге 20 алдынкы велоспортчуну чакырышкан. Натыйжада 24 км аралыкты 30:46:21 убакытта тебип өткөн Ваккер 8-орунга татыды. Ал учурда бир нече эл аралык мелдештерге катышуу менен дүйнө биринчилигине даярдык көрүүдө.

Кыргыз боксчусу дүйнө чемпионатынын 1/8 финалга чыга алабы?

Италияда өтүп жаткан дүйнө биринчилигинде Кыргызстандык мушкер Асадулло Баймурадов экинчи айлампада түштүк кореялык Жун Йнг Манды 20:17 эсебинде жеңип үчүнчү бөлүкө жолдомо алды. Эми ал 1/8 финалга чыгыш үчүн кийинки атаандашы албаниялык Жетмир Кучини жениши абзел.

Учурда Баймурадов Кыргызстан курамасынан бул мелдештин үчүнчү айлампасына чыккан жалгыз спортчу. Буга чейинки экинчи айлампада мушкер Канат Сыдыкбеков Казакстандык, ал эми Рамазан Ащи Мароккалык спортчулардан чоң ажырым менен жеңилип калышкан. Мелдештин алгачкы сынагында болсо Кыргызстандын беш мушкери утулууга учураган. Бул дүйнө чемпионатына 113 өлкөдөн 700 чакты спортчулар катышууда.

Кыргызстандын Бокс федерациясынын башчысы Абдубакыт Халмурзаев Бул ирээт дүйнө биринчилиги курч мүнөздө өтүп, ар бир салмактан 64кө чейин мушкерлер күч сынашып жаткандыгын айтты.

- Алдыда биздин мушкерлерди Азия жана Олимпиада оюндары күтүүдө. Учурда боксчуларды тандоо иши аяктап калды. Биз ошондуктан бул биринчилике өзүбүз үмүт арткан жаш спортчуларды жибердик. Боксчуларды жакшы деңгээлде машыктырып, сапаттык жактан жакшыртуу иши менен алектенсек деп турабыз.

Сентябрь айына белгиленген спорт иш-чараларынан бир шиңгил:

  • 1-12-сентябрга чейин Кыргызстандын бокс боюнча курама командасы Италиянын Милан шаарында өтө турган дүйнө чемпионатына катышат.
  • 3-15-сентябрга чейин Кыргызстандын майып спортчулары Тайванда өтө турган XXI Олимпиядалык оюндарга катышат.
  • 4-12-сентябрда Чолпон-Ата шаарында “Азия-тынчтыктын жана кызматташтыктын аймагы” деген аталышта Эл аралык Ысык-Көл оюндары болуп өтөт. Мелдеш футбол, воллейбол, теннис жана башка спорт түрлөрүнөн болот.
  • 5-8-сентябрда Чолпон-Атада көк-бөрү боюнча Асанбека Кольбаевдин элесине арналган Эл аралык турнир өтөт.
  • 21-26-сентябрда Бишкек шаарында улуттук оюндар жана улуттук спорт түрлөрү боюнча Спартакиада болмокчу.
XS
SM
MD
LG