Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:00

Кол күрөш: 1 алтын, 2 коло байге


Италиядагы кол күрөш же армрестлинг боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандыктар 1 алтын, 2 коло медаль утуп алышты.

Италия өлкөсүндө өткөн кол күрөш боюнча дүйнөлүк таймашууга 45 мамлекеттин бир жарым миңден ашуун балбаны күч сынашты. Быйылкы Венециядагы дүйнө чемпионатында өлкөнүн намысын болгону 7 спортчу коргоп, ийгиликке жетишти.

60 кг салмактагы майып спортчулардын арасындагы кол күрөшү мелдешинде бишкектик Ирина Вертинская бардык атаандаштарын жеңип, дүйнө чемпиону аталып, алтын медаль тагынып, Кыргызстанды таанытып келди.

55 кг. салмактагы чоюн билек балбандардын таймашуусуна дүйнө чемпиондору, дүйнөлүк биринчиликтердин бир нече жолку жеңүүчүлөрү күч сынашып, нарындык Бактияр Кубанчыбеков спорт адистеринин көңүлүн бурду.

Ал сол колу менен таймашууда дүйнөнүн чемпиондорун жеңип, жарым финалга чейин жетти. Натыйжада Бактияр Кубанычбековго дүйнө чемпионатынын коло байгеси ыйгарылды.

Дүйнөлүк таймашууда мөрөй алган Бактиярдын устаты Кенжебек Абдрахмановдун айтымында, бул спорттун түрүнө тубаса күчтөн сырткары чапчаңдык, өжөрлүк жана шамдагайлык зарыл. Дүйнө чемпионатынын коло медаль ээси Бактияр Кубанычбеков ушундай сапаттарга ээ. Эми анын алдыдагы максаты - ноябрда Ташкентте өтө турган Азиянын биринчи Кубогунда баш байгени жеңип алуу.

Кыз-келиндер арасында бишкектик Ольга Ярославцева мурдагы жылы Болгарияда өткөн дүйнө чемпионатында оң жана сол колу менен кол күрөштө үчүнчү орунду ээлеп, эки коло медаль тагынып келген.

Кырктан ашкан Азия чемпиону Ольга Ярославцева быйыл Италиядагы дүйнөлүк таймашууда дагы 70 кг. салмактагы атаандаштарынан сол кол күч сынашуусунда коло байгени утуп алды.

Өлкөнүн кол күрөшү федерациясынын жетекчиси Жээнбек Мукамбетовдун айтымында, Италиядагы дүйнө чемпионатында кыргызстандык жети жигит командалык эсепте 21- орунга ээ болду.

Айрым өлкөлөрдүн командасынын курамы эки жүзгө жакын спортчу болгонун эске алсак, жети спортчунун аракети мактоого арзыйт. Ошондой эле айыл жергесиндеги тубаса күчтүү жигиттер бул спортко маани бербей, мелдештерге катышпай жүрүшөт.

-Каражат маселесинен кыйналгандыктан кыргыз спорт жетекчилерине Азия жана дүйнө чемпионаттарында байге алган спортчуларга мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлсө- дейт өлкөнүн кол күрөш федерациясынын президенти, Азия армрестлинг федерациясынын башкы катчысы Жээнбек Мукамбетов.

Армрестлинг спорту 1961- жылдан бери эл аралык деңгээлде таанылып, дүйнөлүк федерациясы уюшулуп, учурда ага 85 мамлекет мүчө. Бул спортту олимпиадалык оюндардын программасына киргизүүгө аракеттер дагы көрүлүүдө.

Кыргызстандын 3 спортчусу 2006-жылы Англияда өткөн дүйнө чемпионатына алгач ирет катышуу менен Александр Ли коло медаль тагынып, байгенин эсебин ачкан.

Былтыр Канаданын Ванкувер шаарында өткөн дүйнө чемпионатына Кыргызстандын командасы катышпай калган. Себеби Канада элчилиги кыргызстандык спортчуларга расмий чакыруу келсе дагы, виза ачып бербей коюшкан.
XS
SM
MD
LG