Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:36

Кыргыз спортчулар Өзбекстандан олжолуу кайтышты


19-октябрдан 26-октябрга чейин Австриянын Виллаче шаарында кик-бокс боюнча дүйнө биринчилиги өттү. Бул чемпионатта Кыргызстандын намысын Мирбек Сүйүмбаев, Уткур Худояров, Мирлан Ибраев, Сталбек Деркенбаев, Аллен Офойо, Кумар Жалиев аттуу спортчулар коргошту.

Буга чейин “Гермес-профинин” өкүлдөрү бир нече ирээт ийгиликке жетишип, чемпиондук кемерди тагынышкан болсо, бул жолу командадан бир гана Мирбек Сүйүмбаев коло медал жеңип алды.

Кикбокс сүйүүчүлөр арасында Дүйнө чемпиондугу 2 жылда бир болот. Быйыл дүйнөнүн биринчилигине 100гө жакын өлкөнүн спортчулары катышып, командалык 1-орунду Орусия, кийинки байгелүү орундарды Беларус менен Италиянын кикбоксчулары жеңип алышты.

Күрөш боюнча спортчулар Азия чемпионатынан эки алтын жеңишти

Өзбекстандын Ташкент шаарында төртүнчү бүткүл дүйнөлүк салттуу мушташ өнөрүнүн фестивалы өттү. Мелдешке бир нече өлкөлөрдүн спортчулары катышып, кыргыз балбандары Жанболат Осмонов жана Нурбек Хожабеков өз салмак категорияларында чемпион наамынын ээси болушту.

Бел-кур күрөшүнүн спортчулары 13 медал утуп алышты

Өзбекстанда өткөн төртүнчү бүткүл дүйнөлүк салттуу мушташ өнөрүнүн фестивалынын бел-кур күрөшү боюнча мелдешинде Кыргызстандан кыз-келиндер жана эркектер курамасынан 30 чакты спортчу күч сынашты. Натыйжада Улан Темирбеков менен Жанболот Осмонов алтын медалдын ээси болушту. Ошондой эле өлкө балбандары төрт күмүш жана төрт коло медал, ал эми аялдар курамасы үч коло медалдын ээси болушту. Мелдештин бул түрүнөн 39 өлкөдөн 230 спортчу күч сынашты.

Бишкекте Улуттук дзюдо федерациясынын президентинин Кубогуна арналган турнир жыйынтыкталды

Дзюдо боюнча мелдеш командалык жана жеке таймаш негизинде өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды. Командалык мелдеште “Strong”, Дене тарбия академиясы, Олимпиадага даярдоо окуу жайы, Орусия, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын бир-нече командасы күч сынашты. Натыйжада Казакстандын спортчулары биринчи, Өзбекстандын Чирчик шаарынын балбандары экинчи, “Кыргызстан-1” курамасы үчүнчү орундарды ээлешти. Ал эми жеке таймашта жети салмактан, Кыргызстандын эркектер жана аялдар командалары үч-үчтөн алтын медал жеңип алышты.

Дене тарбия жана спорт агентигинин жетекчисинин орун басары бул мелдештин өтүшү тууралуу “Азаттыкка” маек курду:

- Бул мелдеш биринчи жолу уюштурулду. Казакстан, Өзбекстан курамалары өздөрүнүн эң мыкты спортчуларын алып келишти. Алгач командалык негизде, андан соң жеке таймаш өңүтүндө күч сынашуулар болду. Жалпысынан аялдар командасынан үч, эркек курамасынан да үч балбан чемпион аталышты. Бул мелдеш өлкөбүздүн спортчулары үчүн пайдалуу болду. Себеби биздин балбандар чоң тажрыйба алып, каталыктарын оңдоп коңшу өлкөлөрдүн деңгээлине чыгуу аракетин көрүшөт деген ойдомун.

“Азаттык”: Азыркы маалда дзюдо күрөшүнө кандай көңүл бурулуп жатат?

- Өлкөбүздүн курама командасы графикте белгиленген мелдештердин баарына катышып келишти. Алар бир нече эл аралык турнирлерде, Азия чемпионатында жана дүйнө биринчилигинде күч сынашышты. Бир спортчубуз Азия чемпионатында коло медал жеңди. Бирок дүйнө биринчилигинде байгелүү орундарга жете алган жокпуз. Бул жагынан алганда көрсөткүчүбүз төмөн болуп калды. Азыркы маалда өсүп келе жаткан жаш балбандарыбыз көп, алар келечекте чоң ийгиликтерди жаратат деп ишенебиз.

Спорттук иш-чаралардан бир шиңгил жаңылыктар:

2-8-ноябрда Ч. Айтматов атындагы китепканада шахмат боюнча балдар арасында “Алтын күз” мелдеши өтөт.

5-8-ноябрда стол тениси боюнча Кыргызстандын чемпионаты болот.

7-8-ноябрда Свердлов райондук олимпиадага даярдоо мектебинде Шералы Сыдыковдун элесине арналган грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр арасында Эл аралык мелдеш өтмөкчү.

7-8-ноябрда Олимпиадага даярдык көрүү окуу жайында эркин күрөш боюнча Шераалы Сыдыковдун элесине арналган Эл аралык турнир болмокчу.

7-8-ноябрда «Maple Leaf» клубунда федерациянын байгесине арналган гольф боюнча Эл аралык мелдеш болот.

7-8 ноябрда «Старт» авто майданында унаа жарышы боюнча «Кыргызстан - Казакстан» ортосунда мелдеш өтөт .
XS
SM
MD
LG