Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:14

АКШ элчилиги кыргыз спортун өнүктүрүүгө жардам берет


Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчилиги өлкөдө баскетболду өнүктүрүү долбоорун улантууда.

АКШ элчисинин билим берүү жана маданият иштеринин кеңешчиси Майкл Розенталдын пикиринде, спорт бардык өлкөлөрдү бириктирип, тынчтыктын жарчысы, элчиси катары кызмат кылып келатат.

-Ошондуктан АКШ мыкты спортчуларын тажрыйба алмашуу үчүн “чеберлер классы” долбоору менен башка мамлекеттерге жиберип, чет өлкөлөрдөн дагы тандалган спорт чеберлерин чакырып турат. Ошондой эле АКШ чакан гранттар менен спорт тармагын өнүктүрүүгө салым кошуп келет. Ал түгүл биздин президент Барак Обама дагы спорттун чыныгы күйөрманы. Ал баскетболду абдан жакшы көргөндүктөн спорт, дене тарбиясынын өнүгүшүнө өзгөчө көңүл буруп жатат. Кыргызстанда дагы спортко болгон кызыгуу абдан жогорулап, бул тармакты өнүктүрүү аракеттери экендиги бизди дагы кубандырат. Айрыкча былтыркы Бээжин олимпиадасындагы балбандардын ийгиликтери Кыргызстанды дүйнөгө таанытты.

АКШ элчисинин билим берүү жана маданият иштеринин кеңешчиси Майкл Розенталь кыргыздын улуттук көк бөрү оюну америкалыктарды кызыктырып жатканын да айтып, америкалык кобвойлорду дагы чакыруу сунуштары болуп жатканын “Азаттыкка” билдирди.

-Биздин АКШнын элчилигинин демилгеси менен америкалык кобвой жигиттерин Кыргызстанга чакырып, алар дагы көк бөрү оюнунун көрүп, балким алар дагы ойноп калышаар. Ошондой эле ноябрдагы студенттик баскетбол мелдешине АКШдан бир таанымал баскетболчу мейман катары келмек болду. Ал баскетболчулар үчүн “Чеберлер классы” долбоору боюнча сабак өтүп, машыктыруучуларга дагы кеп-кеңешин бермекчи. Анын максаты жаштарды спортко тартуу, региондордо баскетбол оюнун өнүктүрүү. Биздин элчилик Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик менен биргеликте Кыргызстанда спортту өнүктүрүү жаатында каражат жагынан дагы жардам бергени турат, -дейт Майкл Розенталь.

Ошону менен бирге АКШнын элчилиги Кыргызстандагы жети мектепке баскетбол оюнунун жабдууларын алып берүү долбоорун ишке ашырууда. Алардын демилгеси менен баскетбол аянттарын курууга же баскетбол мамыларын орнотууга, жабдуулар менен камсыз кылып, бул оюнду өнүктүрүү долбоору колдоого алмакчы. Бул долбоордун алкагында баскетбол залдарын ремонттоо, сырдоо иштерине дагы кол кабыш кылмакчы.

Жакында эле Токмок шаарындагы №5 жана №12-мектептерине элчиликтин кызматкерлери барып, баскетбол жабдууларын тапшырып келишти.

Кыргызстандагы белгилүү спорт баяндамачылардын бири Канай Аламановдун пикиринде, өлкөдө америка футболуна жаштар кызыгып, Казакстан менен бирге мелдештер өткөрүлө баштады.

-Борбор Азиядагы Америка университетинин студенттеринин америка футбол командасын АКШ элчилиги дагы колдоого алууда. Алар Казакстан менен мөрөй талашып, чеберчилиги жогорулап баратат. АКШ элчилигин Кыргызстандагы 7 мектепте баскетбол оюнун өнүктүрүү долбоору да иштей баштады. Американын атуулу Девид Хенкок учурунда кыргызстандык балбандарга көп жардам берип, АКШда машыгууларды өткөрүп, Бишкекке америкалык балбандарды, баскетболчуларды алып келип, жолдоштук беттешүүлөрдү уюштурган. Ал түгүл Дэвид Хенкоктун жардамы менен Кыргызстандын командасы 1996-жылы Атланта олимпиадасына барган.

АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин имаратынын ичинде дагы баскетбол аянты курулган. Айрым учурларда элчиликтин кызматкерлери Бишкектеги баскетбол клубдарын мейманга чакырып, достук беттешүүлөрүн дагы өткөрүп турушат.

Мындан сырткары кичи футбол боюнча ар жекшемби сайын элчиликтин кызматкерлери арасында мелдештерди өткөрүү салтка айланган. АКШ элчилигин демилгеси менен Кыргызстандагы Германия, Түштүк Корея жана Жапон өлкөлөрүнүн элчиликтери менен футболдук мелдештер өткөрүлгөн.

Мындан сырткары АКШ элчилиги кичи футбол, кол күрөш, волейбол, үстөл тенниси боюнча да мелдештер өткөрүүнү алдыга максат кылып жатышканы айкын болду.

Себеби элчиликтин спорт тармагы боюнча кеңешчиси Майкл Розенталь өзү дагы спорт ышкыбозу. Ал бош убактысында Америка жана Европа футболу менен машыгып жүрөт. Мындан сырткары бейсбол, баскетбол да ойнойт.
XS
SM
MD
LG